Н.Кравцов: ЖЭБдеги авариянын себеби чынында аталган жок

Катуу суукта ЖЭБдин өзү тоңуп калган
Image caption Катуу суукта ЖЭБдин өзү тоңуп калган

Бишкек жылуулук борборундагы авария үчүн жазаланчу адамдардын тизмеси сунушталды. Биринчи вице премьер-министр Асарбек Шадиев баштаган комиссия териштирип бүтүп, шаардын жылуулуксуз калышына кадимки шалаакылык, кызматкерлердин туура эмес чечим кабыл алуусу себеп болгон деди. Ал тапта чириген тармакты оңдоо үчүн жылуулук баасын көтөрүүнү угуза башташты.

ЖЭБдеги аварияны териштирген ведомстволор аралык комиссия жетекчилерден “Электр станциялары” ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаевге, "Энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевге, орун басары Нурлан Садыковго, Өндүрүш, энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрага орун басары Азамат Оморовго сөгүш жарыялоону сунуштады.

ЖЭБдин башкы инженерин, анын орун басарын, ЖЭБдин өндүрүш боюнча директор орун басарын, станциянын смена башчысын, химиялык цехтин башчысын, анын орун басарын, ал цехтеги смена башчысын иштен алуу сунушталды.

Бир катарына сөгүш жарыялоо каралган.

Ал эми “Электр станциялары” ишканасынын директор орун басарын, техникалык директорун, гидротехникалык кызматынын башчысын, эксплуатация жана ремонт кызматынын башчысын кызматтан бошотуу каралды. Дагы бир катарларына сөгүш жарялоо сунушу берилди.

Муну эми премьер-министр карайт. Буга чейин бир гана ЖЭБдин директору кызматынан кеткен.

Комиссияга мүчө энергетиктер адистерди кызматтан албай, керектүү жерге которуш керек пикирин айтышты.

Комиссиянын "чекити"

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Биринчи вице премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган комиссия ишин жыйынтыктады

Комиссиянын төрагасы Аскарбек Шадиев ЖЭБдеги авария кадимки шалаакылык, кызматкерлердин туура эмес иш-аракетинен чыккан деди.

“Негизги себептердин бири үчүнчү энергия блокту кеч ишке киргизүү жана “Электр станцияларынын” жетекчилигинин күзгү-кышкы сезонго жетиштүү даярданбаганы. Болбосо Экотехинспекция сентябрда негизги цехти жылуулаш керек деген эскертүү берген. Анткени техникалык бузулуу негизги корпустагы от казандар бөлүмүндө температура түшүп кеткенден чыккан. Ал жерде ичке түтүкчөлөр тоңуп калган”, - деди Шадиев.

Комиссия чечиминде тазаланган суу жетишпей калганы да себептердин бири деп белгиленген. Ал эмнеге жетишпей калганы белгисиз.

Чиновниктердин айтымында, ЖЭБ азыр толук кандуу иштеп жатат. Экотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков жаңы бөлүк иштеп, эскилери оңдолуп жатканын кошумчалады Би-Би-Сиге.

Эксперттер көмүр менен иштеп, экологиялык зыяны чоң ЖЭБди олчойгон сумма менен жаңылоонун өзү туура эмес дешет.

Муратбеков бул бизге ушу тапта эң эле ылайык жылытуу түрү деп эсептейт:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бишкек ЖЭБдин жетекчилиги жылытуу борборундагы авария насостон болгонун айтты.

“Жаңы ЖЭБ 90 пайыз буу бөлүп чыгарат, анткени чыпкасы турат. Ал эми эски эки бөлүктө жок, бирок премьер-министр буйрук берди, кийинки жылга ал жака да чыпка коюлат. Бишкектеги түтүндүн 14 пайызы гана ЖЭБден чыгат”.

Маалымат каражаттарына кытайлык TBEA компаниясы Бишкектеги ЖЭБге Кытайдын жылытуу борборлорунун эски тетиткерин алып келип койгону жарыяланган. Канатбек Муратбеков бул туура эмес экенин, баарын текшерип алышканын тастыктады.

Комиссия акыркы жыйынын өткөрүп, соңку чечимдерин айтып жатканын баса белгиледи.

Ал тапта көз карандысыз эксперт делген ЖЭБдин жана бул тармакта мурда иштегендер да тарифти көтөрүү маселесин угуза кетишти.

Себептер жоюлдубу?

Пенсиядагы энергетик Николай Кравцов комиссиянын чечиминде авариянын себеби жок экенин, ал жоюлбаганын айтты. Ал мурдагы чакан жана ири ГЭСтердеги үч-төрт аварияны эстеп, эч биринин себеби жоюлган эмес деди.

Кравцов “Энергохолдингди”, Экотехинспекцияны жоюш керек, көзөмөлдөөчү органдар бири бирин кайталап, кабинеттен сырткары иш кылган жок деди. Айтымында, кабинетте отурган “Энергохолдингге” 2017-жылы “Электр станциялары” кызматташтык үчүн 18 млн сом берген.

“Ишкананын жетекчисине "бул акча эмне силерге ашыкча беле? ЖЭБди айнектеп, тазалап, ремонттогонго коротсо болбойт беле" десем унчукпайт. Мындай караганда акча бар дагы, жок дагы. Бул 18 миң сом эмес, 18 млн сом. Мындай акчага, Айбек Рыспекович, ЖЭБ өкмөттүн токтомунда жазылгандарга шайкеш келиш үчүн 42 кишиден турган сиздин командаңыз ошол жерде күнү-түнү жер казыш керек болчу”, - деди Кравцов жыйында.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүнө 386 млн доллар кредит акча коротулган

Энергетик авария учурунда резерв даяр болуш керек эле деди. Ал резервдеги жети казан кагазда гана көрсөтүлүп, керектүү учурда ишке киргизилбегенин белгиледи.

Комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде эл өкүлдөрү да ЖЭБге коротулган 386 млн доллардын дайынына тийишкен жок.

ЖЭБдин жаңыланган бөлүгү сөз жок зарыл, ал коллапстан куткарды деп бир ооздон айтып жатышат. Бирок баасына баа берүүгө азарынча эч ким даай элек.

19-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, аба -27 градуска чейин сууп жатканда шаардыктар жылуулуксуз калышкан. Ал дароо оңдолбой коомчулукта дүрбөлөң жараткан.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар