Энергетика тармагына эми кандай реформа керек?

Токтогул ГЭСинин реконструкциясы башталууда
Image caption Токтогул ГЭСинин реконструкциясы башталууда

Бишкек жылытуу электр борборундагы авария энергетикалык коопсуздук көйгөйүн күн тартибине чыгарды. Бирок сөздөн башка натыйжа көрүнө элек. Ведомстволор аралык комиссия катардагы адистерди кызматтан алуу сунушу менен чектелди. Ал эми парламент талкуулаган менен маселенин түйүнүн чече элек.

Ал тапта жарандык коомдун өкүлдөрү энергетика тармагын реформалаш керек дешүүдө.

Эксперттер тармакты бир катар ишканаларга бөлүү реформасы натыйжасыз болгонун айтышууда.

УКМКнын мурдагы төрагасы Марат Иманкулов энергетикалык секторду көчөдөн келгендер башкарууда деди:

“Шылуундарга, дилетанттарга бир гана энергетиканы эмес мамлекеттеги бардык жумушту карматтык. Биз ушунтип улам талкуулаган менен эч нерсе өзгөрбөй жатат. Анткени мамлекеттик системаны туура эмес тандаганбыз. Тең салмактап турчу, эл көзөмөлдөп турчу механизм жок болууда”.

Депутат Дастан Бекешов көйгөйдүн түйүнү энергетикада бири бирин көзөмөлдөгөн органдар өтө көп экенинде жатат деди өкмөт өкүлдөрү менен премьер-министрге.

Депутат Сулейман Бахадыров да премьер-министр Сапар Исаковго ЖЭБдеги авария боюнча айыптууларды чекеден жумуштан алууну сунуштаган:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Бишкек ЖЭБде 26-январда авария катталып, шаардыктыр жылуулуксуз калган

“Азыркыга чейин Ширшовдун коррупциялык схемалары иштеп жаткандай. Энергетикадагы Балкыбековдун, Калиевдин жана башкалардын схемалары эң жакшы жашап жатат. Бардык нерсенин себеби ушунда гана. Айбек Калиев ЖЭБге кредит алып жатканда министрдин орун басары катары чуркап жүргөн. Азыр эми эч нерсеге жоопкерчилик албай жатат. Германияда министр унааны катуу айдап койгондон кийин басма сөзгө чыгып кетип, отставкага кетти. Сапар Жумакадырович, эч кимди аябай, керек болсо баарын кызматтан алыш керек.”

Ошол эле күнү Сапар Исаков Айбек Калиевди өзү кызматтан бошотпой койгонун айтты.

Андан бери өкмөттө бири бирин жаап жашырган уюшкан топ отурат деген сындарга карабай, ЖЭБдин директору гана иштен алынды.

Ведомстволор аралык комиссия бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялап, катардагы адистерди кызматтан алуу сунушу менен чектелди.

Ал эми өкмөт эскирген жабдыктарды жаңылаш керек, ага каражат керек деп жатат.

Image caption Бишкек ЖЭБиндеги цех

Премьер-министр Сапар Исаков парламентте баары акчага келип такалып жатканын айткан:

“Кыргызстандын жалпы энергетика тармагын оңдош үчүн канча каражат керектигин эч ким деле айта албайт, балким эки млрд, балким үч млрд. доллар зарылдыр. Бирок маселе башкада. Карызга батпай, башка жолун карап көрүшүбүз керек. Элди кыйнабай, кантип тарифти көтөрсө болорун изилдеш керек. Ачыгын айтканда, баары тарифке келип такалат”.

Ведомстволор аралык комиссиядагы энегертиктер да, бир катар депутаттар да жылуулук менен электр энергиясынын баасын көтөрбөсө, өзүн өзү каржылай албай турганын акырындан элге жайып жатат.

Бир гана энергетик Николай Кравцов адегенде коррупцияны жойбосо, тарифти көтөргөндөн пайда чыкпай турганын өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнө айтты:

“Келгиле, энергетикалык сектордон мителерди силкип салалы. Алар товарды жеткирүүдө да, ремонттоодо да бар. Мамлекеттик сатып алууларды да коррупционерлер уюштурат. Ошо кан соргучтарды жок кылганда гана жабдыктарды техникалык жактан камсыздап турууга чынында канча каражат жетишпегени билинет. Тарифти канчага көтөрүш керектигин ошондо көрөбүз. Болбосо канча көтөрсөң жетпейт”.

Кравцов Токтогул жана башка чакан ГЭСтердеги акыркы беш авариянын себеби азыркыга чейин жоюлбаганын, жылытуу борборунда да ошондой болуп жатканын билдирди.

Ал тапта Токтогул ГЭСине да сырттан каражат алынып, акча иштетиле баштады. Муну “Энергохолдингдин” директору Айбек Калиев да тастыктады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бишкек ЖЭБдин жетекчилиги жылытуу борборундагы авария насостон болгонун айтты.

Депутат Акылбек Жамангулов акчанын сарпталышын көзөмөлдөй албасак, Токтогулда да ушундай абал кайталанат деди:

“450 млн доллар иштетилип баштады, ратификация болду. Ал жакта деле ушундай эле проблемалар, келишимдер турат. Эртеңки күнү кайра эле ушундай комиссиялар түзүлөт. Бизде өрттөн кийин өчүргөнү чуркайбыз. Эсептөө палатасы эл аралык аудит жүргүзө албаса, “Электр станциялары” ишканасына дүйнөлүк алдыңкы төрт аудитти чакыралы. Алар акыйкат чечим чыгарып берет”.

2014-2015-жылы кышта да тармакта кризис жаралганда реформа жүргөн. Энергетика министрлиги жоюулуп, өзүнө “Электр станциялары” ачык акционердик коомун, таратуучу “Жылуулук тармагын” жана башка бир катар маанилүү ишканаларды караткан “Энергохолдинг” түзүлгөн.

Экономист Кубат Рахимов бул өзүн актаган жок дегендердин бири.

Ал энергетиканы мамлекет менен жеке тармактын кызматташуусу гана жөнгө сала алат деп ойлойт:

“Инфраструктура өзүн өзү актай алат жана ошондой болуш керек. Ага жетүүнүн жолу – мамлекет менен жеке сектордун кызматташтыгы. Бирок аны ишке ашыруу үчүн экономикага мамилебиз өзгөрүш керек. Бишкек ЖЭБдей болуп, өзүн актап киреше алып келбеген жерге олчойгон кредит коротпош керек. Жеке тармак менен иштешүү үчүн мамлекеттик органдар кабинеттен кабинетке эмес, реалдуу өзгөрүш керек”.

Image caption Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалынын 8-10 пайызын гана колдонот

Рахимов ар келген премьер-министр жана өкмөт кетээрин билгендиктен 20-30 жылдык кредит алган инфраструктураны эмес, өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт деди.

Ал Бишкек ЖЭБине алынган 386 млн, пайызы менен 493 млн доллар ЖЭБдин чыгашасын кошо эсептегенде жалпысынан 700 млн доллардай болорун айтууда.

Кыргызстан суу ресурсу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

Анын гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд кВт саатты түзөт. Бирок анын 8-10 пайызын гана иштетет.

Кыргызстанда электр энергиясын натыйжасыз иштеп чыгуу жана аны таратуудагы жоготуулар чоң маселе экенин керек болсо эл аралык уюмдар да белгилеп келет. Бул Кыргызстанда энергетикалык коопсуздукка таасир эткен жагдайлардын бири.

Тема боюнча башка макалалар