Коррупция рейтинги: Кыргызстан Орусия менен катарлаш

transparency.org Сүрөттүн автордук укугу transparency.org

Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинде 135-орунда. Өлкө соңку үч жылдын ичинде бир баскычка жогорулап, Орусия менен теңелди.

Кыргызстан менен бирге Орусия, Гондурас, Лаос, Мексика, Папуа-Жаңы Гвинея жана Доминикан Республикасы 135-орунда турат.

Уюм жергиликтүү тургундардын жана адистердин өлкөдөгү коррупцияны кабылдоосун изилдеп туруп, бул рейтингди түзөт.

2012-жылдан бери Кыргызстан беш баскычка көтөрүлдү. Бирок 2017-жылдагы баяндамада өлкөдө ири улуттук долбоорлор ачык өтпөй жатканы белгиленет.

Жаңы Зеландиядан Түштүк Суданга чейин

Бир жылдын ичинде "Коррупцияны кабылдоо индексиндеги" лидерлер өзгөргөн жок. Биринчи орунда Жаңы Зеландия, экинчиде Дания, андан кийин Финляндия, Норвегия жана Швейцария турат.

Ал эми эң төмөнкү баскычтарда Сомали менен Түштүк Судан жайгашкан.

Transparency International уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" 1995-жылдан бери жарыялап келет. Индекс эки жылда чогултулган (2016-2017-жылдары) маалыматка таянып, жыйынтык чыгарат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар