Сирияда террордук уюмдун катарында согушкан кыргызстандык соттолду

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымат таратып, өткөн жыл соңунда Сириядагы жаңжалда "Жабхат-Ан-Нусра" деп аталган эл аралык террордук уюмдун катарында согушкан деп кармалган кыргызстандык жаран сот жообуна тартылганын кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу OZAN KOSE/AFP/Getty Images

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну 1996-жылы туулган И.Эргашев Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга күчөтүлгөн тартипте абак жазасына кесилди",-деди ИИМдин басма сөз кызматы.

Сириядагы согушка аралашкан деп кармалган жаранды милиция өткөн жылы күз айында кармаган. Бул илинчектин арты менен масштабдуу иш жүргүзүлүп жатканы айтылган эле.

Илинчектин артынан

"Сот жообуна тартылган И.Э. 2014-жылдын сентябрь айында Орусиянын Москва шаары аркылуу Сирия мамлекетинде болуп жаткан куралдуу кагылышууга катышуу үчүн барып,ал жерде Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Жабхат-ан-Нусра» террористтик уюмунун катарында согушуп жүрүп, 2017-жылдын 17-ноябрь күнү Туркиядан «Стамбул-Бишкек» авиакаттамы аркылуу учуп, Жалал-Абад облусунун аймагына келген. Келгенден баштап Ош жана Жалал-Абад облусунун жарандарын Сирия мамлекетине куралдуу согушка «Жихадка» үгүттөп жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын алкагында чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун мыйзамсыз жасап берген фактылар да аныкталып учурда бир нече кылмыш иштери козголду",-деди Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Аширбаев.

Кийин бул иштин арты менен шектүүнүн байланыштары катуу текшерүүгө алынып, жасалма паспортторду жасаган топ белгилүү болду деди милиция. Төрт кытайлык жаранга жасалма документ жасап берген факты аныкталат:

"Учурда Ноокат районунун Жаны-Базар айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн адиси 1961-жылы туулган К.М.ге карата Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан КРдин КЖКнин 350-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул кылмыш иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандарга жасалма паспорт жасоого көмөктөшкөн Өзгөн шаарынын тургуну 13.03.1979-жылы туулган А.Н (аял киши) карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө ошондой эле башка кылмыштуу аркеттери такталууда",-деди . Ош ОИИБнин басма сөз кызматы. (AbA)

Тектеш темалар