23-февралдын тарыхы: каадасын эмес, атын өзгөрткөн майрам

Армия Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Кыргызстан Мекенди коргоочулар күнүн майрамдап жатат. Совет мезгилинде - 1922-1946-жылдары бул майрам Кызыл Армиянын жана флоттун күнү деп аталчу.

1946-жылдан 1993-жылга чейин Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз флотунун майрамы катары белгиленип келди. СССР ыдырагандан кийин эгемендик алган мурдагы советтик өлкөлөр майрамдан баш тарткан.

Кыргызстан дагы майрамдардын тизмесинен чийип салган эле.

Бирок совет доорунан калган салттан элдин көбү кол үзүп кеткен жок. Кийин 2003-жылдан атайын токтом менен кайрадан майрам күнү катары белгилене баштады.

Кыргызстан бул күндү Мекен коргоочулар күнү катары белгилегени менен көбүрөөк советтик таасир дале сезилип турат. Айталы, коомдук сайттарда ошол учурда советтик армияда кызмат өтөгөн орто жана улуу муундагылар аскердеги сүрөттөрдү жарыялап, көптөр "чыныгы майрам ушулардыкы" дегендей мамиле кылат. Деген менен жыл өткөн сайын жаш муундар арасында майрам мурдагы маанисинен алыстап, "мырзалардын майрамы" катары белгилене баштады.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/GettyImages

Бул күндүн таржымалынан

23-февраль тууралуу тарыхчылар арасында мындай пикир бар: кокусунан белгиленип калган дата.

Ушул күнү Троцкий биринчи жолу фронтко келген деген версия айтылып жүргөнү менен бул чындыкка жатпайт дейт тарыхчылар.

Сүрөттүн автордук укугу Кыргызстандын мамлекеттик архиви

Чынында 1919-жылы 10-январда Жогорку аскердик инспекциянын жетекчиси Николай Подвойский 28-январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын түзүү боюнча жарыяланган декреттин бир жылдыгын белгилөө сунушун жолдойт. Бул тууралуу анын Борбордук Аткаруу комитетине жолдогон каты бюрократиялык алешемдиктен улам өз учурунда каралбай калган.

Кийин аны аскер бөлүктөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү буюм-тайымдарды жыйнаган датага - "Кызыл белектер күнү" белгилөөнү чечишет. Бул 1918-жылдын 17-февралда өткөн экен. Ал эми 1919-жылы бул күн жумушчу күнгө туура келип калып, иш-чараны жакынкы дем алышка жылдырышат. Жекшемби 23-февраль болгон.

Андан кийин үч жыл катары менен бул датаны эч ким эстеген эмес. 1922-жылы январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын түзүлгөн күнүн майрамдоону чечип, 23-февраль деген датаны тандап алышкан.

1933-жылы Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын 15 жылдыгын белгилеп жаткан салтанатта нарком Климент Ворошилов: "Кызыл Армиянын түзүлгөн күнү 23-февралда белгиленип калганын кокустук болгонун, тарыхый дата менен дал келбесин" моюнуна алган экен. Бирок андан кийинки ондогон жылдарда муну эч ким тактап, баш оорутуп олтурган эмес. (AbA)

Тектеш темалар