“Акылдуу шаар”: Британ адистери көмөк көрсөтөт

Smart City Сүрөттүн автордук укугу Adam Berry/Getty Images

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган Экинчи соода миссиясы Бишкек шаарына келди. Жергиликтүү ишкерлер британиялык жети компания өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. Аларга биринчи кезекте батыштын санариптик технологиялары кызык болуп жаткан эле.

Дүйнөдөгү бешинчи ири экономика болгон Британия менен кызматташууга көптөгөн ири компаниялар жана мамлекеттер кызыгат.

Image caption Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган Экинчи соода миссиясы

2016-жылы референдумдан кийин Британия Европа Биримдигинен чыгуу боюнча чечим кабыл алгандан кийин, аталган биримдикке мүчө эмес өлкөлөргө аралдагы кубаттуу мамлекет менен соода алакаларын күчөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнү бышык.

2017-жылы он айдын ичинде Кыргызстан менен Британиянын соода алакалары 15 миллион доллардан ашты. Ошондой эле Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин айтымында, 2017-жылы 9 айдын ичинде Лондон кыргыз экономикасына 27.6 миллион доллар түз инвестиция салды.

Бишкек шаарында өтүп жаткан Британиянын Экинчи соода миссиясында билим берүү тармагындагы байланышты күчөтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, медиа жана IT технология жаатындагы кызматташтык маселелери каралууда.

Ошондой эле Британиядан бул миссиядан тышкары келген адистер тобу да бар экенин айта кетели. Алар "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Бишкек мэриясы менен кызматташууда.

"Азырынча британиялык компаниялар бул долбоорго инвестиция салат деп айтуу эрте. "Акылдуу шаар" өтө татаал долбоор. Биз мэриянын өкүлдөрүнө бул долбоорду ишке ашырууда кеңеш берип жатабыз. Бишкекти "акылдуу шаарга" айлантуу үчүн кайсы иштер биринчи аткарылышы керек, кайсы багыттарга артыкчылык берилиши керек деген суроолорго жооп издеп жатабыз. Бизнес мүмкүнчүлүктөр бул маселелер чечилгенден кийин болот. Инфраструктура түзүлгөндөн кийин, маалымат жалпы коомго тарагандан кийин, ишкерлерге аны чоң бизнеске айлантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эмдиги соода миссиябыз IT технология жаатына басым жасап, "Таза Коом", "Акылдуу шаар" сыяктуу долбоордун айланасында кызматташтыкты күчөтөт деп үмүттөнөм. Чынында бул Кыргызстандын келечеги", -деди Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит.

Сүрөттүн автордук укугу DAVID BECKER/GETTY IMAGES
Image caption Huawei компаниясы Кыргызстанга дээрлик 60 миллион доллар инвестиция салат жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырат

Улуу Британия азыркы учурда Европа Биримдигинен чыккандан кийин кайсы мамлекеттер менен соода алакаларын күчөтүүнү изилдеп жаткан кези. Февраль айынын башында премьер-министр Тереза Мэй расмий иш сапары менен Кытайга барып, тогуз миллиард долларга тете инвестициялык келишимге жетишилгени кабарланган.

Ошону менен катар эки мамлекет тең эркин соода келишимине жетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Лондон дал ушундай келишимге Индия менен жетүүнү дагы көздөп жатат.

Бирок британдык компаниялар Кыргызстан сыяктуу калкы чакан мамлекетте ишкердик жүргүзүүгө кызыгабы?

Сүрөттүн автордук укугу GOV.KG
Image caption "Таза коом" улуттук долбоору былтыр апрелде коомчулукка жарыяланган

"Кандай гана компания, кайсы гана мамлекеттен болбосун ишкана ачууда өлкөдөгү бизнеске болгон мүмкүнчүлүктү карап туруп баштайт. Ал мамлекетте компанияны каттоо дагы оңой болушу абзел. Ири ишканалар көп көйгөйлөргө көңүл бурат. Мисалы, бизнес жүргүзө турган мамлекет алыспы? Ал жерде кайсы тилди колдонушат? Юридикалык жана саясий структура кандай? Бул маселелерди эске алганда, Кыргызстандын базары чакан деп бааласак болот. Бирок Кыргызстан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу либерал болгонун, туруктуу саясий абал бар экенин жана өлкө Бажы биримдигине мүчө болгонун эске алганда, чакан деген базар кеңейип 180 миллион калкы бар рынокко айланып жатат. Демек, потенциал бар", -деди Робин Орд-Смит.

Бишкекте өтүп жаткан британдык соода миссиясы 1-мартка чейин уланат. Жергиликтүү компаниялар британ ишканалары менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Экинчи соода миссиясына билим берүү тармагынан дагы ишканалар менен таанымал бир университеттин өкүлү дагы катышууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар