Президент аппаратынын тизгини эң ишенимдүү адамда болот

Фарид Ниязов, Мукамбет Абылгазиев Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Президент өзүнүн аппарат башчысы Фарид Ниязовдун арызын кабыл албай, бир жума эс алууга уруксат бергени менен анын бул кызматта каларына көздөрдү жетпей жаткандар бул орунга өздөрүнүн талапкерин кудалай баштады.

Фейсбуктагы блогерлер Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика" фракциясынын азыркы лидери Руслан Казакбаевди тышкы жана ички саясатты жакшы билет деп, бул кызматка татыктуу талапкер катары мактап киришти. Руслан Казакбаев мурда тышкы иштер министри болгон, мурда эч кандай коррупциялык иштерге аралашкан эмес деп макташууда.

Бирок саясатка баам салган адамдар президент өзүнүн аппаратына жетекчини башка критерийлер менен тандайт деп жатышат. Башкача айтканда, президент бул кызматка өзүнүн эң ишенимдүү адамын алып келет дешет. Азыркы аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мукамбеткалый Абылгазиев президенттин ушундай жакын адамы катары белгилүү. Сооронбай Жээнбеков Ѳкмөт башында турганда Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштеди. Андан мурда алты жыл Социалдык фондду башкарды.

Кыргызстандын саясий турмушунда президенттин аппарат башчысы орчундуу роль ойной турганы белгилүү. Президенттин бийлигинин эффективдүү болушу түздөн түз аппарат жетекчисинин тажрыйбасына жараша болот. Курманбек Бакиев президент болуп келген алгачкы жылдары Медет Садыркулов келгиче иши жүрбөй, аппарат башчыларын кайра-кайра алмаштыра бергенин саясий чөйрө жакшы билет. Ошондуктан президент аппаратынын башчысынын тажрыйбасы жана саясий кыраакылыгы абдан маанилүү.

Президент Жээнбеков өзү шайлоо учурунда убада бергендей, өзүнүн ишин коррупцияга каршы күрөштөн баштады. Болгондо да биринчи кезекте күч түзүмдөрүн коррупциядан тазалоо талабын коюп жатат. Мындай шартта президент үчүн анын аппаратын жетектеген адам эң биринчи кезекте идеялаш адам болушу керек, -дейт аналитик Алмаз Акматалиев:

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча чоң чакырык таштап койду. Экинчи чоң чакырыгы укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш жөнүндө болуп жатат. Жок дегенде ушул эки чоң чакырыктарга татыктуу жана президенттин көз карашын жактаган, принциптерин бөлүшкөн адам болуш керек".

Президент Жээнбеков үчүн өзүнүн аппарат жетекчисин алмаштыруу эң оболу мурдакы президент Атамбаевдин таасиринен чыгуу үчүн керек деп жатышат. Аппарат башчысын алмаштыруу аракетин анын өзүнүн командасын түзүүнүн баштапкы жүрүшү катары караса болот. Андан кийинки кезек укук коргоо жана күч органдарындагы жетекчилерге да жетиши мүмкүн дешет.

Тектеш темалар