Товардык жалган документтерди сатууга кыныккан топ кармалды

Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБке киргенден кийин кыргыз дыйкандары айыл чарба продукцияларын Россия менен Казакстандын ондогон шаарларына барып сатканга мүмкүнчүлүк алышты. Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБке киргенден кийин кыргыз дыйкандары айыл чарба продукцияларын Россия менен Казакстандын ондогон шаарларына барып сатканга мүмкүнчүлүк алышты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Европа экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө товар экспорт кылгандарга эл аралык товардык документтерди, фитосанитардык сертификаттарды мыйзамсыз тымызын даярдаган уюшкан топту кармаганын билдирүүдө.

Финансы полициясынын таркаткан маалыматына караганда, товардык документтерди мыйзамсыз даярдап жүргөн уюшкан топ кылмыштуу ишке кыныкканына үч жылдын жүзү болгон. Алардын мыйзамсыз иштеринин айынан бажы биримдигиндеги өлкөлөргө экспортко чыгып жаткан кыргыз товарларынын коопсуздук сапаты көзөмөлгө алынбай, натыйжада мамлекет да, тийиштүү мамлекеттик органдар да жаманаттыга калууда.

Тинтүү учурунда кармалган адамдардын турган жайынан көп сандаган бланктар, фитосанитардык сертификаттар, патенттер, мөөрлөр, штамптар жана башка товардык коштоочу жасалма документтер табылган.

Финансы полициясы топтогон материалдардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан алдамчылык жана кызмат абалынан пайдалануу, кызматтык будамайлоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурь билдирди.

Баардыгы бул иш боюнча үч адам кармалды, алардын экөө өз ара бир туугандар, үчүнчүсү - Ѳсүмдүктөр карантини департаментинин Чуй-Бишкек областтык башкармалыгынын башчысы.

Ѳсүмдүктөр карантини департаменти айыл чарба азыктарынын оорусун же курт-кумурскасын, башкача айтканда фитосанитардык коопсуздугун текшерип, экспортко сатууга уруксат бере турган департамент. Аталган департаменттин жетекчилиги өз кезегинде фитосанитардык сертификатты жасалма кылуунун эч кандай кызыкчылыгы жок экенин айтып актанууда.

"Биздин кызматкерлерге сертификатты жасаганга эч кызыкчылык жок. Анткени ал бекер берилет",-дейт Ѳсүмдүктөр карантинин департаментинин директору Амангелди Исаев.

Кылмышка шектүү топтон алынган жасалма документтерде бир эле карантиндик сертификат эмес, азыктарды алып чыгууга зарыл болгон башка товардык көп жасалма документтер табылган. Ал бир эле өсүмдүктөр департаментине эмес, башка мамлекеттик органдарга да тийиштүү. Эми бул жерде кылмыштын кимде канчалык курамы бар экенин тергөө-иликтөө иштери көрсөтөт.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргыз дыйкандарында биринчи кезекте Россия менен Казакстандын рыногуна айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз алып барып сатканга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ѳзгөчө Баткен менен Ысык-Көлдүн атактуу өрүгүн, Арсланбаптын жаңгагын Россиянын сексенден ашык шаарына алып барып сатып жатышканы мактаныч менен айтылган.

Бирок Казакстан менен Россияда Кыргызстандан барган айыл чарба азыктары, мөмө-жемиштер коштогон документтери туура эмес болгондуктан же сапаты тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен, жолдон кармалып, кайра кайтарылган да учурлар болуп жатканы белгилүү. Эми андай кейиштүү фактылардын себептери кайсы бир деңгээлде Бишкекте мыйзамсыз жана жасалма документтерде жатканы түшүнүктүү болуп отурат.

Тектеш темалар