"Таза коом": санариптешкен саламаттык сактоо кандай болот?

Талант Султанов "Таза коом" долбоорунун документи жакында жарыяланат деди
Image caption Талант Султанов "Таза коом" долбоорунун документи жакында жарыяланат деди

Өкмөт саламаттык сактоо тармагы эки-үч жылда санариптешет деди. Электрондук өкмөттө саламаттык сактоо маанилүү бөлүк. Бирок Кыргызстанда электрондошкон медицина кандай болот?

Бул жана башка суроолорду “Таза коом” долбоору боюнча эксперттик топтун мүчөсү, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султановго узаттык.

Талант Султанов: Саламаттык сактоо артыкчылык берилген секторлордун бири. Анткени бул тармактан баштасак, элдин жашоосун ыңгайлуу кылат.

Биринчи долбоорлордун бири медициналык мекемелердеги кезекти онлайн кылуу. Үйдө отуруп, саат он жарымга барам десеңиз, поликлиникадагы доктор да аны көрөт.

Мисалы, диабети барлар канындагы шекердин деңгээлин текшерип туруш керек. Азыр Google компаниясы аны такай көзөмөлдөп турган көздүн линзасын ойлоп чыгыптыр. Күндө барып ийне сайдырып, кан тапшыруунун кереги жок болуп калат. Бул эми технологиянын алдыга кеткенин көрсөтөт.

Айрым мамлекеттерде алыскы тоолуу аймактардан шаарга бейтаптардын канын алып келген дрондор колдонулат. Анализдин жыйынтыгын бейтапканалар интернетке киргизип коёт.

Би-Би-Си: Ошондо бул нерселер Кыргызстанга келет деп айтып жатасызбы? Кезекке турууну онлайн аркылуу уюштуруудан башка саламаттык сактоонун эмнеси санариптешет?

Талант Султанов: Бир апта мурда эле Саламаттык сактоо министрлиги Орусиядан жана Түркиядан адистерди чакырып, алар тажрыйбасын бөлүштү.

Мисалы, Түркияда мындай процессти он жыл мурун баштаган экен, абдан көп инвестиция салышкан. Бизде бейтаптын карточкасы, жазуулардын баары кагазда. Ал эми Түркияда маалыматтын баары электрондук түрдө сакталат. Бул докторлордун жумушунун натыйжалуулугун көтөрүптүр, оорулардын көрсөткүчүн азайтыптыр жана элдин ишенимин жакшырткан.

Бизде врачтар убактысынын 80 пайызын кагаз толтурууга, ал эми бейтап менен алек болууга 20 пайызын гана коротот. Врачтарга ыңгайлуу шарт түзүп берсек, тескерисинче болот.

Image caption Саламаттык сактоо тармагы эки-үч жылда электрондошот

Би-Би-Си: Сиз идея түрүндө айтып жаткандайсыз, иштин кайсы бөлүгүн жасап баштадыңыздар?

Талант Султанов: Башталышында иштин көзгө көрүнбөгөн бөлүгү жасалат. Мыйзамдарды тууралашыбыз керек. Мисалы, медициналык картадагы бейтаптын маалыматы ачык болуш керекпи же врач эле көрүш керекпи деген өңдүү суроолор бар. Эгер маалыматтын баары ачык болсо, өзүн өзү дарылайм деген маселе, туура эмес дарылоо көйгөйү чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан биринчиден туура мыйзамдар керек.

Экинчиден, инфраструктура курушубуз керек. Азыр Дүйнөлүк Банк менен Санариптик CASA – Digital Central Asia-South Asia долбоору боюнча иштеп жатабыз. Ар бир айылга сапаттуу, арзан интернет алып барышыбыз керек.

Үчүнчүдөн, жарандар жана медициналык кызматкерлер жаңы технологияны колдонууну билиш керек. Андыктан алардын билимин көтөрүү аракети да жүрүп жатат.

Би-Би-Си: Системанын баарын жаңылаш керек, өзүңүз айтып жаткандай, жалпы калкты да окутуу керек, демек бул абдан чоң жумуш. 2019-жылдын аягына чейин саламаттык сактоо тармагы электрондошуп калат деген канчалык реалдуу? Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн айтымында мындай процесске кеминде он жыл кетет экен.

Талант Султанов: Мен жогоруда айткан негизги чоң натыйжаларга эки-үч жылда жетебиз деп жатабыз. Анткени жарандар “Таза коом” турмушта кандай иштээрин сезип калыш керек.

Санариптештирүү өзү токтобой турган процесс. Түштүк Корея муну 40 жыл улантты, Эстонияда 20 жыл иштешти. Ошондо да алар аягына чыктык деп токтоп калган жок, улам өнүктүрүп жатышат.

Би-Би-Си: Эстония электрондук өкмөт курууда алдыга озду. Ал жакта бейтап кайда, кайсы дарыгерден, кандай дарыланганы тууралуу акыркы он-он беш жылдагы баардык маалыматын бир жерден көрүп тура алат. Кыргызстанда электрондошкон саламаттык сактоо системалуу болобу же сиз айткандай, башка башка ар түрдүү долбоорлор ишке ашабы?

Талант Султанов: Бизде ар бир министрликтин маалыматы өзүнчө. Алар бири-бирине электрондук түрдө маалымат берүүдө тил табыша бербейт.

Эстония көмөктөшүп, “Эксроут” деген программасын берип жатат, биз аны “Түндүк” деп атадык. Ал аркылуу бардык мамлекеттик органдарды бири-бири менен электрондук түрдө байлайбыз.

Саламаттык сактоодо да бир канча ведомство бар, министрлик, камсыздандыруу фонду, дары-дармек тармагы. Анын баарын бир системага алып келиш керек.

Би-Би-Си: “Таза коомдун” саламаттык сактоо тармагына канча акча бөлүнүп жатат, ал даярбы?

Талант Султанов: Бизге ар кандай эл аралык донорлор жардам берүүгө даяр, бирок бир гана аларга үмүт арткан жокпуз. Жеке тармак менен иштеп жатабыз. Бул жерде мамлекет менен жеке тармактын кызматташуусу формасында иш алып барылат.

Андан сырткары бажы төлөмдөрү, салыктар мурдагыга караганда көбүрөөк жыйналып жатат. Өкмөт өзү да каражат бөлөт.

Өкмөттүн 2040-жылга чейин узун мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы бар. Ар бир беш жыл сайын өнүгүү планын түзөбүз. Биринчи беш жылга “Жаңы доорго кырк кадам” деген план бар. Анда министрликтер бир жылда, үч жылда, беш жылда кандай иш чараларды жасаары, ага канча каражат талап кылынаары көрсөтүлөт. Каражаттын булагы да жазылган. Жакында өкмөт бул планын жарыялайт.

Тектеш темалар