А.Дубнов: Астанадагы саммитке Москва кабатыр болбой койбойт

Астана Сүрөттүн автордук укугу official

Казакстандын баш калаасы Астанада Борбордук Азиянын кеңешме саммити башталууда.

Анын ишине Казакстандын, Ѳзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламентинин башчысы катышууда.

Бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин өздөрүнчө жолугуп жаткан биринчи бийик деңгээлдеги жыйыны. Буга чейин беш өлкөнүн президенттери эки же үч тараптуу тартипте, же КМШ, ШКУ сыяктуу бирикмелердин алкагында жолугуп келишкен.

Бул жолугушуу Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин өткөн жылы Самаркандда болгон Борбордук Азиянын келечеги жөнүндө эл аралык конференцияда көтөргөн демилгеси менен болуп жатат. Мирзиеевдин демилгесин региондогу башка мамлекеттер баары колдоого алышууда. Казакстан биринчи болуп Астанада президенттерди чогултуп, жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүп жатат.

Би-Би-Си Астанадагы саммит борбордук Азия өлкөлөрүнүн кандай интеграциялык келечегин көрсөтө деген суроо менен Москвадагы журналист-аналитик Аркадий Дубновго кайрылды.

А. Дубнов: Бул жолу аймактагы өлкөлөрдүн тыгыз алака жасоо келечеги мурдагыга караганда кыйла эле көрүнүп калды деп баалоого болот. Буга кеминде эки фактор таасир этип келген. Биринчиден, бул өлкөлөрдө чейрек кылымдан бери кандай режим өкүм сүрүп жатканы түшүнүктүү болуп калды. Алар бири-биринен кыйла эле айырмаланат. Тоталитардык Түркмөнстандан баштап, квазидемократиялык Кыргызстанга чейин. Албетте, мамлекеттик түзүлүштүн дал ушул айырмасы толук кандуу кызматташтыкка жол бербей жатат. Бул түшүнүктүү. Мындай суперавторитардык жана тоталитаризмдин чеңгелиндеги режимдер менен демократиялык стандарттарга умтулган, бийликти алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара сый жана тыгыз кызматташтыктын мисалдарын тарыхтан таба албайбыз.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

Экинчи фактор бул, албетте, лидерлердин жеке фобиясы болду. Бул да, албетте, кедергисин тийгизди. Биринчи кезекте бул Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун фобиясынан байкалат. Адегенде эле өзүнүн мурдагы вассалы катары эсептеген тажик президенти Рахмонго жасаган мамилесин айтыш керек. Ал Рахмондун бийликке келишине жеке салымым болгон деген пикирде аны милдеттүү деп санаган. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде бул көрүнүш бир топ өзгөрдү. Бирок режимдин мүнөзү ошондой эле калды. Мына түркмөн президенти Астанадагы кеңешме саммитке келбей, өзүнүн ордуна эчтеке чечпеген парламенттин башындагы айымды жөнөттү.

Ошондуктан мен учурда аймактагы өлкөлөрдүн эки тараптуу алакасында айтаарлык жылыштар болгонун байкап турам: тажик-өзбек, өзбек-кыргыз, кыргыз-казак, казак-тажик сыяктуу, бештин ичинен эки-экиден болгон мамилелерде. Андан башка жок.

Би-Би-Си: Келечекте ЕАЭБ кеңейет деп жаткан чакта бул уюмдун баштоочусу катары саналган Орусиянын бул саммитке карата мамилеси кандай болушу мүмкүн?

А. Дубнов: Менин оюмча, Орусиянын реакциясы кыйла эле сабырдуу жана консервативдүү болот. Астанадагы бүгүнкү жыйын - көп жылдардан бери биринчи жолу болуп жатат. Тагырааак айтканда, Путин бийликке келгенден бери Орусия тараптан бир да өкүл чакырылбаган мындай бийик деңгээлдеги биринчи жыйын болуп калды. Орусия эч кандай деңгээлде чакырылган жок.

Бул менимче Москванын азырынча ачык байкалбаган айрым бир кабатыр реакциясын пайда кылат. Менин көз карашымда, Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун жасаган билдирүүсүн биз ошондой кабатырлануунун бир белгиси катарында карасак болот. Ал күтүүсүз жерден эле "АКШ күчтөрүнүн Ооганстанда турушу бул өлкөдө тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзбөйт, кайсы бир деңгээлде Борбордук Азияга коркунуч туудурат, кошмо штаттардын күчүн Борбордук Азияга мелжейт" деп айтты.

Орусия менен кеңешпей, кызматташпай жана анын колдоосун албай туруп, Борбордук Азия өлкөлөрү өздөрү жем болушу мүмкүн деди. "Мырзалар, силер Орусиядан бөлүнүп уюмдаша аласыңарбы, бул жаңылыштык болуп калбасын" дегендей алдыртан эскертүү болду го деп ойлойм. Жеке пикиримде мен ушундай чечмелейт элем.