"Мегакомду" алганга төрт компания чыкты

"Мегаком" Кыргызстандагы эң кирешелүү ишканалардын бири.

«Мегаком» соода маркасына ээлик кылган «Альфа Телеком» компаниясын сатып алууга төрт кардар чыгып жатканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Ѳкмөт бул компанияны сатууга 2015-жылдан бери аракет кылууда, бирок аны алууга кызыккан кардар чыкпай келди. Чыкса да, чыр-чатагы чубалып, саясатташып кетип жатканы белгилүү.

"Ака минералз"- биздин өлкөдө катталган компания-ЖЧК, экинчиси- ALF Consulting SA швейцариялык компания, үчүнчүсү Түштүк Кореянын компаниясы Goldenkey Asset Investment & Management, төртүнчүсү дагы швейцариялык компания "МТF сервис»,-деп билдирди Би-Би-Сиге Мамлекеттик мүлк фондусунун башкармалыгынын башчысы Тимур Малбашев.

Жергиликтүү агенттиктер "Альфа-телекомду" сатып алууну көздөгөн кезектеги компания жөнүндө маалыматтарды жарыялап, талкууга алып жатышат. Андагы маалыматтарга караганда, швейцариялык МТF сервис компаниясы 2013-жылы негизделген, Женевада катталган, автоунаа майын сатууга адистешкен ишкана.

ALF Consulting SA менеджмент консалтинг кызматына адистешкен. Түштүк Кореядагы Goldenkey Asset Investment & Management компаниясы кыймылсыз мүлк, энергетика тармагында иштейт. Ал эми "«Ака минералз энд майнинг» Кыргызстандын өзүндө катталган ишкана, ал жөнүндө азыр көп маалымат чыга элек.

"Альфа-Телекомду" сатуу баасы соңку жолу 13,5 миллиард сом болуп бычылган. Бирок 2-мартта мөөнөтү бүтүп калганына байланыштуу баасы кайрадан каралууга тийиш. Азыркыдан арзан болобу же кымбат болобу, аны эми тендер аркылуу тандалган компания аныктайт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу азыр компаниянын баасын чыгаруу жана аны сатуунун формасын аныктоо боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат.

Мамлекет дүйнөдө уюк байланыш базарында телефондук байланыштын кирешеси түшүп жаткандыктан аны жакшы баага сатып жиберүүнү максат кылууда. Бирок 2015-жылдан жылдан бери "Алфа-Телекомду" сатуу аракети ишке ашпай келатат. Эң соңкусу, россиялык ишкер айым Нагорная менен сүйлөшүүлөр болуп, бирок бир бүтүм чыккан эмес.

Андан мурда баасын 20 млрд сом коюп туруп, конкурс жарыялаганда кызыгып эч ким чыккан эмес. Ошондон кийин мамлекет конкурска койбой эле тикелей сатууга өткөн. Бирок ошондо да жакшы баада сатып кетерине ишеним анча жок.

Премьер-министр Сапар Исаков бул темада соңку жолу сүйлөгөн сөзүндө өкмөт бул активди сатуу үчүн эл аралык юридикалык компанияны жалдоону чечкенин билдирген.

"Эгер мамлекет өзү бул ишти жасай албай атса, биз бул кызматты аткарып берүүнү өтүнө алабыз, бул дүйнөлүк тажрыйба",- деген эле Сапар Исаков.

Бирок азыркы учурда өкмөт эл аралык ортомчу компания жалдабай эле өзүнүн аракетин көрүп жатат. Бирок бул өкмөт эл аралык ортомчунун кызматынан таптакыр баш тартты дегенди билдирбейт.

Анткен менен миллиондогон киреше берип жаткан компанияны эмнеге сатыш керек деп каршы чыгып жаткандар ошол эле парламенттин өзүнүн ичинде да бар экенин айта кетели.

Сатыктан багы ачылбай жаткан "Альфа-Телеком" компаниясынын чиеленишкен чуулгандуу тарыхы бар. Башында бул компанияга өлкөнү Акаев башкарып турганда анын уулу Айдар Акаев ээлик кылган, кийин бийлик алмашканда аны Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган дешет.

2010-жылы кайрадан бийлик алмашканда компания бүтүндөй мамлекеттин карамагына алынган. Мына ушул чырлуу жагдайлар дагы анын сатылышына көп тоскоолдук кылып жатканы талашсыз.

Тектеш темалар