Каныбек Осмоналиевдин кылмыш иши тергелип бүттү

Каныбек Осмоналиев Сүрөттүн автордук укугу facebook

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Каныбек Осмоналиевдин жоопкерчилиги Кыргыз-Россия Славян университетине 24 студентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча каралган жатат. 2014-жылы бул иш башталганда Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңеште билим берүү, илим боюнча комитеттин төрагасы болуп турган.

Мурдакы депутат өз кезегинде ага козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап жатат.

«АКС 2014-жылы башталып 2015-жылы жабылган ишти кайра козгогону мен үчүн деле түшүнүксүз болуп жатат. Бул жерде кылмыштын эч кандай курамы жок деп жабылган болчу. Бул менин жарандык активдүү позицияма жооп катары козголгон саясий иш деп эсептейм",-деди Би-Би-Сиге Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештен кеткенден кийин Кыргыз Улуттук Университетте окутуучу болуп иштеп жатат. Президенттик шайлоо учурунда "Республика" партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабановдун штабында иштегени белгилүү.

Мурдакы депутатка каршы иштин кайрадан жанданышы Коопсуздук кеңеши мурда токтоп калган иштерди аягына чыгаруу жөнүндө чечим чыгаргандан кийин болуп жатат.

8-февралда болгон коопсуздук кеңешинде күч түзүмдөрүндөгү коррупция маселеси каралып, жыйынтыгында кабыл алынган чечимде кызматтык кылмыштарды аягына чыгарып, сотко ашыруу жөнүндө талаптар коюлган.

Ал ортодо укук коргоочулар менен жарандык активисттер саясатчыларга, коомдук ишмерлерге жана журналисттерге козголгон резонанстуу кылмыш иштеринин жана сот чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө президент С. Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда "резонастуу кылмыш иштери жана сот процесстери саясий буюртма мүнөзүндө болуп жатканы шек туудурбайт" деп айтылат. (КС)