«Фейсбукта жеке маалыматтарга аяр болуу керек»
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

«Фейсбукта жеке маалыматтарга аяр болуу керек»

Фейсбуктун айланасында чыккан жаңжалдагы эң башкы маселе, колдонуучулардын жеке маалыматтарынын купуялыгы бузулуп жатканы жөнүндө болуп жатат. Фейсбуктагы окуяларга кыргызстандык коомчулук дагы кылдат көз салып жатат. Фейсбукту активдүү колдонгон 700 миңдей кыргызстандыктар бар экени белгилүү.

Би-Би-Си “Биздин мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбекти маекке тартып, соңку окуяны кыргыз интернет колдонуучулары кандай кабыл алып жатканын сурады.