Изилдөө: жаштар радикалдашууга каршы тура алабы?

Изилдөө жүргүзгөн топ жаштар экстремисттик топтордон оолак болуш үчүн мамлекет дискриминацияны, аларга каршы адилетсиздиктерди жоюш керек дейт
Image caption Изилдөө жүргүзгөн топ жаштар экстремисттик топтордон оолак болуш үчүн мамлекет дискриминацияны, аларга каршы адилетсиздиктерди жоюш керек дейт

Радикалдуу топторго азгырылбай, туруштук берүүдө баткендик жаштар салыштырмалуу алсыздык кылат. Ал эми экстремисттик топторго жаштардын кошулуу себептеринин башында мамлекеттеги адилетсиздик эсептелет. Мындай жыйынтык табылган изилдөөнү Ислам таануу боюнча илимий изилдөө институту жүргүзгөн.

Мындай жагдайлар жаңы изилдөөдө анык болду. Ислам таануу боюнча илимий изилдөө институтунун эксперти жана Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология кафедрасынын доценти Эмиль Насритдинов ал тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстандагы жаштарды радикалдашуу алдында алсыз кылган биринчи фактор – дискриминация. Жеке өзү ага кабылган жаштар радикалдуу топторго каршы эң алсыз. Экинчиси, мамлекеттик органдардын, үчүнчүсү, укук коргоо органдарынын дискриминациясы. Жаштардын талылуу жагына келгенде ушул дискриминация жана адилетсиздик башкы себептер болуп чыкты”, - дейт Эмиль Насритдинов.

Аймак боюнча түштүк облустары радикалдуу топторго туруштук бериши кыйын. Анын деңгээли баткендик жаштардын арасында эң төмөн, экинчи орунда Ош шаары.

Насритдинов жаштардын кайсы диний топторго пикирлеш экени да маанилүү деди:

Image caption Изилдөөгө ылайык, этникалык топтор арасындагы мамиленин абалы диндер аралык мамилеге караганда жакшы

“Эки диний топко жакын жаштардын радикализмге туруштук бериши кыйын экени аныкталды. Бул “Сулайманчылар” жана салафиттер. Салафиттер боюнча белгилүү болчу. Бирок “Сулайманчылар” тууралуу жыйынтыкты биз күткөн эмеспиз. Муну терең изилдеш керек”.

Ал эми тескерисинче экстремизмге жаштардын туруштук берүүсүн арттырган топтор да бар. Алар “Нуржулар”, “Хизмет” жана “Таблиги жамаат”.

Жаштардын дин тууралуу маалымат алган булагы да маанилүү. Мисалы, окуу жайдан, диний лидерлерден же дааваттан маалымат алуу жаштардын динди радикализмден ажыратышына жардам берет. Ал эми интернеттен же башка массалык маалымат каражаттардан алуу аларды радикалдуу топторго түртүшү ыктымал.

Насритдинов диний лидерлердин, башкача айтканда, имамдардын, молдолордун жаштарга оң таасири ойлогондон күчтүү болуп чыкканын кошумчалады.

Сурамжылоого катышкандардын эки пайыздан ашыгы гана өзүн атеист деп эсептейт.

Бирок изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эң радикалдуу көз карашта атеисттер болуп чыкты. Ал эми эң момуну христиандар.

Жаңы изилдөө Кыргызстандагы жаштардын радикалдуу жана экстремисттик топтордун алдында алсыздыгы менен туруштугун изилдеди.

Ал бир жыл жүргүзүлүп, сурамжылоого миңдей жаш жарандар катышкан жана жүздөн ашык интервью жасалган. (AK)

Тема боюнча башка макалалар