Адил Турдукулов: өзүнө кол салган Темирлан реанимацияда

Темирлан Ормуков Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Темирлан Ормуков.

"Жарандык активист Темирлан Ормуков Улуттук кардиологиялык институттун реанимациясына жаткырылды, ага тиешелүү жардам көрсөтүлдү",-деп билдирди Би-Би-Сиге "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Темирлан Ормуковдун абалы орточо экенин айтып, жүрөгүндө мурда дарты болгондуктан ооруканага жаткырылганын тастыктады.

Темирлан Ормуков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барган жеринде өзүнө бычак менен кол салган.

Адил Турдукуловдун айтымында, "Ормуковду камакка алуу мыйзамсыздыгын жана ал күнөөсүз экенин далилдеш үчүн протест кылып, өзүнө кол салган".

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, сотко бир нече жолу келбеген үчүн соттун чечими менен ал ИИБге алып келинген экен.

"Күндүзгү саат 12лер чамасында алып келинген. Ички иштер башкармалыгында тергөөчү протокол түзүп жатканда дааратканага суранып чыгып, өзүнүн ичин тилип алган. Соттун чечимин аткаруу үчүн аны убактылуу кармоо жайына киргизилмек, андан аркысын сот чечмек", - деди Оморов Би-Би-Сиге.

Оморов Темирлан Ормуковго тергөөчү эч кандай кысым көрсөтпөгөнүн, мыйзам чегинде, адвокаты келгенден кийин протокол түзүп жатканын кошумчалады.

Ормуковго Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат Дастан Бекешовдун арызы менен өткөн жылы иш козголгон.

Депутат аны жалган маалымат таратууда деп айыптаган. Адил Турдукуловдун айтымында, райондук сот Ормуковду камакка алуу боюнча буга чейин чечим чыгарган.

"Соттун чечими мыйзамсыз. Анткени ал күнөөлүү эмес, көзү азиз адам. Ага териштирүүгө келбейт деп издөө жарыялаган. Бирок Ормуков Бишкектен чыккан эмес. Бүгүн ИИБге жеткирип, камоо боюнча протоколду окушкан. Ормуков ага макул болбой өзүнүн ичин лезвия менен кескилеп салды", - деди Турдукулов.

Ормуковго андан сырткары өткөн жылы Башкы прокуратура да кине койгон. Ал коомдук сайттагы баракчасы аркылуу жарыялаган ырында аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган.