КСДП курултайы: чакырылбай калган Жээнбеков, партия лидери кайтып келди

КСДП Бишкекте өткөн курултайында Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлады.

Сүрөттүн автордук укугу official

Социал-демократтардын 17-курултайы журналисттер үчүн ачык болгон жок. Партиянын расмий сайтындагы маалыматта: "Иш чаранын жүрүшүндө КСДПнын төрага орун басары Фарида Ниязов өткөн 16-курултайдан кийинки партиянын ишемердүүлүгү боюнча маалымат берди. Андан кийин курултайдын делегаттары бир добуштан Алмазбек Атамбаевдин партия төрагалыгына бекитти",- деп айтылат.

Серепчилер социал-демократтардын курултайы өлкөдөгү саясий жаңы кырдаалды жарата турган окуя катары карап жатышкан. Бир жагынан президенттик кызматтан кеткен Алмазбек Атамбаевдин чоң саясатка кайра кайтып келсе, экинчи жагынан ушул эле партиядан шайланган президент Сооронбай Жээнбековго карата кандай саясий жолду же мамилени тандап алат деген маселе талкууланып жаткан эле.

Партиянын курултайынан кийин Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү. "Партиянын курултайына айрым кишилер чакырылбай калды", "ич ара ажырым байкалып жатат", "жашыруун өттү" деген кеп сөздөр боюнча суроого жооп берип жатып Атамбаев:

"Курултайга көп киши чакырылган жок дегенге кошулбайм. Болгону эки депутат чакырылбай калды - Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов. Анын дагы негиздери бар. Партияны тазалоону, албетте, эртең эле баштап кетпейм. Жакшылап карашым керек, бул чоң иш. Кийинки шайлоого чейин эки жыл бар. Мамилебиз болсо, Сооронбай Жээнбеков менин эски досум - 23 жылдан бери чогуу жүрөбүз. Албетте, кээде абдан катуу сөздөрдү айтам. Мен ыраазымын, Сооронбай Шарипович кандай сөз айтсам дагы кабыл алып, кудай буюруса жакшы натыйжаларды дагы чыгарат. Менин да кыялым бир топ. Бирок мындай да, мен айтпасам, ага ким айтат? Кыргыздын менталитетин билем да, мен да президент болбодумбу. Азыртан тим эле өзүнөн баштап тууган-жакындарына чейин көкөлөтүп... Сооронбай Шариповичке деле айттым, мен муну көргөм, Акаев менен Бакиев менен дагы. Аягы жаман бүтөт да мындай нерсенин. Аны мен айтпасам ким айтат. Сооронбай Шариповичке ыракмат, ушунун баарын көтөрүп, менимче туура эле чечимге барат. Анын үстүнө азыр абдан татаал мезгилде турат. Мүмкүн тегерегиндегилер, жакшы адамдар бар, жаман адамдар бар. Бирок менин парзым болгонун болгондой айтып коюш. Мисалы, "Ыймандуу бийде тууган жок" дегенди айтышым керек. Жаныңда коррупционер болбошу керек деп айтышым керек. Аппараттагылар акты кара кылып, алдына кагазды алып барып жатса, аны мен айтпасам башка бирөө айта албайт. Албетте, эгер кеңеш сураса, дайыма кеңеш берем, жардам бериш керек. Сооронбай Шариповичтин абдан оор миссиясы бар: Кыргызстандын президенттик мамлекеттен парламенттик мамлекетке өткөрүүнүн эң акыркы этабы колуна тийди. Ошол кезде анын тегерегинде катуу оюндар жүрүп жатат. Менимче, Сооронбай Шарипович туура натыйжаларды чыгарып жатат. Аракеттери жакшы, коррупция менен күрөшүү керек, аймактарды өркүндөтүү керек. Өзү да ушул жолду улантам деп келген. Ал сөзүнө турат. Жалаң гана мен эмес, ар бир КСДПнын активистти ушул сөзүнө туруп берет деп кепил болгон. Ошондуктан биздин максат, ошол жол түз бойдон сакталсын".

КСДП өлкөнүн соңку он беш жылдык тарыхында бир эмес эки президенттин бийлигин кулатууда чечүүчү ролду ойногон, соңку жети жылда бийликти мыкчып, оппозициянын ойронун чыгарган саясий күч катары таанылган.

Кызматтан кеткен президент башкаруучу партиянын жетекчилигине барган окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. Ошол эле учурда КСДП сүрөп алып чыккан Жээнбеков президент болуп башкарып жатат. Ошондуктан коомчулукта партиядагы ажырым, мурунку жана азыркы президент ортосундагы "жарака" туралуу түрдүү кеп-сөздөр айтылып жаткан. Бул айтылгандарды четке кагып, "Биздин элге тынчтык, биримдик керек" деди Атамбаев.

Партия лидерлигине кайтып келгенин кийинки шайлоого даярдык, партияны чыңдоо катары түшүндүрдү. Өлкөнүн демократиялык жол менен өнүгүүсүнө, чыныгы парламенттик башкарууга өтүшүнө КСДП дагы жоопкерчиликти алышы керек. Парламентке, президентке жардам бериши зарыл деди Атамбаев.

Сүрөттүн автордук укугу official

Курултай жабык эшик артында өткөн үчүн кимдер катышканын партиянын расмий баракчасындагы сүрөттөрдөн гана болжоого болот. Айталы, партиянын Ош аймагы боюнча бөлүмүн башкарган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков курултайга келген жок.

"Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырыш керек" деген сөз буга чейин КСДПнын айрым мүчөлөрү тарабынан айтылганы бар. Атамбаев деле "Асылбек Шариповичти сыйлайм, партияга жакшы иштеп берди. Президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет" деп буга чейинки айтылган пикирди бышыктагандай болду. Партия ортосундагы ажырым тууралуу кептердин айтылышына бул дагы себеп болуп берүүдө.

Бүгүнкү курултайдагы сүрөттөрдө баш калаа Бишкектин мэри Албек Ибраимов, КСДП фракциясынын депутаттары: Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Ирина Карамушкина, Дастан Бекешов, Марат Аманкуловдорду көрүүгө болот. Жалпысы болуп 200дөй делегат катышканы айтылды. (AbA)

Тектеш темалар