КСДП: оппозициялык жүрүшпү же регионалдык жиктелүүбү?

Атамбаев КСДПнын 17-съездинде Сүрөттүн автордук укугу Sdpk.kg

Ишембиде болгон КСДПнын съезди учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президент Жээнбековдун ишмердигин сынга алган сөзү алардын ортосунда саясий стратегиялык ажырым бар экенин көрсөттү. Ошондой эле бул КСДПнын ичинде регионалдык бөлүнүү тенденциясы ачыкка чыккан учур болуп калды деп жатышат.

Стратегиялык жиктелүү

Атамбаев съезд учурундагы басма сөз жыйынындагы сөзүндө президент Жээнбековдун коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүн жана "2040 стратегиясынын" Улуттук кеңешке сунушталган жаңы редакциясын туура жолдон чыккан жүрүш катары эсептеп, ага президент аппаратын күнөөлөдү. Атамбаев аталган стратегияда парламенттик башкаруу багыты алынып салынганына чыдай албастыгын билдирди.

"Президент аппараты биринчи окууда бекиген стратегиянын ордуна таптакыр башка стратегияны алып өтмөкчү болгон. Анда бара-бара парламенттик өлкөгө өтүү жөнүндөгү стратегиялык маселелер алынып калган. Мындай нерселер мага принципиалдуу түрдө катуу тиет",-деди экс-президент.

Коопсуздук кеңешинде Жээнбеков күч органдарында коррупциянын деңгээли коркунучтуу деңгээлде болуп жатат деп, аны тазалоонун чараларын көрүүгө чакырган эле. Ал эми өнүгүү стратегиясын 29-мартка Улуттук кеңештин кароосуна киргизип, аны кабыл алууну өкмөттүн өтүнүчү менен апрелге калтырылганы айтылган. Көрсө, анын токтоп калышында экс-президент Атамбаев себепкер болгону эми ачыкка чыгууда.

Атамбаев ошондой эле Бишкек ЖЭБиндеги модернизация Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда бүткөн иштер экенин баса белгилеп, жоопкерчилик ошондуктан иш бүткөндө келген Сапар Исаковдо эмес, Жээнбековдун өзүндө экенин ишарат кылды.

Атамбаев менен Жээнбеков съезддин алдында өздөрүнчө жолугушуп сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Съезддеги ачуу сөз ошол жолугушууда Атамбаев менен Жээнбеков бир бүтүмгө келе алышкан эмеспи деген ойго алып келүүдө.

"Съездге чейин төрт жарым саат сүйлөшсө, анан ошого карабай съездде жана маалымат жыйынында жанагындай сөздөр чыгып атса, кандая тыянак чыгарса болот? Бири-бирин ынандырбай койгон деген тыянак чыгарабыз да. Экинчиден, де-факто КСДП оппозицияга кетти. Эми канчалык бат конструктивдүү оппозицияга кетсе, КСДПнын өзүнө жакшы болот. Конструктивдүү оппозиция пайда болсо, Жээнбековдун өзүнө да жакшы болот. Парламентаризмге да жакшы болот,- дейт аналитик Алмаз Акматалиев.

Регионалдык жиктелүү

Сүрөттүн автордук укугу B.STAMKULOFF
Image caption Атамбаевдин Жээнбековду сындаган сөзүнө каршы болуп, КСДПнын съездинен түштүктөн келген бир топ делегат чыгып кетти.

Экс-президент ошондой эле президент Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырбаса, анын зыяны президентке тиет деген сөзү менен Жээнбековдун айланасындагы жана Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынындагы кырдаалга чочулаганын көрсөттү. ЖКдагы социал-демократтардын ичинде жана түштүк элитасынын өкүлдөрү Асылбек Жээнбековдун айланасына бириккен тенденция бар деп жатышкан. КСДПнын съездинен Атамбаевдин президент Жээнбековду сындаган сөзүнө нааразы болуп түштүктөн келген делегаттардын бир тобу чыгып кеткени дагы башкаруучу партиянын ичинде регионалдык бөлүнүү башталдыбы деген ойго жетелейт.

"Чынында эле менин оюмча КСДПнын түштүк жагын Жээнбековдор кармап турса керек эле. Негизги таянычы болуп келген. Съездден чыгып кеткендер түштүктөн экенин эске алганда, анда ошондой тенденция тастыкталып жатыптыр да. Бирок президенттин иниси депутаттыктан кетиш керек деген талап туура эмес. Анткени ал агасы президент болгонго чейин эл аркылуу шайланган да. Андай талап Конституцияга каршы келет ,-деди Би-Би-Сиге саясий серепчи Бурул Усманали.

Байкоочулар баамында, съезд учурундагы экс-президенттин билдирүүлөрү өлкөдө кош бийлик жүрүп жатканын ачык көрсөттү дешет. Ошол эле учурда башка пикирлерге караганда, бул курултайды Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда ажырым башталганы ачыкка чыккан учур катары карашууда. Бул ажырым эми барган сайын чоңоюп, акыры эки башка күчтүн саясий тирешине алып келбейби, деген жоромолдор болууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар