Бишкек: Коомдук транспорт кыймылы жанданды

Айдоочулардын 70%ы ишке чыкты Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Айдоочулардын 70%ы ишке чыкты

Бишкектеги маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосу уланууда. Бүгүн борбордо коомдук транспорт бир аз жанданганы менен маселе толук чечиле элек.

Жергиликтүү айдоочулар милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айып пулдун көлөмүн азайтуу жана жол киреге тарифти көтөрүү талабы менен 2-апрелде иш таштаган.

Өкмөт айдоочулардын талабы аткарылбайт деп, жеке менчик транспорт бирикмелеринин жетекчилерине эскертүү берди.

Айдоочулар чагым куралыбы?

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары ишке чыга башташты.

Мэрия алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атаканов коомдук транспорт 70%га жанданганын Би-Би-Сиге билдирди.

"Көпчүлүк айдоочулар бүгүнтөн тарта ишке чыга башташты. 70% ишке чыкты. Масштабдуу иш таштоого чагымчыл күчтөр себепчи болду деп эсептеп атабыз. Айдоочуларды кээ бир күчтөр колдонуп жатышы мүмкүн. Себеби айдоочулардын 80%зынын камсыздандыруу полиси бар да. Полиси жок балдарды айрым күчтөр колдонуп койду. Ошол эле",- деди Нурлан Атаканов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бишкек: жүргүнчүлөр жөө жүгүрүп убара

Ал учурда айдоочулардын жалпы иш таштоосуна эмне себеп болгондугу тууралуу тийиштүү органдардын териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

"Айдоочулуктун пайдасынан чыгымы көп"

Борбор калаада жүргунчүлөрдүу ташуу менен алектенген жеке менчик 41 бирикме иш алып барат. 120 маршрут менен 2700 маршруттук такси Бишкекте күнүнө коомдук транспорт кыймылын камсыздайт.

Бүгүн жергиликтүү бийлик жумушка чыккан кесиптештерине ыдык көрсөткөн айдоочуларды теске салуу үчүн атайы 13 милиция топторун уюштурду.

2-апрелде ишке чыккан айрым айдоочуларды өз кесиптештери ур-токмокко алып, машинелерин талкаганы тууралуу жаңылыктар социалдык желелерде тараган эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Премьер министр Сарап Исаков транспорттук коллапс боюнча өкмөттүк жыйын курду.

Айдоочулар көрүнөө да көмүскө да көп чыгымдарга учурап жаткандыктан айласыздан иш таштоого барып, өз койгөйлөрүнө көңүл бурдургусу келгендерин айтып жатышат.

Премьер-министр Сапар Исаков дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрү менен жыйын куруп, транспорттук коллапс маселесин карады. Өкмөт башчы өз адамдарын айдоочуларга жиберип, алардын көмүскө төлөм көйгөйлөрү тууралуу маалымат алганын айтты.

Көмүскө чыгымдын дареги текшерилет

"Айдоочулардын айтканына караганда транспорттук инспекторго алар бир бригада атынан айына 3000 сомдлон берип турушат экен. МАИ кызматкерлерине болсо бригада 5000 сомдон берет экен. Маршруттун схемасы бекер берилет деген менен айдоочулардан 100 сомдон алышат тура. Патент деген бар, ага 1500, Соцфондго 800 сомдон төлөшөт. Посадчик деген бар, алар бир рейс үчүн 20 сомдон алышат экен. Транспорттук инспекторго кун сайын эртен менен жана кечинде 20 сомдон беришет. Парковка үчүн күнүнө 60 сомдон төлөшөт экен",- деди өкмөт башчы Сапар Исаков.

Финансы полициясы бир жума аралыгында премьерге бул маалыматтырдын чын-бышыгын текшерип берип, эгер көмүскө төлөмдөр такталса, анда бул боюнча олуттуу чаралар көрүлөрүн өкмөт башчы эскерттти.

Сүрөттүн автордук укугу Mirsuljan Namazaly
Image caption Социалдык желелерде кырдаалдан чыгуунун жолдору сунушталууда

Бишкекте коомдук транспорттун 88%ын маршруттук таксилер түзөт. Калган 9%ы автобустарга жана 2%ы троллейбустарга туура келет.