Кыргыз-өзбек чек арасындагы өлүм иликтенүүдө

Чек арачылар жолугушуусу тууралуу эки өлкө өкмөт башчылары кечээ макулдашкан
Image caption Чек арачылар жолугушуусу тууралуу эки өлкө өкмөт башчылары кечээ макулдашкан

9-апрелде "Автодорожный" өткөрмө бекетинде кыргыз-өзбек Чек ара жетекчилери Аксыдагы чек ара аймагындагы кыргыз жаранынын өлүмү боюнча жолугушат. Тараптар 7-апрелде чек арадагы аймакта өзбек аскерлери колунан ажал тапкан 34 жаштагы Фархад Мырзакалыковдун өлүмүн иликтөө боюнча кыргыз тараптын маалыматын угушат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын төрага орун басары Руслан Мирзиеев Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө жолугары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Би-Би-Сиге Мамлекеттик Чек ара кызматынан Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында бүгүн окуя болгон аймакка Кыргызстандын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгыны жетекчиси Таалайбек Кожошев барып, Аксы районунун акими, жергиликтүү күч жана тартип орган өкүлдөрү менен жолугушту.

Ушу тапта чек арадагы аймак тургундарына тактала элек чек арадагы аймактарда өзүн алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Фархад Мырзакалыков 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында баратканда окко учканын билдирген.

Бирок өзбек тарап кыргызстандык жаран чек араны кесип өтүүгө аракет кылганын айтууда.

Буга байланыштуу Бишкек Ташкентке нота жиберип, 8-апрелде кыргыз-өзбек өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, окуяны иликтөөнү колго алышкан.

Ал арада Кыргызстандын Акыйкатчы институту да бул окуянын дыкат иликтенишин көзөмөлгө алды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, каза тапкан кыргыз жараны Өзбекстандагы туугандарына барып, кайра кайтып келе жатканда анын аркасынан түшкөн өзбек чек арачысы ага Кыргызстандын аймагына кирип ок атканын айтылат.