Атамбаев менен депутаттардын жолугушуу максаты эмне?

КСДП фракциясынын жыйыны Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption КСДП фракциясынын жыйыны

КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнө жаңы орун басарларды дайындайт. Ал КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушуусунда депутаттардын сөзүнө адегенде ачууланып, кайра көп маалымат алганын айткан. Бул тууралуу фракция мүчөсү Рыскелди Момбеков Би-Би-Сиге билдирди.

Партия лидери Алмазбек Атамбаев орун басары Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешинен кетип жатканын айткан. Бул тууралуу ал менен жолушууга барган социал-демократ депутат Рыскелди Момбеков айтты.

Жолугушууда саясий кырдаал, 2020-жылкы шайлоого даярдык, партиянын жумуштары тууралуу сүйлөшүшкөн.

Партия лидери менен катардагы жолугушуу болду деген Момбеков ошол эле маалда Атамбаев депутаттардан ачуу чындыкты укканга аргасыз болду дейт:

“Атамбаев башында ачууланып, бирок аягында чындыкты укканга аргасыз болду. “Мен деле көп нерселерди укпаптырмын, керектүү нерселерди айттыңар” деди. Алмазбек Шаршеновичтин жанындагы айрым адамдар анын атынан иштерди кабыл алганын айттык. Фракция мүчөлөрү биз деле өзү менен эч качан түз жолуккан эмеспиз. “Көп кемчиликтер кетти” деп көзгө сайып айтсак, ал киши кичине чычалай түштү. Бирок аягында жакшы түшүнүшүп, эки тарапты тең канааттандырган баарлашуу болду”.

Фракциянын мурдагы мүчөсү, депутат Жанар Акаев Атамбаев депутаттар аркылуу акыркы мүмкүнчүлүгү жол бергиче таасирин сактап калуу аракетин көрүүдө деп ойлойт. Анткени ал буга чейин депутаттардын баары менен бир да жолукчу эмес деди.

“Фракция мүчөлөрү жолугушуу курч маанайда өткөнүн айтышты. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн таасирин мынчалык тез жоготоорун билген эмес. Бүгүн жолугушууга фракциянын жарымына жетпегени барганы анык болду. Атамбаев акыркы кадры – өкмөт башчыны сактап калуу аракетин көрүп жатат. Ошого фракция катуу туруп берсе, өкмөт башчыны коргоп берсе деген тилегин айтса керек. Бирок менимче, андай болбойт. Парламентте Сапар Исаковду өкмөт башчылыктан алуу боюнча кызуу сөз болуп жатат. Ушу шаршемби, бейшемби күнү каралат деп ойлойм”, - дейт Акаев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption КСДП лидери Алмазбек Атамбаев фракция мүчөлөрү менен жолугушууда Кытайга сапары боюнча да айтып берген

Партия лидери менен жолугууга 37 депутаты бар фракциядан 19 киши барган.

Атамбаев аларды кабыл алат деген кабар коомдук тармактарда талкууланып, маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Саясий ишмер Алмазбек Акматалиев партия лидеринин партия мүчөлөрү менен жолугушуусу катардагы көрүнүш, бирок бүгүнкү жолугушуунун кызыгуу жаратканы азыркы саясий абал менен байланыштуу дейт. Ал Атамбаевдин партия аркылуу таасир этүү аракети да мыйзамдуу жана ачык болмок деген ойдо:

“Көмүскө, тымызын, досу аркылуу же башка аркылуу башкаруу аракеттеринен көрө партиясы аркылуу таасирин көрсөтсө ал жерде ачыктык болмок. Алмазбек Шаршенович Атамбаев күчтүү балдарын өзү эле чакырып кетип, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ачык түрдө конструктивдүү оппозиция катары даярдык көрсө, чынчылдык болмок”.

Өткөн жумада УКМК төрагасынын орун басарлыгынан президент тарабынан алынган Болот Сүйүмбаев бүгүн өкмөт башчысы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башына дайындалды. Акматалиев бул азыркы жана мурунку президенттин ортосундагы карама-каршылык бар экенин тастыктады дейт.

Ал ошондой эле КСДП фракциясынын жарымынын жолугушууга барбаганы да партия менен фракция ичиндеги ажырымдан кабар берет деп баалайт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption КСДП депутаты Рыскелди Момбеков

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев президент менен мурдагы президент кырдаалды жакшы түшүнүп, тирешүүнүн күчөшүнө жол бербейт деп ишенет.

“Президент Жээнбеков өз позициясын күчөтүп, эл дагы аны колдоп жатат. Атамбаевди “жарга такабай” компромисске барат болуш керек, Атамбаев да ошентет деп ойлойм. Абдил Сегизбаев биринчи вице-премьер министр болот деген сөздөр айтылып жаткан. Андай болсо, бул Атамбаевдин тарапташтарына куугунтук болбойт экен деген белги болот”, - деген оюн бөлүштү Марс Сариев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын 31-марттагы курултайында партиянын лидери болуп шайланган.

Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого партиясын баштап келээрин президент кезинен бери эле айтып келген. Эксперттер анын курултайдагы берген маалымат жыйыны азыркы президент менен мамилесине доо кетирген учур болуп калды дешет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар