Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Корутунду

  1. Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жыйынтыкталды
  2. БШКнын соңку маалыматында Конституцияны өзгөртүүгө макул болуп добуш бергендер саны шайлоочулардын 80 пайызга чукулун түзгөн
  3. 21:30га карата маалымат боюнча 926 870 шайлоочу Конституцияны өзгөртүүнү колдоп добуш берген
  4. Жалпысынан шайлоо жана референдум өттү деп эсептелди
  5. Шайлоо тыянактары боюнча болжолдуу маалымат 21:55те кабарланат

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо КСДП менен «Республика – Ата-Журт» алдыга чыкты

Алдынала маалыматтарга караганда Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо жети пайыздык босогодон беш саясый партия өттү.

Шайлоонун алдынала тыянактары боюнча 45 мандаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде Кыргызстан социал-демократтар партиясы 13 мандатка, экинчи орунда бара жаткан «Республика –Ата-Журт» партиясы 12 мандат, «Өнүгүү-Прогресс»-8 мандат, «Мекеним Кыргызстан»-7, «Кыргызстан»-5 мандатка ээ болушу мүмкүн.  

Бишкек шаары боюнча КСДП- 32 295 добуш алган(24,89%), "Республика - Ата Журт" - 30 969 добуш (23%), "Өнүгүү-Прогресс" - 19 723  добуш (15,02%), "Мекеним Кыргызстан" - 16 909 добуш (13,03%), "Кыргызстан " – 12124 добуш (9,34 %). 

Шайлоо
BBC

948 миң шайлоочу Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду

БШКнын соңку маалыматы боюнча Конституцияны өзгөртүү  боюнча референдумга 1 млн 191 миң  432 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы катталган шайлоочулардын 42,07 пайызын түзөт. Алардын 80 пайыздайы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун берген. Тактап айтканда, 948 миң шайлоочу Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. Каршы добуш бергендер 194 миң шайлоочуну түзөт. Демек 17% шайлоочу каршы добуш берген. 

Шайлоого катышуу бонча аймактардагы көрсөткүчтөр: Бишкек шаары  -43,4%, Жалал-Абад облусу - 44%, Баткен- 42,% Талас- 48,44%, Ысык-Көл -39%, Нарын -46,14%, Чүй - 38,32%, Ош обулсу- 43%, Ош шаары - 48,4%, cыртта жүргөн кыргызстандыктар -6,41%.  

шайлоочулар
BBC

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу

Азыркы учурда кылмыш кылгандардын жазалоо мөөнөтү өтүп кетсе жоопкерчиликке тартылбайт. Жаза мөөнөттөрү кылмыштын оордугуна жараша мыйзамда белгиленген.

Жаңы толуктоолордо геноцид жана экоцид боюнча кылмыштарга мөөнөтү коюлбайт деп сунушталууда.

Геноцид - бул элди массалык кыруу. Экоцид – бул жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүн массалык түрдо жок кылуу, ошондой эле аба же сууну ууландыруу.

Ошондой эле бул тизмеге Кумтөр алтын кениндеги кылмыштар да кошулууда. Кыргызстанда биринчи жолу бир конкреттүү ишкана аталып, Баш мыйзамга киргизилип жатат.

Кумтөр
Getty Images

21:30га карата маалымат боюнча 926 870 шайлоочу Конституцияны өзгөртүүнү колдоп добуш берген

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 21:30га карата берген маалыматы боюнча  926 870 шайлоочу Конституцияны өзгөртүүнү колдоп добуш берген. Ал эми каршы добуштар саны 178 874 болду. Жараксыз деп табылган бюллетен  58 455 болгон.  

БШКнын соңку маалыматында Конституцияны өзгөртүүгө макул болуп добуш бергендер саны шайлоочулардын 80 пайызга чукулун түзгөн

БШКнын соңку маалыматында Конституцияны өзгөртүүгө макул болуп добуш бергендер саны шайлоочулардын 80 пайызга чукулун түзгөн
BBC

Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болуп добуш бергендер саны 807 366

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсүнө караганда, Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болуп добуш бергендери 807 366, ал эми каршы болгондор  154 608 кишини түзгөн. Бул алдынала маалыматтар, дагы өзгөрүүлөр болот.  

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Башкы прокуратуранын укуктары

Жаңы толуктоолор боюнча Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Өкмөткө караштуу болгон Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берет.

Бул өзгөртүү мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн сапатын түшүрөт деген чочулоо бар. Анткени Өкмөттүн өзүнүн кылмыш иштерин Өкмөткө караштуу мекемелер иликтеп, тергеп калат.

Прокуратура
www.prokuror.kg

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Эл аралык чечимдерди аткаруудан баш тартуу

Азыркы учурда Эл аралык соттордун чечимдери Кыргызстанда жергиликтүү соттордун чечимдеринен жогору турат -  бул Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерде жазылган. Эгер Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, кыргыз сотторунун чечимдери эл аралык уюмдардын чечимдеринен жогору туруп калат.

Кыргызстандын соттору Эл аралык соттордун чечимдерин эске албай кое алат. 

Соттун балкасы
Getty Images

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Жарандык

Баш мыйзамга каралган кезектеги толуктоо боюнча мамлекет кыргызстандыктарды жарандыктан ажыратууга укуктуу болот. Бийликтегилер бул терроризм менен күрөшүү үчүн зарыл деп жатышат. Жарандыгы жок адамдар ээн-эркин жүрө алышпайт.

Бирок жарандыктан ажыратуу үчүн конкреттүү негиздер жана бул чечимди чыгара турган мамлекеттик орган жазылган эмес. Ошондуктан айрым эксперттер бул беренени бийликте тургандар өздөрүнүн атаандаштарына каршы колдонушу мүмкүн деп жатышат.

Ошол эле учурда жарандыктан ажыруу жолдору Жарандык жөнүндө мыйзамда жазылган, бирок, Баш мыйзамда каралган эмес.

Паспорт
Getty Images

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Үй-бүлө жана нике

Конституцияга каралган кезектеги өзгөртүү боюнча нике эркек жана аялдын ортосунда гана катталат. Азыркы баш мыйзамда нике бул эки түгөйдүн ортосунда болот деп бирок анын жынысы көрсөтүлгөн эмес.

Конституциялык реформаны колдоп жаткандар бул өзгөртүү бир жыныстуу никеге бөгөт коет деп жатышат. Бирок Үй-бүлө Кодексинде нике эркек менен аялдын ортосунда болот деп так жазылган.

Флаг
AFP

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Адам укуктарын чектөө

Конституциянын азыркы редакциясына ылайык, адам укуктары улуттук коопсуздук, коомдук тартипти камсыз кылуу, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо максатында чектелиши мүмкүн.

Жаңы сунуштарга ылайык, бул тизме эми аскердик жана башка кызмат зарылдыгы менен да толукталат. Бул иш жүзүндө кандайча аткарыла турганын азыр айтуу кыйын.

Демонстрация
AFP

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Премьер-министрдин ыйгарым укуктары

Өзгөртүүлөрдө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүп, парламенттин бийлигин азайтуу каралган. Айрым эксперттер менен юристтердин айтымында бул парламенттин өкмөттөн көз карандылыгына алып келиши мүмкүн.

Парламенттин депутаты бир эле учурда премьер-министр же вице-премьер-министр боло алат. Эгер депутат ушул кызматтардын бирөөн ээлесе ал парламенттин жыйындарында добуш бере берет. Эгер ал бул кызматтан түшүп калса, депутат болуп иштей берет.

Демократиялык өлкөлөрдө бийлик бутактары ажыратылган, өкмөт парламентке отчет берет жана көзөмөлдөнөт. Эгер жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьер-министр менен вице-премьер-министр өздөрүнө отчет берип калабы деген суроого так жооп боло элек.

Ошондой эле премьер-министр бир жылда эки жолу парламенттин алдында өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө маселе кое алат. (Азыркы учурда ал муну жылына бир эле жолу жасай алат).  Өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындап, өзү бошото алат. Бүгүнкү күнү бул чечимдерди президент кабыл алат.

Мындан сырткары, премьер-министр жергиликтүү кеңештердин макулдугусуз эле жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындап жана бошото алат.

Өкмөт
BBC

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Бийликтин сот бутагы

Конституцияга каралган өзгөртүүлөр судья кызматына талапкер болгондор үчүн айрым чектөөлөрдү киргизет. Бирок бул кандай чектөөлөр экени аталган эмес.

Эгер бул жобо өтүп кетсе, парламент керектүү чектөөлөр жазылган мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Мисалы, купуя кат алышуудан баш тартуу же алардын телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшоо сыяктуу чектөөлөр болушу мүмкүн дешет. Бул судьялардын көз карандылыгын чыңдайбы же тескерисинче азайтабы деген суроо турат.

Президенттин сотторго болгон таасири жогорулайт. Ал жергиликтүү судьяларды бир жерден экинчи жерге которо алат. Азыркы учурда соттордун ротациясын Сотторду тандоо кеңеши жүргүзөт.

Азыркы учурда соттордун мыйзам бузган учурларын Соттор кеңеши карайт. Баш мыйзамга каралган өзгөртүүлөр боюнча эми бул ишти Соттор кеңешинде тартип комиссиясы карап калат. Бул комиссия президент, парламент жана Соттор кеңеши тарабынан түзүлөт. Президент менен парламенттин өкүлдөрүнүн бул комиссияда болушу судьяларга таасир көрсөтүү рычагын камсыз кылат.

Жогорку Сот  сот маселелери боюнча түшүндүрмө бере алат. Азыркы учурда алар сунуш иретинде болсо, өзгөртүүлөргө  ылайык алар соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болуп калат.

Бирок бул өзгөртүү Баш мыйзамдын өзүнө каршы келет деген пикирлер болуп жатат, анткени судьялар көз каранды эмес жана Баш мыйзамдын өзүнө гана таянышы керек.

Сот
Getty Images

Болжолдуу маалымат 21:55те белгилүү болот

Жалпысынан шайлоо жана референдум өттү деп эсептелди. БШК маалыматында саат 18:00гө карата 35 пайыздан ашуун шайлоочулар добуштарын беришкен.Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коомдук канал аркылуу түз эфирде шайлоо тыянактары боюнча болжолдуу маалымат  21:55те маалымдала турганын айтты.  

Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жыйынтыкталды

Саат 20:00дө өлкөдөгү бардык добуш берүү жайлары жабылды. БШКмаалыматына караганда жергиликтүү кеңештерге шайлоо  Бишекек  баш болгон 22 шаарда өттү. . Жалпы болуп 35 саясий партия ат салышкан.Ошондой эле 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калгандары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.  

Саат 20:00дө өлкөдөгү бардык добуш берүү жайлары жабылды
BBC
Саат 20:00дө өлкөдөгү бардык добуш берүү жайлары жабылды

Ошурахунова: БШКнын маалыматты жаңылабаганы шек жаратат

 “БШК мурдагы референдумдарда ар 2-3 саатта алдын-ала маалымат берип турчу. Алар саат 13:00дөн кийин унчукпай калганы шек жаратат. Балким эл өтө аз келгенде айтпай калгандыр”, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова. Ал “кантип эле эки-үч саатта добуш бергендердин саны 30 пайызга жетип кетти деген суроо турат” деди. БШК референдумга саат 13:00гө карата 13,79 пайыз келгенин билдирсе, алты саат маалыматын жаңылабай, саат 17:00дө 30,41 пайызга жеткенин айтты.  

Динара Ошурахунова
facebook

Референдум өттү деп эсептелди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 17:00гө карата республика боюнча шайлоочулардын 30,41 пайызы же 867 миңден ашуун адам добуш берди. Бул тууралуу билдирген БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова референдум өттү деп эсептелет деп билдирди. Башмыйзамды өзгөртүү үчүн өтүп жаткан референдум жарактуу болуш үчүн шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы келиш керек.  

шайлоочулардын 30,41 пайызы же 867 миңден ашуун адам добуш берди
BBC

Кыргызстандын Лондондогу элчилигинде кыргыз жарандарынын добуш берүүсү жүрүп жатат

Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 гө карата чет өлкөлөрдө 34 шайлоо тилкеси ачылып, иштеп жатат. Анын ичинде Кыргызстандын Лондондогу элчилигинде №9038 шайлоо бекети ишин жүргүзүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалыматынa ылайык, бул жолку шайлоодо дүйнөнүн 25 өлкөсүндө 35 шайлоо участкасы уюштурулган.    

Шаардык кеңештерге добуш бергендер саны 30,76 пайызды түздү

БШКнын 17:00гө карата соңку маалыматтарына караганда шаардыккеңештерге добуш бергендер саны 30,76 пайызды түздү. Эң активдүү аймак катары Ысык-Көл облусу 36,32 пайыз, Жалал-Абад облусу 35,65%  болгон. Айылдык кеңештерге шайлоочулардын 32, 37 пайызы добуш берген.  

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу аракеттери ачык да, тымызын да болуп жатканы айтылып жатат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу аракеттери ачык да, тымызын да болуп жатканы айтылып жатат. Социалдык тармактарга айрым шайлоочулар бул тууралуу билдирүү жазууда.  ИИМ маалыматына караганда добуш сатып алуу боюнча үч факты катталган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу аракеттери ачык да, тымызын да болуп жатканы айтылып жатат
screenshot

Өкмөттүк маалыматтарга караганда референдумга катышуу саат 17ге карата 28,1% түздү

Өкмөттүк маалыматтарга караганда референдумга катышуу саат 17ге карата 28,1% түздү. Жергиликтүү кеңештерге елген шайлоочулар саны саны 29,1% болгон.  Мыйзам бузуулар боюнча алты арыз келип түшкөн.

Мындан алдын БШК өкүлү Гулнара Баатырова Коомдук биринчи каналга  берген  маегинде шайлоого катышуу 16 пайызды түзгөнүн, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 18 пайызды түзгөнүн кабарлап, шайлоочуларды активдүү болууга чакырган эле.  

Баткен облустук бийлигинин өкүлү Диля Парпиева өзүнүн “Фейсбук”баракчасына саат 16:00гө карата жергиликтүү кеңештерге шайлоого   60498 (28% ) киши добуш берди деп жазды. Ал эми референдумга катыша турган шайлоочулардын саны 237983 киши болсо, 16:00 гө  карата 68092 (29%) киши добуш берген.  

Соңку маалыматтарга караганда саат 17:00гө карата шайлоого катышуу 16 пайызды түзгөн
screenshot

КМШ байкоочулары Кыргызстандагы шайлоону жогорку деңгээлде уюштурулган деди

Кыргызстандагы шайлоого бакйоочу катары көз салып жаткан Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мүчөсү Татьяна Алексеева Бишкектеги бир катар шайлоо участкаларына болгонун билдирип, шайлоо уюшкандыкта өтүп жатат деди:

“Шайлоо тилкелеринде элдин активдүүлүгүн байкоого болот. Шайлоожогорку деңгээлде уюштурулуптур. Бул жерде БШКнын жакшы эмгегинбелгилеп кетүү зарыл”.

Учурда кыргызстандагы референдумга жана жергиликтүү кеңештергешайлоодо 181ге жакын эл аралык байкоочу көз салууда.  

БШК электрондук үкөктөр бузулганы туралуу үч гана билдирүү түшкөнүн билдирди

“Жарандарды тактоо апараты бузулганы тууралуу көп билдирүү келип жатат. Бирок бул массалык эмес. Аларды атайын техникалык топ оңдоп жатат”,- деди БШК төрайымы  Нуржан Шайлдабекова. Ушул тапта БШК журналисттер үчүн соңку маалыматтарды берген маалымат жыйынын өткөрүүдө.  

БШК электрондук үкөктөр бузулганы туралуу үч гана билдирүү түшкөнүн билдирди
BBC

Айрым партиялар өздөрүнүн шайлоочуларын белгилеп жатат

Айрым партиялар өздөрүнө добуш бере тургандарды билип алуу үчунмедициналык маска жана тик-так таттууларын белги катары колдонупжатканын K-news интернет сайтты жазып чыкты.  

Айрым партиялар өздөрүнүн ш айлоочуларын белгилеп жатат
Screenshot

Социалдык тармакта студенттерди мугалимдер көзөмөлдөп добуш бердирип жатканы тууралуу талкуулар жүрүүдө

Жарандык көзөмөл комитетинин мүчөсү Динара Ошурахунова, Бишкектеги кошумча ачылган шайлоо участкасында студенттерди массалык түрдө алып келип, добуш бергенин мугалимдери көзөмөлдөп жатканын өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. 

Динара Ошурахунова фейсбук баракчасына жазды
Screenshot
Социалдык тармакта студенттерди мугалимдер көзөмөлдөп добуш бердирип жатканы тууралуу талкуулар жүрүүдө
screenshot
Социалдык тармакта студенттерди мугалимдер көзөмөлдөп добуш бердирип жатканы тууралуу талкуулар жүрүүдө
screenshot

Чет өлкөдөгү ачылган шайлоо бекеттери ишин баштады

Чет өлкөдөгү ачылган шайлоо бекеттеринде  кыргыз жарандарынын добуш берүүсү жүрүп жатат.  Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 гө карата чет өлкөлөрдө 34 шайлоо тилкеси ачылып, иштеп жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматынa ылайык, бул жолку шайлоодо дүйнөнүн 25 өлкөсүндө 35 шайлоо участкасы уюштурулган.  

Түркиянын Анкара сыяктуу бир катар ири шаарларында шайлоо тилкелери ачылды
Official
Түркиянын Анкара сыяктуу бир катар ири шаарларында шайлоо тилкелери ачылды

Шайлоочулар айрым участкаларда система иштебей, узун кезек болуп жатканын жазууда

Айрым шайлоо бекеттеринде узун кезектер жаралаганы айтылып жатат.  

Айрым шайлоо бекеттеринде узун кезектер жаралаганы айтылып жатат.
Screenshot
Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери жана референдумга кыргыз жарандарынын катышуусу башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 гө карата чет өлкөлөрдө 34 шайлоо тилкеси ачылып, иштеп жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматын ылайык, бул жолку шайлоодо дүйнөнүн 25 өлкөсүндө 35 шайлоо участкасы уюштурулган.
Screenshot

Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

“Түштөн кийин Бишкектеги шайлоо бекеттеринде активдүүлүк байкалып жатат”,-деп билдирди Би-Би-Си кабарчысы

“Түштөн кийин Бишкектеги шайлоо бекеттеринде активдүүлүк байкалып жатат”,-деп билдирди Би-Би-Си кабарчысы. Айрым жерлердеузун кезектер жаралып жатканын айрым социалдык тармактынколдонуучулары жазып чыгышууда.  

Нина Чуракаева
BBC
Нина Чуракаева: "Мага баарибир эмес. Жакшы баса албаганыма карабай шайлоого келатам"

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев барган шайлоо участогунда система иштебей калды.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев барган шайлоо участогунда система иштебей калды. Бул тууралуу Марал радиосунун сайты жазып чыкты.

Бул макаланы да окуңуз: Текебаев Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү талдады

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев барган шайлоо участогунда система иштебей калды. Бул тууралуу Марал радиосунун сайты жазып чыкты.
BBC

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Бишкек шаарындагы шайлоо жүрүшүнө байкоо салып жатышканын Би-Би-Сиге айтып берди.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит: Бишкек шаарындагы айрым участкаларында шайлоо жандуу өтүп жатат, кээ бир жерлерде гана айрым техникалык мүчүлүштүктөргө күбө болдук. Жалпысынан алганда Бишкек шаарында шайлоо тынч маанайда өтүп жатат.  

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит шайлоо участокторунда байкоо жүргүзүүдө

Кыргызстандын көбүрөөк Ош аймагын байырлаган лөлү жамааты шайлоо өнөктүктөрүнө катышууда

Кыргызстандын көбүрөөк Ош аймагын байырлаган лөлү жамааты өздүк тактаган жарандык документи жок, көп учурда шайлоо өнөктүктөрүнө катышуусу начар болору айтылып келгени бар. Соңку шайлоолордо алар активдүү катыша баштаганы айтылып келатат. Бул жолу да айрым байкоочулар алардын шайлоого катышуусуна маани берип жатышат. №5221 шайлоо бекетинде лөлү жамаатынан 130 шайлоочу добуш берген.  

Көпчүлүгү лөлүлөр байырлаган Кара-Суунун Жаңы-Айыл аймагындагы бул шайлоо участкасында 4 миңден ашуун шайлоочу катталган. Алардын 1378 шайлоочусун лөлү тектүүлөр түзөт.  

лөлү жамааты
BBC
Соңку шайлоолордо лөлү жамааты активдүү катыша баштаганы айтылып келатат
BBC
Кара-Суунун Жаңы-Айыл аймагындагы шайлоо участкасы

Референдумда шайлоочулар Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө добуш берүүдө

Референдумда шайлоочулар Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө добуш берүүдө. Негизги өзгөртүүлөр адам укуктары жана бийлик бөлүштүрүү жагында болот. Кыскача түшүндүрмөну төмөндөгү макаладан окуңуз:

Конституциялык референдум: Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкуулар активдүү жүрдү

Жогору Кеңештеги 84 депутат демилгелеген Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунда Конституцияга отуздан ашыкөзгөртүү каралган. 

Бул макаланы төмөнкү шилтемеден окуңуз: Референдум: Отуз оңдоого- бир жооп  

Кезектеги референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бир күндө өтүүдө

Мунун арты менен бюджетти да үнөмдөп, шайлоочуларды да көбүрөөк келтирүүгө аракет кылып жатышат дейт байкоочулар. БШК маалыматына караганда жергиликтүү кеңештерге шайлоо Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо Бишекек  баш болгон 22 шаарда өтүүдө. Жалпы болуп 35 саясий партия ат салышууда. Ошондой эле 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калгандары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.  

Шайлоо борбор калаа Бишкек башында турган 22 жерде өтүп жатат
BBC
Шайлоо борбор калаа Бишкек башында турган 22 жерде өтүп жатат

БШК маалыматына караганда саат 11:00ге карата референдумга 95 миң ашуун киши добуш берди

БШК маалыматына караганда саат 11:00ге карата референдумга 95 миң ашуун киши добуш берди. БШК Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 3,35 пайызын түзөт. Нуржан Шайлдабекова билдиргендей Баткен облусу боюнча - 2,89%, Жалал-Абат -2,8%, Ош обулсу -3,45%, Нарын-3,20%, Талас-3,90%, Ыссык-Көл -3,34%, Чүй- 3,33%, Бишкек шаары боюнча -4,33%. БШК азырынча активдүүлук Ош облусунда деп айтты.  

Шайлоочуларды атайын келген кишилер тизме менен чогултуп киргизүүдө

Ош шаарындагы Курманжан-Датка кичи шаарчасындагы №5325 шайлоо участкасында добуш берүү активдүү жүрүүдө деп билдирди жергиликтүү журналист Бектурсун Абдумаликов. “Бирок шайлоочуларды атайын келген кишилер тизме менен чогултуп киргизүүдө”,-дейт ошол аймакта жүргөн Бектурсун Абдумаликов.  

Шайлоочулар атайын келген кишилер тизме менен чогултуп киргизүүдө

Кыргызстандын конституцияны оңдоо боюнча 25 жыл ичиндеги сегизинчи референдум

Кыргызстандын конституцияны оңдоо боюнча 25 жыл ичиндеги сегизинчи референдум. Бирок буга чейинки референдумдардын биринде дагы мынчалык курч талаш-талкуу жана карама-каршылыктар болгон эмес. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бийликке келген пикирлештер ортосунда каршылашуу жаратты. Конституциялык талаш-талкуулар компроматтар согушуна айланды. УКМК офшордон оппозициянын изин таап, иликтөө баштады. Ал эми парламенттеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентти өз бийлигинен аша чаап кетти депайыптап,  ага импичмент жарыялоону демилгелеп жатат. 

Бул макаланы окуңуз: Медеткан Шеримкулов: Конституциялык реформа маселесинде мунаса табуу керек.  

Президент Алмазбек Атамбаев өз добушун бергенден кийин, журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Алмазбек Атамбаев өз добушун бергенден кийин, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жергиликтүү кеңештерге шайлоодон КСДП жана Республика партиясы жеңишке жетерин болжоп турганын айтты.  

Кезектеги референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү менен бир күндө өткөнү жатат. Мунун арты менен бюджетти да үнөмдөп,шайлоочуларды да көбүрөөк келтирүүгө аракет кылып жатышат  

Социалдык тармактарда дагы референдум жандуу талкууланып жатат

Социалдык тармактарда дагы референдум жандуу талкууланып жатат. Айрым колдонуучулар референдумга баргыла деген үгүт иштери жүрүп жатканын жазууда  

Социалдык тармактарда дагы референдум жандуу талкууланып жатат
BBC
Социалдык тармактарда дагы референдум жандуу талкууланып жатат