Эмнеге жыл жаңыргандагы убадаларыбызды аткарбайбыз?

2017-жыл Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

2017-жылга эң мыкты убада бул -эч нерсе убада кылбоо. BBC Capital баяндамачылары жыл сайын эле өзүбүзгө убадаларды бере берип, анан эмнеге аткара албаганыбыз тууралуу айтып беришет.

Соңку төрт жылдан бери мен 1-январдан тарта смартфонумдагы билдирүүлөр, шилтемелерге убактымды коротпойм, жашоонун ар бир ирмеминен ырахат алып жашайм деп өзүмө өзүм убада берип келе жатам. Бирок бул убаданы кайра-кайра өзүмө өзүм берип келе жатканым, демек аны аткарбаганымдан эмеспи.

Өзүңдө адат болуп калган мындай нерселерден кутулуу үчүн убада берүү эле жетишсиз экен. Бул жаатта мен жалгыз эмесин.

Көпчүлүгүбүз жыл жаңырып жатканда алдыга илгери максаттарды коебуз. Аларга жетүү оңой эмес албетте. Айталы, кызматтан көтөрүлүү (бирок ал негедир ишке ашпайт), спорт менен алектенүү сыяктуу.

Бул жаатта иликтөө жүргүзгөн Скрэнтон университететинин окумуштууларынын баяндамасы Statistic Brain сайтына жарыяланган. Анда көрсөтүлгөндөй жыл жаңырганда өзүнө өзү убада бергендердин 8% гана сөзүнүн өтөөсүнөн чыккан экен.

Алдыга максат коюуш албетте жаман эмес. Эгерде бул максаттарыңызды кимдир бирөө менен бөлүшсөңүз андан да жакшы дегендей (Кантсе да аткарылбай калса жоопкерчиликти сезесиз). Бирок иш жүзүндө жыл жаңыргандагы убадалар аткарууга өтө кыйын убадалар экенин да айта кетүүбүз керек. Кээде биз аткарууга мүмкүн болбогон максаттарды да алдыга коебуз, "жаңы жылда таптакыр башка адам болом" дегендей.

Мындай пикирди психотерапевт Рэйчел Вайнстайн дагы бышыктайт. Ал Орегон штаттындагы Портелендде жайгашкан Adulting School мектебинин жетекчилеринин бири. Өзүндөгү өзгөрүүлөр бат эле болбойт, ага көп жылдар сарпталат деп түшүндүрөт Вайнстайн.

АКШнын Нью-Жерси штатындагы психолог Жозеф Луциани жаңы жылдык убадалар тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүндүгүн көптөр билишпейт дейт. Анын пикиринде көп жолку аракеттер ишке ашпай калгандан кийин бизде ызалануу сезими калып, ал болсо биздин башка иш-аракетерибизге тоскоолдук жаратат.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

"Майрамдык каалоолор -көңүл учунан айтылган каалоор сыяктуу. Башында биз ашкере оптимисттик маанайда болобуз. Андан кийин биз "бул өтө таатаал" экенин ойлонобуз. Жыйынтыгында биз жыл ичинде өзүбүздүн койгон максаттарыбызга да абайлап калабыз.

Эгер чыны менен эле өзүңүздүн алдыңызга койгон убадалардын өтөөсүнөн чыгам десеңиз, анда 1-январды күтпөңүз.

Биз өзүбүздүн максаттар жөнүндө сүйлөгөндү жакшы көрөбүз. Иш жүзүндө аны аткаруу татаал. Маселен, марафондо чуркайм дегенден мурун спорттук бут кийим сатып алып, өзүңүзчө чуркап көрүңүз. Биринчи ийгиликке жеткенге чейин досторуңузга өз максаттарыңызды айтпаганыңыз оң.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Чыны менен эле убадаңызга турсаңыз, анда ал убадалар жөнөкөй болсун. Сизге өтө эле жеңил көрүнсө да, аны биринчи күндөн эле аткарууга киришүү керек.

Вайнстайндын пикиринде, жөнөкөй убаданы аткаруудан баштап, аны акырындык менен татаалдаштырып кете берсе болот. Маселен, эгер сиз аптасына эки жолу спортзалга барып жатсаңыз, дагы бир күндү кошуңуз.

Максатка жетүү оңой болот жана өзүңүздү баалоо өсөт. Андан ары татаалдаштырып максат коюп умтула бересиз.

Биз убадаларды ар дайым таза барактан баштагыбыз келет. Жаздын биринчи күнү, аптанын башы, туулган күн дегендей. АКШнын Вашингтон университетинин доценти Хэнчэнь Дай, "өзүңдү өзүң тарбиялаган тартипти" күчөткүлө дейт.

"Өзүңдү өзүң тарбиялоо бул - узак жараян,-дейт Луциани. -Канчалык көп ийгиликке жетсең, өзүңө болгон көз карашың ошончолук өзгөрөт".

Макала BBC Capital сайтынан англис тилинен кыскартылып которулду. Түп нускасын ушул жерден окуңуз.

Тема боюнча башка макалалар