Телефон коңгуроосу жүрөк үшүтөбү? Бул кооптонууну жеңүүгө болот

телефон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Сиздин телефонуңуздан бирөөгө чалып жаткан учурда өзүңүзчө дүрбөлөңгө түшөсүзбү? BBC Capital баяндамачылары мындай абалдан кантип арылууга мүмкүн экенин билишет.

Бүгүнкү күндө мобилдик телефондорго жашообузга тыгыз байланышып калган. Бирок дале болсо көптөгөн кишилер телефонуна коңгуроо келген же бирөөгө чалган учурдагы кооптонуусунан арыла албай келүүдө.

Телефобия менен дүйнөдө ар кайсыл курактагы кишилер жабыркашат. Алар эл чогулган чоң залдарда тартынбай сүйлөй алышат, күндө ондогон билдирүүлөрдү телефон аркылуу жөнөтүшөт. Бирок кашайып телефондон чалуу керек болгондо эле тынчсыздануу алардын көңүлүн бүт ээлеп алат.

"Көпчүлүк кишилер үчүн телефондон сүйлөшүү бул - баарлашуунун абдан татаал түрү. Анткени маектешиңдин сөзүнө бат реакция жасап, бат ойлонуу керек»,-дейт онлайн аркылуу кеңеш берүү кызматын көрсөткөн Joyable компаниясынын вице-президенти Жилл Айзенштадт.

Заманбап технологиялар бардык шарттарды жаратып жатканы менен бул сыяктуу көйгөйлөрдү да шарттады. Телефобия кантип тарап жатканын так айтуу кыйын. Бирок мындай абал эмгекке жана ыкчам иштөөгө сөзсүз тескери кесепетин тийгизет.

"Биздин кардарларыбыздын көбү карьерасында ийгилик жарата албагандар. Анткени алар башкалар менен сүйлөшүүдөн коркушат. Алар акыр аягына чейин сүйлөшүүдөн качышат»,-деди Жилл Айзенштадт.

Телефобия смартфондор жаралганга чейин эле пайда болгон көрүнүш

Тээ 1986-жылдары эле Жорж Дадли жана Шэннон Гудсон "Коркуу психологиясы: эмнеге кишилер кардарына чалуудан коркушат" деген китепти жазышкан.

Мындан илгери, 1929-жылы британиялык акын жана жазуучу Роберт Грейвз өзүнүн автобиографиясына, Биринчи Дүйнөлүк согуштан алган жаратынан кийин телефон колдонууда терең коркунуч пайда болгонун жазган. Кеп телефон жөнүндө деле эмес, баарлашуу тууралуу кетип жатат.

Айзенштадт телефобиянын бир нече мисалдары менен жакындан тааныш. Телефон кишилерди ар кандай себептерден улам тынчсыздандырып, коркутат.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

"Бул жерде маселе телефондо эмес, баарлашууда. Айрым кишилерде телефондон сүйлөшүү учурунда ашыкча сөздөрдү балп этирип албайын деген коркунуч бар»,-дейт ал.

Айзенштадттын соода тармагында иштеген 27 жаштагы пациенти, телефон сүйлөшүүдө кекечтенип же узакка тыныгуу жасап калам деп коркот. Дагы бир пациенти, 52 жаштагы каржы тармагында консультант болуп иштеген аял телефон сүйлөшүү учурунда келесоо көрүнүп калбаймынбы деп коркуп, кардарлары менен электрондук кат алмашуу аркылуу гана байланышууга өткөн.

Ссода-сатык боюнча адис Жефф Шор, соода тармагындагы адистердин көбү телефон аркылуу жарнамалаган же кызмат көрсөткөн чалууларды жасагандан коркушат дейт. Телефон маркетинги жайылгандан бери, кагылган коңгуроо кишилерди бирдемеден алагды кылган көрүнүш катары каралып калды.

Шордун айтымында, дал ушундай абалдан улам чалган киши телефондун экинчи учундагы адамды «эмне кылып жатты болду экен, мен анын кыжырдануусун жартпаймынбы?» деген коркунучтарга дуушар болот.

Түрдүү маданий нормалардын айырмасы

Culture Crossing компаниясынын директору Майкл Ландерстин айтымында, телефон чалууларга болгон мамиле кишилердин калыптанган маданий нормаларына да байланыштуу.

"Япондор бейтааныш киши менен телефондон сүйлөшүү керекпи жокпу деген чечимди кыйынчылык менен кабыл алышат. Анткени алар бейтааныш кишини таарынтып алгысы келбейт же өзүн уят кылгысы да келбейт»,-деп түшүндүрөт Ландерс.

Индонезияда орточо эсеп менен күнүнө бир киши жүзгө чукул билдирүү жазат. Бул баарлашуунун түрү телефон чалганга караганда ыңгайлуу деп эсептелет. Ландерс ар кайсыл улуттагы калыптанган маданий нормалар бул маселе менен тыгыз байланышта дейт

Коркунучту кантип жеңсе болот?

Телефон чалуудан, алуудан кооптонгон кишилерге жардам көрсөткөн психотерапевттер алды менен жеңил баарлашуу аркылуу пациенттерине жардам көрсөтүп башташат.

Маселен, Айзенштадт өзүнүн пациенттерине телефон сүйлөшүү учурунда жаралган кооптуу сезимдерин сүрөттөп берүүнү өтүнөт. Андан кийин ал окуянын өнүгүшүнүн эң начар жагын алар менен талкуулаганга өтөт. "Биз аларга бул коркунучтуу жана кооптуу эмес экенин түшүндүргөнгө жардам бербиз,-деди ал.

Акырындап алар кыска телефон чалууларды жасай башташат. Мисалы, пицца алып келүүгө буюрутма беришет. Адистер телефобиядан арылуунун беш жолун сунушташат:

  • Окуянын өнүгүшүнүн эң начар вариантын ойлонгула, иш жүзүндө баары силер ойлогондой начар эмес.
  • Ойлонгула, коңгуроо чалуу силерге эмнеге керек? Бирдеме тууралуу маалымат бересиңерби же маалымат аласыңарбы?
  • Алды менен телефон сүйлөшуүнү эмнеден баштап, кантип бүткөрүү керектигин ойлон. Баарлашууну көңүлдөгүдөй жыйынтыктоо баарынан кыйын.
  • Коңгуроо чалуудан кооптонгондор алгач майда-барат чалуулар аркылуу өздөрүн көндүрсө болот. Мисалы, олуттуу чалууларга тобокел кылбай, алды менен тамак-аш буюрутма кылган кызматтарга чалып башта.
  • Билгиле, силерди бардык тараптан кемчиликсиз болушу керек деп эч ким күтпөйт.

Макала кыскартылып которулду. Анын толук вариантын англис тилинде бул жерден окуй аласыз.

Тема боюнча башка макалалар