Америкалык байлар ядердик согуш болуп кетсе деп бункер сатып алышууда

бассейн
Image caption Ошондой эле бул жайда кинотеатр, бассейн, операция кыла турган жер, гольф талаасы да бар экен.

Америкалык бизнесмен Ларри Холл ташталып кеткен шахтаны элиталык турак-жайга айландырып, ядердик жарылуудан коргой ала турган жана эгер ири катастрофа болуп кетсе башкалкалап, жашоого ылайыкталган жай курган.

Биз лифт аркылуу түшүп келерибиз менен эле Ларри Холл жаңы эле куруп бүткөн бул комплекстеги бөлмөлөрдүн бирин бизге көрсөттү. Холл бөлмөлөргө каражат көп сарпталып, кардарлары жасалаганы абдан баалашканы айтып берди.

"Айрым кардарлар бөлмөлөрдү көрүүгө жана келишимге кол коюш үчүн келип кетишти. Бул жайдагы жумуштун жыйынтыгын көргөндө көзүнө жаш алып кубангандар болду",-дейт Ларри.

Бул жайлар Канзас штатындагы баллистикалык ракеталар үчүн курулуп, бирок иштетилбей калган шахтада, бир нече метр тереңдикте жайгашкан. Холл бул жайды "Тирүү калгандардын элиталык үйү" деп атап алган.

"Укмуштуудай жасалган бункерлер ядердик жардыруудан коргоого ылайыкталган. Долбоор боюнча ал сиздин физикалык жактан эле коргобой, психологиялык жагымдуу шарт жаратып берет",-деп Холл өзү курган жайды жарнамалап сүйлөдү.

Бөлмөлөрдүн баасы 1,5 млн долларга бааланаса да, бай кардарлары менен маселе болбойт деп эсептейт ишкер. Өтө таң калыштуу көрүнүш, анткени бул жерге коңшулаш шаардагы үйлөрдүн баасы мындан бир нече эсе арзан эмеспи.

Холл бул жайды куруугакантип жетишти?

Бардыгы 2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашалуу окуядан кийин башталган. Ал учурда Ларри Холл интернет-бизнес менен алектенип, анда компьютердик маалыматтарды сактоо борборлорунун курулушу жана долбоору боюнча тажрыйбасы бар эле.

Холлдун айтымында, 11-сентябрдан кийин компьютердик кошумча жабдыктарга болгон талап күчөдү. Ошол учурда анын кыялына өзөктүк бомба жарылган учурда коргой ала турган борбор курса болобу деген ой келген.

Анын ар дайымкы кардарлары бул идеяны колдоого алышып, ядердик согуш же башка кырсыктар учурунда сактана турган жер астындагы бункер куруу идеясы ишке ашып баштаган.

Image caption Бункердин үсүтүнөн көрүнүшү.

Канзастагы мурда континенттер аралык балистикалык ракета коео берүү үчүн иштетилип, кийин кароосуз калып кеткен шахтаны бункерлерди куруу үчүн пайдаланышкан.

Ортолук батышта бул сыяктуу ташталып кеткен бир нече шахталар бар. Бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн алардын баары эле жарамдуу болгон жок. Канзастагы шахтада деле ишкер өтө чоң курулуш жана инжинердик иштер менен убара тартканын айтат. Жыйынтыгында баары бир ядердик жардыруудан коргой турган жай куруп алды. Буга абдан көп каражат сарптадым дейт ишкер.

Ал миллиондогон каржаттарын бункердеги коопсуз жана баардык шарты бар үйлөрдү курууга жумшаган. Алардын арасында сууну жана абаны филтирлеген система бар. Энергиянын бир топ булактары бар, анын ичинде шамалдан алынган энергия да бар экен. Өсүмдүк өстүрүүгө жана балык кармоого ылайыкталган. Бул жайдын кире беришине куралдуу күзөтчүлөр коюлат.

Ошондой эле бул жайда кинотеатр, бассейн, операция кыла турган жер, гольф талаасы да бар экен. Башында кардарлар бул жайды кандайдыр бир коркунучтуу кырдаалдарда, кырсыктарда "жашоонун кепилдиги" катары көрүп жүрүшсө, азыр эми экинчи үйү сыяктуу карап калышкан. Дем алыштарда эс алууга келип турушат экен.

"Баарысы эле бул жерде жакшы укташаaрын айтышат"-деди Холл.

Image caption Ларри Холл.

Мындай жайларды курууда Холл жалгыз оюнчу эмес, анын атаандаштары жер шаарынын ар кайсыл бөлүгүндө ушундай жайларды сунуштап жатышат. (AbA)

Тектеш темалар