Эмнеге бизге нөлү жок жашаганга болбойт? Бул сан адамзатка эмне берди?

  • 9 февраль 2017
Нөл Сүрөттүн автордук укугу istock

Математик Ханна Фрай нөлдүн ачылышынын кызыктуу тарыхын айтып берип, ансыз келечекти болжоого мүмкүн болбогон жагдайларды түшүндүрдү.

Илимдин, техниканын, математиканын негизинде нөл жатат. Бул сан биз билген башка математикалык белгилерге караганда көптөгөн талаштарды,таң калууну жараткан. Алды менен нөлдүн тарыхынан баштайлы. Кантсе да бул сандын басып өткөн жолу оңой болгон эмес.

Нөл түшүнүгү байыркы доорлордо эле болгон. Айталы, аны вавилон жана майя маданиятынын эстеликтеринен табууга болот. Бул санды календарь эсептөөдө колдонушкан.

Сүрөттүн автордук укугу WIKIPEDIA
Image caption Нөл түшүнүгүн вавилон маданиятынын эстеликтеринен табууга болот..

Андан бери эки миң жыл өткөндөн кийин гана нөл чыныгы математикалык сан катары кабыл алынган. Бул Индияда болгон.

Жазуучу, математик Алекс Беллостун айтымында, Индиядан табылгандыгынын мааниси чоң: "Индия маданиятына терең камтылган 'эч нересе дагы бир нерсени билдирет' деген идея болгон,-дейт ал. Эгерде эч нерсе каалабай, эч нерсе сезбей, кабатырланбай турган абалды "нирвана" деп атасак, эмне үчүн 'эч нерсени' белгилеген символ ойлоп тапканга болбосун'.

Бул символ "шунья" деп аталып, азыркы күндө бул сөз 'боштук, эч нерсе жок' дегенди туюндурат жана сан катары нөлдү түшүндүрөт. Бизге чейин башка сандардын сырткы формасы өзгөрүүгө учураса дагы, бүгүнкү күндө колдонулуп жүргөн нөлдүн формасы ар дайым тегергек бойдон өзгөрүүсүз келүүдө.

Мен нөлдүн тарыхын иликтеп баштагандан бери ар дайым тегерек белгинин ортосундагы боштук го деп эсептечүмүн. Бирок индиялык мифологияга ылайык, нөлдүн тегерек болгону жашоо циклынын символу катары каралат.

Нөлдү түзүүдө биздин доордун 7-кылымында жашап өткөн индиялык астроном Брахмагупта маанилүү роль ойногон. Математикада 'шунья' - сандын жок экенин гана туюндурбастан, башка сандар сыяктуу эле эсептөөдө колдонулган. Нөлгө кошуп, кемиткенге, көбөйткөнгө да болгон. Бөлүүгө келгенде бул суроо татаал. Бирок дал ушул татаалдык математиканын жаңы бөлүмүнүн жаралышына шарт түзгөн. Бул өзүнчө кеп.

Ошентип Түштүк Азияда өзүнүн бар экенин аныктап алгандан кийин нөл Жакынкы Чыгышка келди. Бул жерде ислам окумуштуулары бүгүнкү күндө биз колдонуп жүргөн араб эсептөө ыкмасына киргизген. Нөл Европага крестүүлөрдүн жүрүшүнөн кийин жетти.

1299-жылы нөлдү жана башка араб сандарын колдонууга Флоренцияда тыюу салынган. Анткени нөл бул алдамчылардын табылгасы деп эсептешкен. Бул санды оңой эле тогуз кылып койсо же артына эки нөл кошсо, тил каттагы сандар башка болуп калат, карыздарды көбөйткөнгө болот дешкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Нөлдүк триумф

Нөл жана башка араб сандары XV кылымга барып гана таанылган. Салыштыруу үчүн айта кетели, ал учурда Англиядагы Оксфорд университети жаралганына бир нече кылым болгон эле, Европада китеп басып чыгаруу өнүгүп жаткан. Күмөнсүз түрдө нөл математикада ордун табышына бул жагдайлардын таасири болгон. Дал ушул нөлдүн шарапаты менен азыркы учурда биз колдонуп жүргөн илимий жана технологиялык ыкмалар түзүлгөн.

Бул сандын чыныгы триумфу XVII кылымда болду. Нөл француз окумуштуусу Декарттын эмгегинин негизин түзгөн. Окумуштуу ойлоп тапкан система азырга чейин илимдин түрдүү тармактарында, техникадан тартып, компьютердик графикаларга чейин колдонулуп жүрөт.

Бул тууралуу Беллос: "Кайра жаралуунун учукуну араб эсептөө системасы киргенден кийин, анын ичинде нөлдүн келиши менен тутанды. Ошондон баштап ак- кара түстөгү арифметика түрдүү түстөгү боекторго кубулду',-деп айтат.

Математикалык анализдер аркылуу алдыда эмне болорун жандырууга аракеттенебиз. Илдеттин жайылуу темпинен баштап, базардагы баалуу кагаздардын баасына чейин болжойбуз, эсептейбиз. Математикалык анализди өзгөрүүгө учурай турган нерселердин баарына колдонобуз. Ал болсо нөл түшүнүгүнө негизделген.

Макала кыскартылып которулду. Анын толук чыгарылышын BBC Future сайтынан окусаңыз болот.

Тектеш темалар