Пилдер болгону эки саат уктайт

Пил Сүрөттүн автордук укугу WITS UNIVERSITY

Түштүк Африка республикасынын Витватерсранд университетинин окумуштуулары африкалык жапайы пилдер көп жаныбарларга салыштырганда абдан аз уктай турганын аныкташкан.

Зоопарктарда пилдерге көп жылдардан бери иликтөөлөр жүргүзүлүп келет. Алар зоопаркта 4-6 саатка чейин укташат. Бирок эркиндикте пилдер уйкуга өтө эле аз убактысын сарпташат экен.

Изилдөөчүлөр Ботсванада эки пилге атайын байкоо жүргүзө турган жабдык тагып, алар уктаган мезгилин иликтешти. Ошондой эле алардын моюнуна гироскоп тагышты. Бул каражат болсо алардын кандай абалда уктай турганын билүүгө жардам берет.

Пилдерди беш апта боюу байкоого алышты. Кээ күндөрү алар бир нече сутка уйку бетин көрбөй жүрүшкөн. Бул пилдер узак жол баскан учурларда болду. Болжолу алар арстандардын же браконьерлердин кол салуусунан качуу үчүн алыс аралыкты басып өткөн болушу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу WITS UNIVERSITY
Image caption Изилдөөчүлөр Ботсванада эки пилге атайын байкоо жүргүзө турган жабдык тагып, алар уктаган мезгилин иликтешти. Ошондой эле алардын моюнуна гироскоп тагышты.

Пилдерде мээнин активдүү иштешин мүнөздөгөн тез уйку фазасы абдан аз болот. Тез уйку фазасында жатып уктоо керек. Албетте, бул фазада булчуңдар бошойт дегендей. Гироскоп көрсөткөндөй пилдер мындай абалда аз гана убакыт укташат. Айрым окумуштуулар тез уйку фазасы эс тутумдун калыптанышында чоң роль ойнойт деп эсептейт. Бул теория талаштуу. Пилдер бул фазада аз уктаганы менен алардын эс тутуму жакшы өнүккөн дейт иликтөөчүлөрдүн бири профессор Пол Мангер.

Мангердин айтымында пилдердеги аз уйку алардын көлөмүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

"Эмнеге мындай экенин биз билбейбиз. Уйку - тамакка болгон, жупташууга болгон керектөө сыяктуу эле биологиядагы адаттан тыш сырлардын бири. Бул биологиялык императив. Биз жашаш үчүн сөзсүз укташыбыз керек",-дейт Мангер.

Белгилүү болгондой көлөмдүү жаныбарлар анчейин чоң эмес жаныбарларга салыштырганда аз укташат. Пилдер эки гана саат уктап, анан кантип жашап жүрүшкөнү азырынча сыр бойдон калууда. (AbA)

Тектеш темалар