Эмнеге космосто алкоголь колдонууга болбойт?

Эл аралык космикалык станция Сүрөттүн автордук укугу NASA

Жерден миңдеген чакырым алыстыкта, чеги жок караңгылыктын кучагында саякаттоо албетте, оор жумуш. Бул саякат стресс жана кооптонуу, коркунуч менен байланышкан.

Эмнеге астронавттарга Жердеги бир күн жыйынтыкталганда коктейлден бир аз даам татып, өзүн бош таштап, эс алып алууга болбойт?

Тилекке каршы космостун изилдөөчүлөрү Эл аралык космикалык станцияда андай кылышпайт. Анткени алкоголь колдонууга катуу тыюу салынган. Келгиле карап көрөлү, эгерде ичкенге каршы болбогон астронавттар космоско спирт ичимдигин алып чыкса, анын кесепети эмнеге алып келет?

Учакта же бийиктикте алкоголь ичсе, бат эле мас кылат деген кеңири тараган түшүнүк бар. Муну логикалык жактан андан ары уласак, орбитада алкоголь ичүү адамга андан да күчтүү таасир этиши керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес.

Бул миф 1980-жылдары жокко чыгарылган. Тактап айтканда, 1985-жылы АКШнын жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы космикалык симулятордо муну сынап көргөн.

Иликтөө жүрүшүндө 17 кишиге кадимкидей эле шартта арак ичиришкен жана 3,7 км бийиктиктеги атайын камерада ичирип көрүшкөн. Андан кийин аларга математикалык эсептерди чечип, экрандагы кыймылдарды башкаруу сыяктуу бир топ тапшырмаларды беришкен. Окумуштуулар "бийикте алкоголь колдонуу алкометрдин тыянагына да, тесттин жыйынтыгына да таасир этпегенин" байкашты.

Ким учактын бортунда бат эле мас болуп каласың деп эсептесе, ал болгону "психологиялык мас болууну" башынан кечириши мүмкүн деп айтууга негиз бар.

Бул кантип эле миф болуп калсын?

Ооба, ошондой деп бышыктайт Нью-Йорк штатындагы университеттин социология боюнча ардактуу профессору Дэйв Хансон. Ал 40 жылдан бери алкоголдун кесепеттери боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп келет.

"Космосто алкоголь ичүү өзгөчөлөнөт дегенге себеп көрбөй турам,-деди ал.-Албетте, кысылган абада кишилер өздөрүн башкача сезген учур болот".

Учактын бортунда кишилер алкоголь ичсе, бат эле мас болуп калат дегенди окумуштуулар көп жылдардан бери иликтеп келүүдө.

"Эл аралык космикалык станцияда алкоголь ичкенге тыюу салынган",-дейт НАСАнын Жонсон атындагы космикалык борборунун өкүлү Дэниэл Г. Хуот.

"Эл аралык космос станциясында алкоголь жана башка учуп кетүүчү кошулмалар катуу көзөмөлдөнөт, анткени алар суунун генерация системасынын ишине тоскоол болушу мүмкүн",-деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн автордук укугу NASA
Image caption Базз Олдрин өзүнүн китебинде 1969-жылы Нил Армстронг менен бирге Aйга конордон алдын диний жөрөлгө үчүн алып чыккан виносунан бир аз даам татканын айтат.

Дал ушул себептүү астронавттар косомостук станцияда жашаган учурунда курамында спирт бар суусундуктарды такыр колдонушпайт. Эгерде космонавт орбитада бир аз эле сыра ичип койсо да анын зыяны чоң болушу мүмкүн. Анан калса, ага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн да унутпашы керек.

Айталы, айдоочулар, учкучтарга транспортту мас абалында башкарууга катуу тыюу салынган эмеспи. Ошондуктан бул эреже астронавттарга колдонулушу таң калыштуу деле эмес. Анткени алар орбитада саатына 27 700 км ылдамдыкта кыймылдаган, баасы 150 млрд долларлык Эл аралык космос станциясынын бортунда жүрүшөт.

2007-жылы НАСА тарабынан астронавттардын ден соолугун изилдөө боюнча түзүлгөн көз карандысыз комиссия, агенттик түзүлгөндөн берки тарыхында космоско учар алдында астронавттар азырак ичимдик ичип алган эки учур болгонун билдирген. Аларга учууга уруксат берилген.

Кийин НАСАнын коопсуздук кызматынын жетекчиси бул билдирүү эч кандай негизсиз деп айтып чыккан. Астронавттар аң сезимдүү кыймылдап, ар кандай кырдаалга даяр болуш үчүн учардан 12 саат алдын ичимдик ичкенге катуу тыюу салынат. Албетте, бул эрежени киргизүүнү себептери ачык эле көрүнүп турат.

Космосто сыра сыяктуу ичимдиктерди колдонуудан алыс болуш керек. Анткени алар ашказанга киргенден кийин гравитация жок жерде суюктук жана газ көңүл айланууга алып келиши мүмкүн экен. Көптөгөн эксперименттер өткөрүлгөн. Бирок иликтөөлөрдө көп ичимдик берилбегендиктен, бийик жерде адамдын организми кандай реакция кыларын так эч ким айтып бере албайт.

Таң калтырган дагы бир факты бар. Айда адамзат тарабынан ичилген биринчи суюктук бул вино болгон экен. Базз Олдрин өзүнүн китебинде 1969-жылы Нил Армстронг менен бирге Aйга конордон алдын диний жөрөлгө үчүн алып чыккан виносунан бир аз даам татканын айтат. Аны космоско алып чыгууга уруксат беришкен экен.

Бул Жер менен байланыш үзгүлтүккө учураган мезгилде болгондуктан эфирге түшпөй калган. Деген менен космоско ичимдик алып чыгууга кескин тыюу салынган. Ошондуктан астронавттар орбитада спирт ичимдигинен эмес, иллюминатордон карагандагы көрүнүштөн маанайын көтөрөт десек туура болот.

Ал эми Жердеги аларды күткөндөргө тост көтөрүү үчүн шампандарды жайнатып күтүп отурууга туура келет.

Макала кыскартылып которулду. Анын түп нускасын BBC Future сайтынананглис тилинде окуңуз. (AbA)

Тектеш темалар