Табият албууттанганда: Жердеги кооптуу аймактар

бороон-чапкын Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Дүйнө жүзүндө табигый кырсыктар көп. Айталы, дээрлик күн сайын вулкандардын ойгонгону, суу ташкындары, бороон-чапкын тууралуу маалыматтарды окуйбуз.

Адамзаттын өмүрүнө коркунуч жараткан эң кооптуу аймактар кайсылар? BBC Earth баяндамачылары жер бетиндеги эң коркунучтуу аймактарды айтып берүүгө аракет кылышты.

Арабызда кайсыл бир табийгый кырсык менен бет келип, андан сактануу жолун билип калгандарыбыз көп эле болсо керек. Бирок Жер бетинде табият каарын төккөн белгилүү аймактар бар экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Биздин планетадагы андай кооптуу аймактарга токтолуу үчүн аларды төрт стихияга бөлүп карайлы.

Суу

Суусуз жашоого мүмкүн эмес, бирок киши дегениң сууда жашоого ыңгайлашкан эмес да. Ошондуктан бул да бизге кооптуу. Таланттуу кишилер сууда сүзүп өтүүнүн түркүн жолдорун табышкан. Бирок ошого карабастан, Эл аралык деңиз бирикмеси 2012-жылы эле деңизде 1051 киши каза тапканын тастыктайт. Алардын аз гана бөлүгү табият кырсыгынан улам набыт болгону айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Норвегиядагы Сальстраумен кысыгындагы суу айлампасы.

Географиялык жайгашуу өзгөчөлүгү дагы суу бассейндеринин коркунучтуу жана кооптуу болушуна себеп болот. Маселен, Норвегиядагы Сальстраумен кысыгы Жердеги эң тез суу агымы менен белгилүү болуп, көптөрдүн жүрөк үшүн алган репутацияга ээ. Суу айлампалардын мекенинде туристтер атайын даярдалган адистердин көмөгү менен гана желденген кайык аркылуу кысыкты кесип өтүшөт.

Деңиздеги кырсыктан сууда жүргөндөр эмес, көбүрөөк жердегилер сактанганы оң. Деңиз жээктеринде жашаган кишилер суу ташкыны канчалык кооптуу болорун жакшы билишет. Маселен, Мальдив Индия океанындагы анчейин чоң эмес аралдардан турат.

Жер планетасында жылдан жылга климат өзгөрүп, коркунуч да өсүп баратат. Ѳзгөчө цунами же үрөй учурган толкундарды чакырган күтүүсүз суу ташкындары кооптуу.

Цунами - бул чоң көлөмдөгү суу көтөрүлүп, арты-артынан толкун уруп, кыйраткыч мүнөзгө ээ болгон табият кырсыгы. АКШнын улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда цунамилердин дээрлик 71 пайызы Тынч океанга мүнөздүү.

Деген менен ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык океанографикалык комиссиясынын бөлүм башчысы Торкильд Оруптун айтымында, зилзала менен коштолгон цунами тектоникалык активдүү зоналардын баарында болушу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Кытайдагы атактуу «Үч капчыгай» дамбасы.

Мындай кооптуу жаратылыш кубулуштарынан кишилерди сактоо үчүн, цунамини алдын алуу жана анын кесепеттерин азайтуу максатында глобалдык эскертүү системасы түзүлгөн. Жылып келе жаткан цунамини 20 минута алдын ала эскерткен жерлер дагы бар. Ошондой болсо да кишилей чыгымдардын саны мурдагыдай эле бийик бойдон кала берүүдө. 2004-жылы Индонезиянын Суматра аралындагы жер титирөө үрөй учурган цунамини козгогон. Бул кырсык 280 миң кишинин өмүрүн алган.

1931-жылы жайында Кытайдын Янцзы дарыясындагы суу ташкыны миллион кишинин өмүрүн алган. Бирок расмий маалыматтарда бул сандар азайтылып көрсөтүлгөн.

Аба

Изилдөөчүлөр Африкада бир нече «өлүм көлдөрүн» табышкан. Бул көлдөрдөгү суу өз алдынча коркунучтуу деле эмес. Камерундагы Ньос жана Раунда менен Конго Демократиялык Республикасынын чек арасындагы Киву көлү көзгө көрүнбөгөн коркунучка ээ. Эки көл тең вулкандын активдүүлүгү бар аймакта жайгашкандыктан жер алдынан көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Киву көлү мелтиреп турганы менен көзгө көрүнбөгөн коркунучка ээ.

Окумуштуулар лимнологиялык бүлгүн деп атаган кайсыл бир мезгилде бул газ булутка окшоп көлдөн көтөрүлүп чыгат. Көмүр кычкыл газы абадан оор болгондуктан ал төмөн карай жылат дагы кислородду кысып, айланасындагы жандуу нерсенин баарын жок кылат.

1980-жылдары ушундай эки жолу болгон кырсыктан улам Камерунда 1700 киши жана 3500 мал-жандыктар кырылган. Эксперттер бул көлдөрдү зыянсыздандыруу жолдорун иштеп чыгышкан.

Катуу шамал дагы кыйраткыч мүнөзгө ээ. Эгер бир жылдагы орточо эсепти алсак анда Жер бетиндеги эң шамалдуу аймактар Антарктикадагы Денисон тумшугу. Ошондуктан бул жерде адам жашабаганына таң калбай койсо деле болот.

Бирок мезгил-мезгили менен болуп турган бороон-чапкын дүйнөдөгү калк жыш жайгашкан аймактарды жабыркатып келүүдө. Эң кубаттуу деңиз шамалы экватордун түштүк жана түндүгүндөгү океандын үстүнөн жаралат. Аларды тайфун, бороон деп аташат. Алардын дагы бир кооптуу жагы, алдын ала айтууга мүмкүн эместигинде. Кариб бассейниндеги аралдардын ичинен борооон-чапкын Гаитиге көп зыянын тийгизет.

Бул арал кубаттуу деңиз шамалынын жолунда жайгашкан. Ошондой эле бул жакыр өлкөдө табият кырсыгына каршы аракеттене турган экономикалык ресурстар жок. Калктуу конуштарды табигый түрдө шамалдан, бороондон сактаган калың токойлор жок кылынган.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Кариб бассейниндеги аралдардын ичинен борооон-чапкын Гаитиге көп зыянын тийгизет.

Германиядагы Штутгарт университетинде жаратылыш кырсыктарынын коркунучу боюнча иликтеп жүргөн Йорн Биркманндын айтымында деңиз шамалы, бороон-чапкындарды алдын алып айтууга мүмкүн эмес. Алардын багыттары ар дайым өзгөрүп турат.

Мындай кырсыктан эң чоң жоготуу 1970-жылы ноябрда катталган. Анда Бангладеш "Бхола" деп аталган бороондон улам 500 миң жаранынан айрылган.

Биркманн жыл сайын даярдалган БУУнун алдындагы «Дүйнөдөгү кооптуулук» докладын даярдап жүргөндөрдүн бири. Бул документте жаратылыш кырсыктары көп күтүлгөн, өз алдынча кырсыкты алдын алууга, кесепеттерин жоюга чамасы жете бербеген өлкөлөр киргизилет. Тизме түзүүнүн негизги максаты мындай өлкөлөрдү коргоого алуу үчүн эл аралык коомчулукту көңүлүн бурууга багытталган.

2016-жылы бул тизмени Вануату жетектеди. Жыл сайын бул арал өлкөдөгү жашоочулардын үчтөн бири табият кырсыгынан жапа чегип келүүдө.

Жер

Жердеги кооптуу аймактардын баарын бир гана нерсе бириктирет - алардын баары тектоникалык активдүүлүк күчөгөн аймакта орун алган.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Сан-Францискодогу мурдагы зилзаланын издери.

Жер кыртышы жылып жүргөн плиталардан турат жана алар бири-бирине кийишип калган жерде потенциялдуу энергия топтолуп калат. Бул топтолгон энергия сыртка чыккан учурда жаракка пайда болуп, үстүнө сейсмикалык толкундар атылып чыгат дагы жер титирейт.

Эң коркунучтуу зилзала 1556-жылы Кытайдын Шаньси провинциясында болгону документтерде сакталып калган. Анда 800 миң киши набыт болгон экен.

Жер бетиндеги табият кырсыгына кабылган он шаардын сегизи Филиппинде жайгашкан. Зилзала цунамиге да себеп болот.

Литосфералык плиталардын эң белгилүү чек арасы бул - Сан-Андреас жаракасы. Ал бүтүндөй Калифорния штаты аркылуу өтүп, тынчокеандык жана түндүк америкалык плиталар менен кесилишет. Голливуд ушундай эле аталыштагы катастрофаны чагылдырган тасмасын жаратканы да таң калыштуу эмес.

Эң коркунучтуу зизала баары бир жакыр өлкөлөрдү кооптондурат. Лос-Анжелес менен Токио сыяктуу шаарлар зилзаладан жакшы корголгон. Соңку архитектуралык жетишкендиктер имараттарды жер титирөөдөн бир топ сактап турат. Бирок эң ири жер титирөөлөрдүн 81 пайызы мүнөздүү болгон «Тынчокеандык от шакекчеси» деп аталган топко кирген өлкөлөрдүн баары эле мындай бекем коргонууга, сактыкка ээ эмес.

От

Тектоникалык активдүүлүктүн экинчи бети - вулкандар. Тектоникалык плиталар ажыраган жерден ысык магма чыгат.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Данакиль көңдөйүндөгү катаал жаратылыш.

Эфиопиядагы Данакиль көңдөйүн көп учурда жер бетиндеги катаал аймак деп эсептешет. Бул жерде үч плита кесилишкен, ошондуктан вулкандын активдүүлүгү өтө күчтүү аймак болушу мүмкүн. Ошондой эле бул жерде орточо жылдык температура 34,4 °С болот, башкача айтканда, жердеги эң ысык жай.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption 2010-жылы Индонезияда Мерапи вулканы ойгонгон.

Соңку 400 жыл ичинде 200 миң киши вулкандардын курмандыгы болгон. Эксперттердин эл аралык тобу вулкан кырсыгы тооруган аймактарды атады. Биринчи орунда Индонезия турат.

Адистер жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана кыскартуу үчүн колдон келгенин кылууда. Бирок канчалык ийгиликке жеткен сайын, экономикалык өнүгүү, калктын саны өсүп жатканы менен көйгөйдү өзүбүзгө өзүбүз жаратып келебиз. Баш ооруткан, кооптондурган маселелердин булагы өзүбүз болуп калуудабыз.

Макала кыскартылып которулду, түп нускасын BBC Earth сайтынан англистилинде окуңуз. (AbA)

Тектеш темалар