Дүйнөдө интернет бир эле күнгө өчүп калса эмне болот?

Дүйнөдө интернет бир эле күнгө өчүп калса эмне болот? Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Арабызда көптөр бир нече сааттык эле интернетсиз жашоосун элестете албашы турган кеп. Бирок эгерде интернет чыны менен эле өчүп калса эмне болмок? Бул тууралуу BBC Future баяндамачылары иликтеп көрдү.

Стэнфорд университетинин окутуучусу Жефф Хэнкок өзүнүн студенттерине дем алыш күндөрү ар кандай тапшырмаларды бергенди жакшы көрөт. Албетте, сабак учурунда талкууланган темаларды практика жүзүндө текшерүү максатында.

Хэнкок онлайн-коммуникация тармагындагы пихологиялык жана социалдык жараяндарды изилдеп жүрөт. Ал 2008-жылга чейин кээде студенттерине 48 саат интернетти пайдалануудан баш тартуу тапшырмасын берип келген. Бирок 2009-жылы Хэнкок бир жылдык академиялык эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин баарысы өзгөргөнүнө күбө болду.

«Мен мурдагыдай эле интернетти убактылуу пайдаланбоо тууралуу тапшырма бергенимде тайпадагы студенттер тим эле ызы-чуу чыгарышты,-дейт Хэнкок. -Алар күйүп-бышып, бул адилетсиздик жана мүмкүн эмес деп жаалашты».

Студенттер интернет өчүп калса эч нерсе кыла албай калышарын, башка сабактарга да даярдана албасын, баарлашуу, көңүл ачуу, эс алуу, жадесе ата-энелери дагы эмне болду деп кабатыр болорун түшүндүрүүгө аракет кылышты. Хэнкок тапшырмасынан баш тартууга арагасыз болуп, экинчи ирет андай тапшырма берген эмес.

«Бул эми 2009-жылы болгон эле. Азыр эми мобилдик телефондор жашообузга ушунчалык аралашып калгандыктан, студенттерден кандай реакция болорун элесететүү да мүмкүн эмес. Балким алар менин үстүмдөн ректорго даттанышмак»,-дейт ал.

Азыркы учурда биздин жашообуз интернет менен тыгыз чырмалып калды.1995-жылы дүйнө калкынын бир гана пайызы интернетке туташууга мүмкүнчүлүк алган. Интернетти көбүнчө Батыш өлкөлөрүндө пайдаланышкан.

20 жыл өткөндөн кийин интернет желесине дүйнө калкынын дээрлик жарымы - 3,5 млрд киши байланышты. Бул сандар болжолу секундуна 10 кишиге көбөйүүдө.

Pew изилдөө борборунун маалыматына караганда ар бир бешинчи америкалык интернетти такай колдонот. Ал эми 73 пайызы кеминде эки жолу интернетке кирет.

Улуу Британияда дагы ушунда эле көрүнүш: 2016-жылдагы иликтөөгө караганда, чоң кишилердин 90 пайызы соңку үч айда интернет колдонгонун айткан.

Сүрөттүн автордук укугу iStock

«Азыркы замандагы интернетке байланышкан олуттуу көйгөй биз муну өзүнөн-өзү боло жүргөн көрүнүш сыяктуу кабылдаганыбыз. Мунун менен ал биздин жашообуздун бардык тармагына канчалык деңгээлде кирип келгенин аңдабай калдык. Кишилер интернетке байланышы жок жашоону элестете да албайт»,-дейт Мичиган штатындагы университеттин окумуштуусу, «Коом жана интернет» деген китептин автору Уильям Даттон.

Бирок интернет кол тийгис эмес. Иш жүзүндө аны бир нече убакытка глобалдык же улуттук масштабда өчүрүп койсо деле болот. Маселен, буга киберчабуулдар себеп болушу мүмкүн. Хакерлер интернет менен байланыштырган түйүндөргө атайын программаларды кое берип, үзгүлтүккө учурата алат.

2008-жылы Индия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азияда интернет үзгүлтүккө учураган. Ошону менен бирге айрым өлкөлөрдүн өкмөтү интернетти өчүрүп сала турган «авариялык кнопкаларга» ээ.

2011-жылы Египетте «араб жазы» аталган окуялар учурунда каршылык акциясына чыккандардын уюштуруу иштерине тоскоол болуу максатында ушундай ыкма колдонулган. Түркияда каршылык акцияларында интернет өчүрүлгөн. Имиштерге караганда «авариялык кнопка» Кытайдын өкмөтүндө дагы бар.

Америкалык сенаторлор өлкөнү киберчабуулдардан коргоо үчүн ушундай эле механизмди АКШда ишке киргизүү сунушу менен чыгышкан. Бирок «авариялык кнопка» орнотуу оңой эмес. Ѳлкөнүн аймагы канчалык чоң жана өнүккөн болсо интернетти өчүрүү ошончолук татаал.

Деген менен интернетке эң олуттуу сокку космостон келиши мүмкүн. Күн системасындагы бороон жана Күндүн бетиндеги алоолонгон жалын Жерге багытталган болсо, спутниктер, электртүйүндөр жана компьютердик система керектен чыгат.

«Күндүн тийген алоосу бир нече секундда эле терорристтер да, бомба дагы күчү жетпеген нерселерди кылып коюшу мүмкүн. Эртеби, кечпи дагы бир ири геомагниттик бороон болот»,-дейт Стэнфорд университетинде иштеген нейрофизиолог, «Эмнеге интернет маанилүү» деген китептин автору Дэвид Иглмен.

Интернеттин үзгүлтүккө учурашы көпкө созулбайт. «Адистерден турган бүтүндөй армия ар кандай аварияларды калбына келтирүүгө даяр»,-деп көңүл жубатат United States Cyber Consequences Unit уюмунун өкүлү Скотт Борг.

«Интернет-провайдерлерде жана роутер иштеп чыккан өндүрүшчүлөрдө авариялык пландуу аракеттер бар. Эгер чабуул болсо, сеттеги системанын аяр жерлери иштен чыгып калса, аны калыбына келтире турган адистери бар»,-деди ал.

Иши кылып биз ар дайым интернет болуп туруусуна көнүп бүттүк. Бир аз убакытка эле үзгүлтүккө учураса анын жыйынтыгы эмне болмок?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2011-жылы Египетте «араб жазы» аталган окуялар учурунда каршылык акциясына чыккандардын уюштуруу иштерине тоскоол болуу максатында ушундай ыкма колдонулган.

2008-жылы АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги Боргго кайрылып, интернет өчүп калса анын болжолдуу кесепети тууралуу анализ берүүсүн суранган. Алды менен Борг жана анын кесиптештери 2000-жылдагы АКШда болгон компюьтердик жана сеттеги үзгүлтүктөрдүн экономикалык эффектин анализдешкен.

Жабыр тарткан 20га чукул компаниялардын кварталдык каржылык отчетун жана жалпы экономикалык статистиканы иликтеп көрүп, алар интернет үзгүлтүккө учураган мезгилдин каржылык таасири аз эле болгонун байкашкан. Албетте, бул жерде көбүнчө төрт күндөн ашык эмес үзгүлтүк болгон. Бул кыска аралыкта ал тургай айрым жерлерде өндүрүштөгү эмгектин күчөгөнү да байкалган.

«Айрым учурларда жүз миллиондогон, ал эмес миллиарддаган доллар жоготуулар тууралуу жарыяланган. Бирок чыны менен жоготууга учураган тармактар - мейманканалар, авикомпаниялар, айрым фирмалар көп деле жоготууга дуушар болгон эмес»,-дейт Борг.

Интернеттин үзгүлтүккө учурашы бир канча күн боюу жумуш графигинен артта калууну гана жаратты. Борг жана анын кесиптешттери дагы бир иликтөө жүргүзүшкөн. Бул жолу алар компаниялардын офистеринде төрт саатка интернет үзгүлтүккө учураган абалдагы кесепеттерди иликтешкен.

Мындай абалда кызматкерлер кол куушуруп эле олтуруп калган жок. Тескерсинче, алар мурда кылып жүргөн иштерине кызуу киришти. Мисалы, документ иштерин катырышты. Жыйынтыгында бизнес мындан уткан учурлар болду.

«Тамаша иретинде биз ар бир компаниялар айына бир жолу ушундай кылып турса, кызматкерлеринин баары өз иши менен алектенип калат экен деп сунуштадык. Улам кийинкиге калтыра берген жумуштар бүтүп, жалпы өндүрүштөгү эмгек күчөйт экен,-дейт Борг.-Үзгүлтүк бүтүндөй экономикага таасир этет деген жоромолдорго себеп көрбөй турам".

Эгерде интернеттеги авария бир күнгө же андан бир аз ашык убакытка созулса, анда транспорт тармагы көп деле жабыр тартпашы мүмкүн. Учактар интернети жок эле уча берет, поезд жана автобустар өзүнүн маршруту менен ишин улантат.

Бирок узак убакытка созулган үзгүлтүк логистикалык жараяндарга таасир этет. Интернетсиз компаниялар өз ишмердүүлгүн жүргүзүүдө кыйынчылыкка учурайт.

«Кээ бир кишилерге жана фирмаларга интернет жок болуп калгандагы атайын планды иштеп чыгуу сунушун берген элем. Бирок мени угуп, муну аткарган эч ким болгон жок",-деди Дэвид Иглмен.

Чынында коммуникациянын олуттуу үзгүлтүккө учурашы чакан бизнеске жана ушул тармак менен жумушу байланышкан кишилерге катуу тасир этет.

1998-жылы спутниктердин бири иштен чыгып калып, АКШда 50 миллион пейджердин 90% пайызы иштебей калган. Ушундан көп өтпөй эле Мичиган штатындагы университеттин окумуштуусу, «Коом жана интернет» деген китептин автору Уильям Даттон сурамжылоо өткөргөн.

250 абоненттин сурамжылоосу, элдердин реакциясынан кийин, бул өчүрүүдөн экономикалык-социалдык факторлор аныкталган.

Көптөр үчүн бул калың кар жаап салып, үйдө олтуруп калган сыяктуу эле болду деп эскерет Даттон. Пейджер аркылуу буюртма алып иштегендер бир нече күн жумушсуз калышкан. Жалгыз бой энелер катуу стресс болушкан.

"Ошондуктан интернет жок болуп калган учурдагы кишилердин реакциясы көбүнчө алардын социалдык-экономикалык статусуна байланыштуу экенин түшүнүү керек",-деди Даттон.

Деген менен интернет жок болуп калгандагы психологиялык кесепеттер, кооптонуу, өзүн сырт дүйнөдөн алыс калгандай сезген туюм баарына мүнөздүү болот.

Бул сезим Боргго деле тааныш: «Үйгө смартфонумду калтырып койгондо, өзүмдү жалаңач жүргөндөй сезем. Капылеттен эле кабатыр ойлор болот,-дейт ал. -Мен кайда баратканымды билеминби? Эгер унаа бузулса жардамга кантип чакырам? Ушул сыяктуу ойлорго кабылам".

Ошол эле учурда интернетсиз жашоодо кишилер жакындан сүйлөшүп, баарлашып калат деген жоромолдор туура эмес дейт иликтөөчүлөр. Кайра интернетте көп олтурган кишилер көбүрөөк мамиле түзүүгө ийкемдүү болору байкалган. Айрым кырдаалдарда интернетти жоктугу дагы кишилерди бири-бири менен сүйлөшүүгө түрткөн жагдайлар да жок эмес. Айталы, электрондук кат алышкан кызматкерлерди бири-бири менен сүйлөшүүгө арагасыз кылат.

«Бир күнгө интернет жок болуп калгандан дүйнө урап калбайт,-дейт Ломборг, - Бирок менимче, көпчүлүк кишилер үчүн бир күндүк эле үзгүлтүк өтө жаман көрүнөт».

«Интернеттеги авария биздин ой жүгүртүүбүзгө чукул бурулуш жасайт деп айтканга кубанмакмын. Бирок мындай болот деп ойлобойм",- дейт Жефф Хэнкок. Мындай ишенимдүүлүккө карабастан анын студенттери дем алыш күндөрү интрнеттен баш тартууга макул болушу, албетте, күмөндүү.

Макала кыскартылып которулду, түп нускасын англис тилинде BBC Futureсайтынан окуй аласыздар.

Тектеш темалар