Чагылган ургандагы кишинин абалы кандай болот?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Чагылган урган он кишинин тогузу тирүү калат. Чагылган ургандагы кишинин абалы кандай болот? Мына ушул жөнүндө билүүгө аракет кылалы.

Мына, бул тасмада Бразилиядагы океандын жээгинде туристке чагылган тийгени тартылган. Эрте менен чуркап жүргөн техасттык чагылгандан көз жумган. Дагы бир Бангладештен келген кабарларда төрт күн тынбаган чагылган коштолгон нөшөөрдөн кийин 65 кишинин каза тапканы айтылат.

Чагылгандан аман калгандар айтып бергенине карап, күйгөн кийимдери, денесиндеги күйүктөрдөн анан картина кандай болгону, асмандан жарык ылдамдыгынын үчтөн бирине тете ылдамдык менен келген 200 000 000 вольттук атмосфералык разряд эмнеге алып келгени ачык боло баштайт.

Хаиме Сантананын бүлөөсү болжолу ушундай жол менен 2016-жылдын апрелинде ишембиде болгон окуяны кайра түзүп чыгышкан. Бул саналгандарга дагы дал-далынан айрылып кеткен шляпаны кошуп койсок болот.

"Ал ядро учуп келип тийген сымал кебетеде эле»,-деп эскерет Аризона штатындагы Финикстеги оорукананын хирург-травматологу Сидни Вейл. Ал күнү Хаимени тез жардам унаасы менен ушул ооруканага алып келишкен.

Хаиме Сантананы ооруканага алып келе жаткан жолдо бир нече жолу жүрөгү токтоп калбашы үчүн дарыгерлер дефибриллятор колдонушкан.

Ал күнү Хаиме Сантана өзүнүн эки досу жана кайниси менен тоодо ат минип сейилдеп жүрүшкөн. Адатта алар дем алыш күндөрү ушундай эс алууга тез-тез келип турушчу. Капылеттен эле асман түнөрүп, жамгыр башталчудай болуп калат. Алар аттарын чапкылап үйүн көздөй жөнөп калышат. Tүнөргөн асманды жара тилген чагылган чартылдай баштаган.

«Окуя болгон учурда үйгө жакындап калдык эле»,-деп эскерет Хаименин кайниси Алехандро Торрес.

Алехандро көпкө эс учун билбей жатып калган. Ѳзүнө келген мезгилде ал жерде жатканын, денеси зыркырап ооруп турганын сезген. Минип келе жаткан аты болсо кайдадыр житип кеткендей. Калган эки киши эч нерсе болбоптур. Алехандро бир учурда Хаименин жакын эле жерде аты менен кошо жатканын көргөн.

«Хаимеге жакын келип, ал түтөп жатканын көрүп жүрөгүм алкымыма кептелди»,-деп эскерет ал учурду Алехандро. Анын көкүрөгүндөгү күйүп жаткан жалынды колу менен өчүргөн. Алар качан гана коңшулары жете келип, «Тез жардам унаасы» келген учурда гана Хаимеге чагылган түшкөнүн билишкен.

Чагылган тийген учурдагы Хаиме Сантананын шымы. Сүрөттүн автордук укугу WILLIAM LEGOULON
Image caption Чагылган тийген учурдагы Хаиме Сантананын шымы.

Жастин Годжердин эскерүүсү дагы жандуу. Бирок ал өзүнүн башынан өткөн окуядан көпкө азап тартып, дайыма тынчсызданган абалга түшүп калган.

Ал балык уулап олтурган учурда чагылган урган. Андан бери үч жыл убакыт өткөнүнө карабастан ал азыр чагылган чартылдап баштаган учурда ваннага жашырынып алып, күндүн ачылышын мобилдик телефонундагы атайын аба-ырайын билдирип турган тиркемеден карап күтүп олтура берет.

Августтун ал күнү кумарлуу балыкчы жамгырдын башталганына алгач сүйүнүп да кеткен. Мындай аба-ырайында кайырмакка көп балык илинет деп айткан ал аялы Рейчелге. Бат эле жамгыр артынан мөндүр төгүп кирген.

Аялы менен кызы унаага далдоолонуп калышкан. Көп өтпөй уулу дагы унааны көздөй кеткен. Баланын муштумундай болгон мөндүр Жастинди дагы олтурган олтургучу менен башын калкалап унааны көздөй басууга аргасыз кылган.

Бул учурда жубайы Рейчел унаанын алдыңкы орундугунда телефону менен видеого тартып жаткан. Кийин ал тарткан видеодо башында мөндүрдөн улам бардыгы аппак болуп турганы көрүнүп, анан катуу жарык чыкканы тартылып калган. Рейчел мындан улам күйөөсүн чагылган урду деп эсептеген.

"Менин денем шал болгондой абалга тушүп калды. Кыймылдай албай калдым,-деп эскерет Жастин. - Оору ушунчалык катуу болду, мен аны сөз менен жеткире албайм. Бала кезде ток урду беле. Эми ошондогу дененин ооруксунуусун миллиард эсеге көбөйтүп көрүңүз».

«Мен денемди аппак нерсе каптап калгандай сездим. Кыязы суунун көбүгүнүн ичинде олтургандай болуп кеттим. Менин айланамдагылардын баары абдан жай болуп калды. Мен эми ошол көбүктүн ичинде өмүр боюу калып кала тургандай сезим болду».

Ал жердеги мөндүрдөн калкаланып турган башка кишилер бак-дарактардын арасынан чыга калып, жардамга чуркашкан. Кийин алар Жастинге колундагы олтургучту мыкчыган абалда жерге жатып калганын, денеси түтөп турганын айтып беришкен. Жастин өзүнө келгенден кийин көпкө чейин кулагына үндөр жаңырып турган. Белинен ылдый жагы иштебей калган.

Диагоналдуу күйүктөр

Хаиме Сантананын шляпасы жана футболкасы. Жастин Годжердин бут кийими. Сүрөттүн автордук укугу WILLIAM LEGOULON
Image caption Хаиме Сантананын шляпасы жана футболкасы. Жастин Годжердин бут кийими.

Ошол учурду айтып берип жатып, Жастин денесиндеги күйүктүн тактарын көрсөтүүдө. Күйүктүн тагы оң далысынан башталып, диагоналдуу түрдө ылдый көздөй жылат. Андан кийин буттарынын сырткы бетине чейин уланат.

Ошол учурда кийип жүргөн бут кийиминде дагы күйүп кеткен жерлери бар экен. Жастин чагылган далысынан уруп, анан денеси аралап, бутунан чыгып кеткен деп эсептейт.

Деген менен тирүү калгандар адатта чагылган кайсыл тарабынан тийип, кайсыл жагынан чыгып кеткенин так көрсөтүп бере алышпайт дейт чикаголук дарыгер Мэри Энн Купер. Ал чагылганды көп жыл иликтеп жүргөн. Азыр болсо пенсияда.

26 өлкөнүн статистикасына таянсак жыл сайын дүйнө жузүндө чагылгандан 4 миңдей кишинин өмүрү кыйылат.

Купер чагылган кишилерге кантип түшөт, андан кантип качууга болот дегенди иликтеп келе жаткан, бул жааттагы саналуу адистердин (дарыгер, метеоролог ж.б.) бири.

Чагылган түшкөн ар бир он кишинин тогузу тирүү калып, өз окуясын айтып берүүгө даяр. Бирок алар чагылган түшкөндөн кийин ар кандай убакытта оор учуларды башынан кечиришкен. Чагылгандын кесепеттери узак жана коркунучтуу: жүрөктүн токтоп калышы, башты туман каптап, булчуңдардын оорушу, кулактын укпай калуусу, эс тутумдун жоголушу, талып калуу, кишинин мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр, баш оору…

Ушунун баарын башынан өткөн кишилер өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Алар өз окуяларын Lightning Strike & Electric Shock Survivors International аркылуу ("Чагылган же ток уруп аман калгандардын эл аралык коому») бири-бири менен бөлүшүп турушат.

Бул кишилер жыл сайын жазында АКШнын түштүк-чыгышындагы тоодо жолугушуу өткөрүшөт. Алардын жолугушуусу 1990-жылдардын башында башталган. Анда биринчи конференцияга чагылгандан аман калган 13 киши келген.

Коомдун негиздөөчсү Стив Маршберн интернет жок учурда өзүңө окшогон, эс тутумун жоготкон, башы ооруган, уйкусуздук менен жабыркаган кишилерди табуу кыйын эле дейт.

Стив мындай симптомдор менен 1969-жылдан бери күрөшүп келет. Аны банк имаратынын жанында турган учурда чагылган урган.

Аялы экөө 30 жылдан бери бул уюм менен алектенип келет. Азыр уюмдун 2 миңдей мүчөсү бар.

Чагылган ургандан кийинки кишинин мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр, маанайдын чөккөнү, депрессия көп учурда бүлөөлөрдү ажырашууга алып келет.

Мэри Энн Купер өзүнүн жакшы көргөн салыштыруусун айтып берүүдө. Анын айтымында, зымдар биригип кеткен учур (замыкание) компьютерге кандай таасир этсе, чагылган дагы кишин мээсине ошондой таасир этет.

Чагылган миллиондон бирине тийет деген пикир бар. Сүрөттүн автордук укугу LENA LOZHKINA/FLICKR/CC BY 2.0-ND
Image caption Чагылган миллиондон бирине тийет деген пикир бар.

Сыртынан эч нерсе өзгөрбөгөндөй эле, бирок программалык камсыздоо мурункудай функцияларды аткарбай калат.

Маршберн дагы, Купер дагы Lightning Strike & Electric Shock Survivors International уюмунун ишине жогорку баасын берет. Анткени уюм ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 22 кишини өзүнө өзү өлтүрүүдөн сактап калды.

Чагылган боюнча иликтеген Купер жана башка адистер ондогон жылдар жүргүзгөн байкоолору жана иликтөөлөрүнөн кийин деле жоопко караганда суроо көп дешет.

Айрым кишилер чагылгандан кийинки травмаларды түшүнгөн дарыгер издеп ооруканаларды кыдырып, таба алышпаганын даттанышат. Чагылган тийгенден кийин беш саат боюу буту иштебей жатып калган Жастин Годжер азыр травмадан кийинки стресс менен жабыркап жүрөт. Ал мээси мурдагы абалында иштебей калганын, өзү кылып жүргөн жумушуна (юрист болуп иштеген) кайра кантип кайтууну ойлонуп жатканын айтып берүүдө.

Көптөр чагылгандан аман калышат, бирок анын кесепети оор болот. Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Көптөр чагылгандан аман калышат, бирок анын кесепети оор болот.

Чагылган өтө тездик менен тийгендиктен электр тогунун аз гана бөлүгү дене аркылуу өтөт. Ал эми калганы сыртта калып, догоо разряддынын эффекти дегенди түзөт деп түшүндүрөт Купер.

Салыштыруу үчүн: жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына тийип кеткенде андан ички травма абдан олуттуу болот. Бир нече көз ирмемге эле ток урганда сиздин органдарыңыз катуу жабыркайт.

Ал эми сырткы күйүктөр эмнеден болот? Купер муну чагылган тийген учурдагы денедеги тер же жамгырдын тамчысынын болушу мүмкүн деп түшүндүрөт.

Суу бууланганда көлөмү чоңойуп кетип, кичинекей көлөм дагы бууланган жарылууга алып келиши мүмкүн.

"Мындай жарылуудан үстүдөгү кийим жыртылып кетет»,-дейт Купер. Кээ учурда бут кийим дагы жыртылат. Кийимдин эмнеден тигилгени дагы маанилүү. Айталы, булгары күрмө болсо бул дененин күйүп кетишине алып келет. Хаиме Сантананын чөнтөгүндөгү мобилдик телефон ээрип кеткен.

Чагылган Сантананын ич кийимдерине чейин күйгүзүп кеткен. Годжердин болсо байпагы күйүптүр. Сүрөттүн автордук укугу WILLIAM LEGOULON
Image caption Чагылган Сантананын ич кийимдерине чейин күйгүзүп кеткен. Годжердин болсо байпагы күйүптүр.

Кантип Хаиме тирүү калып анын аты өлүп калды? Хирург-травматолог Сидни Вейл чагылгандын негизги разряды атка тийген деп эсептейт.

Чагылгандын кантип тийгени боюнча дагы пикирлер ар кандай. Айталы, чагылган миллиондон бирине тийет деген да пикир бар.

Алгач Mosaic сайтына англис тилинде чыккан макала Creative Commons лицензиясы менен бул жерге жарыяланып жатат. Макала кыскартылып которулду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар