Кой жөнүндө биз билген-билбеген чындык

Кой жөнүндө чындык Сүрөттүн автордук укугу iStock

Адамдар узак жылдар бою койлор жөнүндө таптакыр адилетсиз стереотиптер менен жашап келатат. Алар жөнүндө биздин билгендерибиздин көбү чындыкка туура келбейт.

Биз алар жөнүндө кандай ойдобуз: Койлор - аңкоо, коркок, эч кимге зыяны жок жаныбар, тоолор менен талааларды аралап оттогонду гана билет. Биз алардын этин жейбиз, жүнүн кыркып алып, кийим токуйбуз.

Чындыгында: Чын-чынына келгенде койлордун таң калаарлык акылы бар, эске тутуусу эн жакшы, ал эми когнитивдик жөндөмү (маалыматты кабыл алып, аны иштеп чыгуу) бир топ эле өнүккөн. Алар достошконду, бири-бирине болушканды билет, жакын шеригин сойгонго алып кетип жатканда кадимкидей кайгырат. Ал эми жайыттарды такырайткан жагынан көп жаныбарды артта калтырат.

Биз койду четтен кармап, жетелеп барып союп жейбиз, терисин, жүнүн пайдаланабыз. Биз аны жеткен көк мээ деп ойлоп көнүп калганбыз. 18-кылымдагы АКШнын негиздөөчүлөрүнүн бири Джорж Вашингтон:"Эгер сөз эркиндигин алып коюшса, анда бизди эзели баш көтөрбөгөн койлор сыяктуу сойгонго алып жөнөсө боло берет" деп айткандан бери бул пикир дээрлик өзгөргөн жок.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Адам баласы байыртан бери эле кой багып келатат.

Биздин заманда бирөөлөрдү ээрчиген же айдаган жакка баскандарды кой деп айтышат. Өзүнүн башын иштетпей, бирөөнүн айтканы менен болгондорду биз "Кой болбо" деп коебуз. А чынында койлор биз ойлогондой көк мээ эмес, акылдуу эле жаныбар.

Калифорния университетиндеги изилдөөчүлөр жыйырма жылдай мурун койлорго үч жыл байкоо салып, алардын достук мамилеге бекем экенин аныкташкан. Алар кыйын кысталыш учурда бири-бирине болушат, керек болсо кол салып катылгандар менен кармашканга чейин барышат.

Койлор жүнү, эти жана сүтү керектүү болгондуктан, биздин заманга чейинки 11000 жана 9000 миң жылдар аралыгында аларды адамдар өзүнө үйрөтүп баштаган.

Койлордун достукка ынак мамилеси эмоция менен коштолот. 2009-жылы жүрүп, натыйжасы Animal Welfare аталган эл аралык журналга жарыяланган изилдөөдө койлордун көп сезимдери, анын ичинде коркуу менен ачуулануудан баштап кейүү жана бактылуу сезимдери бар экени жазылган.

"[Адам сыяктуу эле], күтүлбөгөн, кокустан болгон кырдаалда айласы куруган сезимге туш болушат…көп кайталана берген демейки кырдаалда куса болушат",-деп жазышкан авторлор.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Колго багылган койлордун жапайы жаратылыштагы тууганы муфлондор.

Бирок тагдырдын тамашасын кара, койлор адамдардын жанында эзелтен бери жашап келатканына карабастан, биз алар жөнүндө көп нерсе билбейт экенбиз.

Алар жөнүндө жазылган китептердин саны жок, диний китептерде, ал түгүл астрологияда да жазылган.

Байыркы Египет дининде кой бир эле учурда бир топ кудайдын символу болгон.

Жапайы жаратылышта койдун эң жакын тууганы - муфлон. Койду ушундан тараган дешет.

Жапайы муфлондор байыркы Месопотамияда (ошол убакта азыркы Жакынкы Чыгыштагы Ирак, Кувейт, Чыгыш Сирия, Түркиянын түштүк чыгышын кучагына алган аймак) көп санда болгондугу айтылат.

Алар кубаттуу мүйуздөрү менен жырткычтардан коргоно алышкан. Адам колуна келгенден кийин эле алардын мүйүзү жоголуп кетти.

Бирок, ошого карабастан, азыркы койлор деле анча-мынча ишке жарайт.

Биринчиден, алар эгер өтө эле жакын барсаң сүзүп баштайт. Айрыкча, козусун кызганып же коргоп кой бир топ эле каршылык кылат.

Момурап араң жан байкуш болуп көрүнгөн менен, койлор ылдам чуркашат жана бийик чокулар менен аскалардан оңой өтүп кете алышат.

Алар ошондой эле эң сонун көрө алышат. Алардын артында эмне болуп жатканын кылчайбай туруп эле көрө алган артыкчылыгы бар.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Кыргызстандын мал чарбасында дагы кой багуу орчундуу тармак болуп саналат.

Бирок эгер адам союп жегиси келсе, койду бул сапаттарынны бирөө да сактап кала албай турганы түшүнүктүү. Адамдар анын эти менен жүнүн ушунчалык жакшы көргөндүктөн, бүт планета боюнча болжол менен 1,2 миллиард кой багылат.

Анын ичинен 200 миллион Кытайда, 70 млн ашыгы - Австралияда, 60 млн ашыгы Индияда, 45 млн ашыгы Иранда, 41 млн ашыгы Нигерияда, 40 млн ашыгы Суданда.

Улуу Британияда багылган койдун саны 33 млн баш, Жаңы Зеландияда - дээрлик 30 млн кой бар.

Ал эми 17 млн кой багылган Кенияда, бул жаныбарлар жапайы жаратылышка оңбогондой зыян алып келүүдө.

2016-жылы жарыяланган изилдөөдө Кенияда 1977-2016-жылдар аралыгында антилопалардын көп түрлөрү, зебралардын сейрек түрлөрү азайып кеткенин көрсөтүлгөн.

Көрсө, кой чөптү түбүнөн кыркып, тамыры менен кошо кыркып жейт экен. Ошол себептүү кой каптаган жайыттар такырайып кетип, пил, буйвол, зебра сыяктуу башка жаныбалар тоютсуз калууда.

Совет заманында Кыргызстанда дагы коммунисттик башкаруучулар койдун саны 15 млнго жеткиребиз деп жатып, көп сандаган жайыттар такырайып кеткени белгилүү.