Эл алдында чыгып сүйлөгөндөн эмнеге коркушат?

Эл алдында сүйлөгөндөн коркуу сезими Сүрөттүн автордук укугу iStock

Эл алдында сүйлөгөндү билбеген адамдын көп учурда кызматтан багы ачылбай турганын биз баарыбыз жакшы билебиз. Бирок бала кезиңизден бери эле эл алдына чыгып сүйлөгөндөн коркуу сезими кете элек болсо, эмне кылыш керек? BBC Capital баяндамачысы ушул тоскоолдукту жеңип чыгуунун аракеттери жөнүндө айтып берет.

…Глен Сэвидж сахнага чыкканга даярданып жатат, анын үстүндө канаттар тагылган костюм жана башында ыйык нур төгүлгөн нимб бар.

Алдыда эмне болорун ойлогондо анын үрөйү учууда.

1961-жыл. Беш жаштагы Севидж Австралиядагы Брисбен шаарында Сент-Джеймс мектебиндеги Рождество майрамында Гаврил архангелдин ролун ойноп жатат. Ал болгону бир эле сөз : Келгиле бул жакка, периштелер!»-деп айтышы керек.

Глен ошол учурдагы коркккону жана толкунданганы анын бүтүндөй карьерасына таасир берери оюна да келген эмес.

«Мен муну аткара албайм деп ойлодум. Элдин алдында айта албайм деп корктум»,-деп эскерет азыр Севидж.

«Качан көшөгө ачылганда мени калтырак басты. Менин үнүм да калтырап, полду тиктеген бойдон катып калдым… Ошондон кийин эл алдында чыгып сүйлөгөндөн качып калдым»,-дейт ал.

Мектепти бүткөндөн кийин ал фармацевт болду. Ал өзүнүн жумушунда келген адамдардан бөлүп турган калың айнектин ары жагында отуруп, камырабай иштеп жүрө берди.

2000-жылы анын аптекалардын кызматкерлерин окутууга катышып берүүсүн өтүнүштү.

"Мен 400 аптеканын кызматкерлерине өзүмдүн тажрыйбамды айтып беришим керек болду. Адегенде сонун болот деп ойлодум. Бирок андан кийин бала чакта болгонду эстеп, айный баштадым»,-дейт Глен.

«Келгиле бул жакка, периштелер» деген баякы айта албай эл алдында уят кылган сөз кайрадан эсине түштү. Тапшырманы аткара аларынан күмөн санай баштады.

Карьерага каскак

Биздин арабыздан көбүбүз эл алдында чыгып сүйлөгөндөн качабыз. 2014-жылы Чепмен университети өткөргөн сурамжылоого катышкандардын 25,3% көп элдин алдында сүйлөгөндөн сүрдөй тургандыктарын айтышкан.

Бирок ушул сүрдөө, коркуу адамдын кызматтык өсүшүнө тоскоол болбой койбойт. Алтымыштын ашык иш берүүчүлөрдү сурамжылоодо алар биринчи кезекте адистердин «оозеки коммуникациясына», төртүнчү кезекте гана «презентациялык көндүмдөрүнө» көңүл бура тургандыктарын белгилешкен.

Ал эми административдик ишти жетектөө сыяктуу башкаруучулук көндүмдөр тизменин эң аягынан орун алган.

АКШда 2014-жылы болгон 2031 адам катышкан онлайн-сурамжылоо респонденттердин 12% презентация жасаганды башка бирөөгө кубанып өткөрүп берерин, кесиптештеринин алдында кадыры түшүп калганына да кайыл болорун көрсөттү.

Ал эми презентация өткөргөнгө батынгандардын 70% кийин бул алардын кызматтык ийгиликтери үчүн маанилүү болгонун айтышкан.

Эл алдында сүйлөгөндөн коркуу сезими адамдын бүт жашоосуна таасир этет. Көп сандаган изилдөөлөр адамдын иш ордундагы кооптондурган себептер эмгектин өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөрүн аныкташкан.

Financial Times газетасынын баяндамачысы Люси Келлэуэй эл алдында сүйлөгөндөн коркууну «карьерага каскак» деп атайт, ал эми атактуу инвестор Уоррен Бафет чечендик чеберчилик анын ийгиликтеринде орчундуу роль ойногонун белгилейт.

Эл көзүнө көрүнүш керек

Көп убактыбызды компьютердин жанында өткөргөнүбүз менен биздин карьералык өсүүбүз үчүн эл көзүнө көрүнүп, кулагына илинишибиз керек.

IBM өзүнүн отчетунда кызматтык жагынан өскүсү келген ортоңку звенодогу аял жетекчилерге демилгелүү болуп, коомдук жыйындарга катышып сөз сүйлөгөнгө кеңеш бере тургандыгы айтылат. Андан сырткары, аларга блог ачып, Твиттерде ар нерсени жазып турууга кеңеш берилет.

Бизнес-кеңешчи жана «Кантип таасирлүү болуш керек» деген китептин автору Харви Коулман карьералык өсүштүн үч фактору катары - өндүрүмдүүлүктү, «имиджди» жана «көзгө түшүү» керектигин белгилейт.

"Эл алдында сүйлөгөндү билүү - кесиптик ийгиликтердин ажырагыс бөлүгү» деп ага макул болот чечендик өнөр боюнча тренер Стив Бастин. -Бул бизнес үчүн эң маанилүү көндүм. Аны өздөштүрүп, практикада колдонуу билүү керек. Чоң кызматка каралып жатсаңыз, анда сизди презентация өткөр деп өтүнүшөт».

Интернет колду узартты

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Видео конференцияларды өткөрүү көп мекеме-уюмдарда кадыресе көрүнүш болуп калды. Бул дагы коомдук жайларда чыгып сүйлөө тажрыйбасын байыта турган жакшы мүмкүнчүлүк.

Кадимки телефон чалуулардын ордун видеоконференциялар баскан сайын кызматкерлер башка жактагы кесиптештери менен көп сүйлөшүп калды.

"Бир адамдын көп адам менен баарлашуу идеясы азыркы учурда абдан актуалдуу - дейт Бастин. - Азыр конференция өткөрүш үчүн башка шаарга учуп барыштын кереги жок. Видео байланыш уюштуруп, өзүңүздүн кеңседен эле презентация өткөрүп кое аласыз».

2006-жылы лекциялар интернетке чыга баштап, «Таратууга татыктуу идеялар» деген ураан алдында чыныгы маданий феноменге айланды.

Ар башка эксперттердин 20 мүнөттүк лекциялары жүздөн ашык тилге которулуп, миллиарддан ашык көрүп чыгышты.

"Бүгүн YouTube каналынан эң сонун лекцияларды көрүүгө болот. Конференция же ар кандай иш чараларга баргандар докладчиктерден ошондой деңгээлди күтүшөт. Талап жогорулады»,-дейт Бастин.

Эл алдында чыгып сүйлөгөндөн корккондор үчүн бул жаман жаңылык. Брайтондогу психология жана бизнес кеңешчиси Гэри Лаффман бир жылда презентацияны аз жасагандар үчүн көндүмдөрдү өркүндөтүү оңой болбойт дейт:

"Менин кээ бир кесиптештерим презентацияны бир жылда же бир чейректе бир эле жолу кылышат. Мындай шартта алар үчүн страуска окшоп башына кумга сайып алгандан башка эч арга калбайт».

Даярдык керек баарынан

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сүйлөп жаткан кишинин сөзү кызыксыз болсо аудитория телефонго алаксып баштайт. Ошондуктан оратор аудиториянын көңүлүн көзөмөлдө кармашы керек.

Эл алдында чыгып сүйлөгөндөн коркуунун себептери биздин аң-сезимдин түпкүрүндө катылуу. Лаффман аадамдын мээси жакшы ишке караганда жамандыкты үч-төрт эсе көп көрөт дейт.

"Ошондуктан бейтааныш адамдарды көргөндө биз коркуу режимине которулабыз", - деп түшүндүрөт.

Андан кийин биздин мээ «күрөшүү же качуу» режимине которулат. Бул башталганда организмде адреналин иштелип чыга баштайт жана жүрөгүбүз ылдам согуп кирет.

Качып кетсеңиз же күрөшүп баштасаңыз жакшы го, бирок жөн эле ордуңузда тура берсеңиз, анда энергиянын толкуну тамагыңызды кысып, кызарып, тердеп чыгасыз.

Ошондуктан Бастин дагы, Лаффман дагы эл алдында сүйлөшүүнүн ийгилиги эртелеп даярданып алууда экенин айтышат.

Алар айта турганыңызды сөзмө-сөз жаттабай, биринчи эки-үч сүйлөмүн эстеп калып, башында сүйлөй турган сөзгө жакшылап машыгып алыш керек дешет.

Ал эми демдүү баштап алгандан кийин калган сөздү карточкалар же слайддар менен коштоп алып кетсе болот.

Лаффман ошондой эле презентация боло турган чөйрөнү эртелеп билип алган оң дейт.

"Реалдуу көрүнүшкө мээде кандай реакция болсо, ойдогу образга да ошондой реакция болот»,-дейт ал. -Ошондуктан сиз боло турган ишти канчалык айкын жана даана элестете алсаңыз, кооптонуу деңгээли ошончолук төмөн болот".

Кеп сизде эмес, аудиторияда

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Рим папасы Францисктин Интернет лекциялары дагы популярдуу болуп жатат.

Эл алдында сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүш үчүн көп адамдар Глен Сэвидж сыяктуу Toastmasters эл аралык уюмуна мүчө болушкан.

2000-жылы кызматтан четке сүрүлүп калбаш үчүн Севидж өзүндөгү коркуу сезими менен күрөшүп баштады.

Мында ага нейролингвистикалык тилдин структурасы менен адамдардын жүрүш-турушун чечмелеген программалоо курсу жардам берди. Ушул курстан кийин ал бара-бара өзүнүн чектөө менен коркуу сезиминен арыла баштады.

«Кеп сизде эмес, аудиторияда» деп ага айтышканда бул бурулуш учур болуп калды. Көпчүлүктөн сүрдөгөн көп адамдар «жаңылып калсам, уят болом» деп корко беришет. А чынында чогулгандарга оюңдагыны жеткире айтып берүү - ийгиликтин ачкычы эмеспи.

Балдар театрында болгон жагымсыз окуядан 50 жыл өткөндөн кийин гана 2015-жылы Севидж сахнага чыгып, австралиялык фармацевтердин конференциясында төрт миңден ашык катышкан жыйындын алдында сөз сүйлөдү.

"Элге кайрылып сүйлөп, алар менен идеяларыңды бөлүшүү мен үчүн чоң ырахат жана намыс. Ал жүрөк заада кылган иш эмес»,-дейт азыр ал.

Азыр Севидж конференцияларга көп барып сүйлөп турат жана башкаларды коркуу сезиминен кутулууга чакырууда.

«Бул сөзсүз менин карьерамды чектемек»,-дейт Севидж. -Азыркыга чейин бир орунду таптай бермекмин". (КС)