Уйкубузду кыскартып, анын кесепети кооптуу экенин аңдабайбыз

Сүрөттүн автордук укугу iStock

Азыркы коомдо адамдын аз уктап, көп иштешин талап кылган түрдүү экономикалык жана социалдык кысымдар бар. Мунун кесепеттери өтө кабатыр кылат дейт нейробиолог Мэтт Уокер. Ал мындай пикирин Би-би-си Дүйнөлүк кызматындагы «Иликтөө» (The Inquiry) деп аталаган радиопрограмма учурунда айтты.

"1940-жылдары кишилердеги түнкү уйкунун орточо узактыгы сегиз сааттан бир аз көбүрөөк убакытты түзгөн. Ал эми азыр болсо 6,7-6,8 саат уктайбыз", -дейт Берклидеги Калифорния университетинин нейробиология жана психология боюнча профессору Мэтт Уокер.

"Мындай жол менен 70 жылдын ичинде биз уйкубуздун 20 пайызын жоготтук жана бул кыскаруу айлабызды кетирүүдө».

Азыркы учурда чоң кишилердин аз уктоосуна себептер толтура. Айталы, кофеинге муктаж болуп турбасак деле сергек болуу үчүн колдоно беребиз. Алкоголь дагы уйкубузду бузат.

Бирок уйкуга түзгөн шартыбыз жакшырды. Бул эми ортопедиялык төшөнчүлөрдөн тартып салкын абага чейин. Биздин баарын жакшыртуу жана көзөмөлдөө каалообуз сергек уйкунун пайдасына иштебейт деп белгилейт Уокер.

"Бул жерде борборлоштурган жылытуу жана кондиционерден баштасак болот. Карап көргүлө, күн батканда абанын температурасы табигый түрдө төмөндөйт. Күн чыкканда болсо, кайра жогорулайт. Биздин организм башынан ушул табигый тартипке баш ийүүгө көнүккөн. Бул качан укташыбыз керек экенин, дегеле биздин укташыбызга жардам бере турган көрүнүш».

кол телефон Сүрөттүн автордук укугу iStock

Дагы бир жолу технология тууралуу. Биздин кол телефон, планшет, телевизор, компюьтерден түшкөн жарыктарды көк түстүү жарык чыгаргандар деп атап коебуз.

"Мына ушул көк түстүү жарык организмге уктоо тууралуу белги бере турган мелатонин гормонун иштеп чыгуунун токтотот».

"Андан сырткары технология уктоону кечеңдетет. Мисалы, биз түн ортосунда азыр бир катты, соңкусун жөнөтүп, андан кийин «Фейсбукта» эмне бар экенин бир сыйра текшерем деп өзүбүзгө убада кылабыз...».

Эми ушунун баарына азыркы эрте туруу керек деген тенденцияны кошуп койгула. Бизге аз уктап, көп иштешин талап кылган түрдүү экономикалык жана социалдык кысымдар толтура. Мына, Дональд Трамптан, Барак Обамадан, Маргарет Тэтчерден үлгү алгыла деп бизге көп айтышат.

Булар кандайдыр бир учурда аларга беш эле саат уйку нормалдуу иштөөсүнө жетиштүү экенин ырасташкан.

"Болжолу 10 миңге чукул илимий изилдөөлөрдөн кийин, бир бүтүн санды тегеректеп туруп, өзүнүн ден-соолугуна зыянын тийгизбей алты саат же андан аз уктаган кишилердин пайыздык көрсөткүчү нөлгө барабар деп тыянак чыгарууга болот».

Профессор Уокер белгилегендей, түнкү уйкунун жети сааттан кем болушу ден-соолукка зыянын тийгизет.

"Өнүккөн өлкөлөрдөгү негизги жаналгыч оорулар - альцгеймер, рак, ашыкча салмак, диабет, депрессиянын чала уйку менен түздөн-түз жана өтө тыкыр байланышы бар»,-деди окумуштуу.

Жорж Буштун кичүүсү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул жерден Жорж Буштун кичүүсүн мисал катары алсак болот. Ал президент болуп турган учурда дагы күн сайын кечки саат 9да жатып, тогуз сааттан кем уктаган эмес деп айтышат. (AbA)

Бул макала Би-би-си Дүйнөлүк кызматындагы «Иликтөө» (The Inquiry) деп аталаган радиопрограммадагы интервьюга негизделген.

Тектеш темалар