Медициналык мифтер: курсак тойгондон кийин сууга түшпөш керекпи?

Сүрөттүн автордук укугу iStock

Курсакты кампайта тойгозуп алгандан кийин сууга түшпөш керек деген пикир бар. Балким булчуңдарың түйүлүп, ичиң ооруп, ал тургай тарамыштарың тартылып чөгүп кетесиң деп көп айтышат.

Бирок мында аз болсо да чындыктын үлүшү барбы?

Эсимде, бала кезде тамак жеп алып сууга келгенибизде, жээкте зарыга күткөн сааттар көп болду. Чоң кишилер бизге толуп турган ашказан менен сууда сүзүү опурталдуу деп айтышчу. Тамагың сиңбей калып, ооруп каласын деген пикирлерди укчубуз. Мындай ишенимдүү тыянактар кайдан чыкты?

Булчуңдар түйүлөт деген себеп азырга чейин бүдөмүк. Буга түздөн-түз далил болуп берчү жагдайлар жок. Бирок тамак жегенден кийин тамак сиңирүүчү органдарда кандын жүгүрүүсү күчөйт. Ал эми сууда сүзгөндө (ар кандай эле физикалык салмак түшкөндөй) жогорку кан айлануу булчуң тканын талап кылат.

Мына ушундан улам тамак сиңирүү системасына жетиштүү кан айланбай калып, сиңирүү начарлайт деп тыянак чыгарышат. Ушундай болгондо ашказан ооруп, көңүлүң айланып, кускуң келет деп айтышат.

Ушул сыяктуу иликтөө профессионал спортчулар арасында алыскы аралыкка чуркоо жана триатлон учурунда жүргүзүлгөн. Албетте, спорттун бул түрүндөгү физикалык салмакты сууда сүзгөн баланыкы менен салыштыруу мүмкүн эмес.

Профессионал суучулдар мелдеш алдында тамак жебейт. Бирок ошол эле учурда ашказандары бош калбашы дагы көңүл борборунда турат. Анткени жакшы тыянактарды көрсөтүү үчүн күч керек да.

Ачка болуп турганда деле узакка сүзө албайсың. Эмнени жешти туура тандай билиш керек. Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Ачка болуп турганда узакка сүзө албайсың. Эмнени жешти туура тандай билиш керек.

Спортчулар мелдеш учурунда тамактана алышпайт. Эгерде алардын булчуңдары түйүлүп калчу болсо, ал ашказан толуп тургандан эмес, өтө чарчагандын жыйынтыгы.

Дагы башка маселе капталдын сайгылашып ооруганы же иликтөөчүлөр айткандай «физикалык активдүүлүккө байланыштуу келип чыккан ичтин оорусу». Мунун табияты акыр аягына чейин иликтенип чыга элек.

Австралиялык спорт даарыгери Даррен Мортон физикалык күч келүүдөн улам капталдын сайгылашып ооруганы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жүрөт. Ал бул илдет менен көбүнчө профессионал суучулдар жабыр тарта турганын таап чыкты.

Мындай тырышып калуу балким курсакты кампайткандан кийин чукулунан катуу физикалык салмак түшүрүп алуудан дагы келип чыгышы мүмкүн.

Жакшы жаңылык дагы бар. Көрсө, капталдын сайгылашып ооруганы жаш өткөн сайын азыраак болот экен.

Бирок баары бир эмнеге активдүү көнүгүүлөрдөн кийин капталың сайгылашып ооруп калганына бир гана түшүндүрмө бар. Мортондун байкоосунда, капталдын сайгылашып ооруганы көп учурда мөмө-жемиш концентратынан кийин пайда болот.

Түшкү тамактан кийин балдарын сууга түшүрбөй койгондун башка да себептери бар. Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Түшкү тамактан кийин балдарын сууга түшүрбөй койгондун башка да себептери бар.

Сок ичиңди көптүрүп, беймаза кылат. Бул абдан сезимтал участкалар, баликм ошондон оору пайда болушу мүмкүн.

Булчуңдардын түйүлүп же капталдын сайгылашып ооруганда сууга чөгүп кетүү коркунучу барбы? Албетте, терең эмес сууда мындай тырышып калган мезгилден аман калганга мүмкүндүк бар. Мындай учур терең сууда опурталдуу. Эми бул жерде тамакты жеп алгандан эле эмес, бардык учурда терең суу коркунучтуу болот эмеспи.

Статситикага караганда жыл сайын көлмөлөрдө көптөгөн балдар сууга чөгүп каза табышат. Маселен, Кытайда балдардын сууга чөгүп каза тапканы кокустук окуянын жыйынтыгы катары каралат. Бирок бул жерде курсакты тойгозуп алып сууга түшүү кошумча тобокелчилик катары эсептелген жери жок.

Айталы, америкалык окумуштуулардын маалыматында балдар арасында сууга чөгүп каза табуунун себептери: сууда сүзө албоо, бассейиндеги тосмолордун болбогону, чоңдор тарабынан көзөмөлдүн болбой калганы.

А чоңдор арасында болсо мындай кокустуктун негизги себеби алкогол ичип алуу.

Түшкү тамактан кийин балдарын сууга түшүрбөй койгондун башка да себептери бар. Күн чак түш болгон учур абдан ысык болгондуктан, күнгө күйүп калуудан сактануу үчүн.

Бирок сууга чөгүү кооптуулугу менен курсакты тойгон абалдагы байланышты илим тасыктабайт.

Маалымат: Бул макала жалпы маалыматтарды гана камтыйт жана саламаттыкты сактоо адистеринин сунушун алмашытыра турган маалымат катары каралбашы керек. Окурмандар тарабынан макалага негизделип коюлган ар кандай диагноздор үчүн Би-би-си жооптуу эмес. Эгер сиз ден соолугуңуздан тынчсыздансаңыз дарыгерге кайрылыңыз.

Макаланын түп нускасын BBC Future сайтынан англис тилинде окуңуздар.

Тектеш темалар