Алжып калууга алып барчу тогуз коркунуч

Дарыгерлер мээ гимнастикасы жана сергек жашоо образы деменция коркунучун азайтат деп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу PETER RHYS WILLIAMS
Image caption Дарыгерлер мээ гимнастикасы жана сергек жашоо образы деменция коркунучун азайтат деп жатышат.

Адамдар эгерде өздөрүнүн мээсин жакшы карап жашаса, дүйнөдө деменцияны (алжууну) үчтөн бирге азайтууга мүмкүн болмок. Медициналык Lancet журналында жарыяланган нейробиологдор менен нейрохирургдардын эл аралык тобунун изилдөөсүндө ушундай тыянак жазылган.

Адистер адамды алжып калууга алып барышы мүмкүн болгон коркунучтардын тогуз факторун эсептеп чыгышты. Алардын ичинде орто билимдин жоктугу, кулактын укпагандыгы, тамеки чегүү жана көп кыймылдабаган жашоо мүнөзү сыктуу факторлор бар.

Изилдөөнүн бет ачаары Лондондо Альцгеймер оорусу менен күрөшүү ассоциациясынын эл аралык конференциясында болду.

Адистердин баамында, 2050-жылга карата карылыктан улам акылынан айнуунун ар кандай формасына кабылган адамдар дүйнөдө 131 миллион адамга чейин көбөйүшү мүмкүн.

Азыркы учурда деменциядан жабыркаган адамдар дүйнөдө 47 миллион адамды түзөт.

Image caption Дүйнөдө деменция менен ооруунун деңгээлинин өсүшү

Деменцияга алып келүүчү тогуз фактор

  • Орто куракта кулактын укпай калышы, коркунуч деңгээли - 9%
  • Орто билимдин жоктугу - 8%
  • Тамеки чегүү - 5%
  • Депрессиянын биринчи белгилерин көңүлгө албай коюу - 4%
  • Физикалык активдүү жашоонун жетишсиздиги - 3%
  • Коомдон обочолонуу - 2%
  • Гипертония - 2%
  • Семирүү - 1%
  • Диабет (2-түрү) - 1%

Окумуштуулардын пикиринде, жогорку факторлордун таасири адамдын өзүнө жараша ар кандай деңгээлде болот жана баары биригип коркунучтун 35% түзөт. Ал эми калган 65% коркунучка адамдын күчү жетпейт.

"Деменция диагнозун карып калганда таап коюшат, бирок мээдеги өзгөрүүлөр алда канча эрте башталат»,-дейт Лондондогу университеттик коллежден профессор Джилл Ливингстон.

"Эгер биз азыртан кам көрүп баштасак, анда биз деменцияга кабылган адамдардын жана алардын үй-бүлөөсүнүн жашоосун абдан жакшырта алабыз, ошону менен коомдун келечегине да кам көрөбүз", - дейт нейробиолог.

Изилдөөгө ар кандай өлкөдөн 24 адис катышкан. Алардын баары алжып калуу коркунучунун жогору же төмөн болушунда адамдын өзүнүн жашоо образы чоң роль ойной турганын айтышууда.

Авторлор диета менен алкоголдун деменцияга таасири кандай болорун жетиштүү түрдө изилдеп чыгыша элек, бирок аталган эки фактордун тен таасири болбой койбойт дешет.

"Мындай болот деген ишеним жок, бирок эсептөөлөргө караганда деменция XXI кылымдагы эң чоң жаналгыч болот. Биз өмүргө зыяндуу факторлор жөнүндө билип, жашоо образыбызды жакшыртуунун камын көрүшүбүз керек",-дейт доктор Даг Браун, Альцгеймер оорусун изилдөө коомунун директору.

Тектеш темалар