Чыңгыз хандын мүрзөсү эмнеге эч качан табылбайт?

Сүрөттүн автордук укугу Samuel Bergstrom

Моңгол империясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң белгилүү инсандарынын биринин мүрзөсүндө сан жеткис байлык катылган деп айтылат. Бирок Монголиянын эли Чыңгыз хандын жаткан жерин жашыруун кармоону каалайт. Эмнеге?

Бул чалкыган талаалар көптөгөн мыкты инсандарды жаратты. Аймакта жол, курулуш да жок. Бир гана көк асман, толкун сыяктуу желбиреп, куурап бара жаткан чөп жана тынчыбаган шамал бар.

Туз кошулган чайды ичели деп биз монгол боз үйүнө токтодук. Үйүр-үйүр жылкыларды жана эчкилерди сүрөткө тартып жаттык.

Айрым учурда унаада отура берип тажап, тыныгалы деп токтоп жаттык. Монголиянын Умнегов аймагы учу-кыйры чексиз сезилди. Аны унаа эмес, атка минип алып кыдырууну элестете албайм.

Бирок Монголия Чыңгыз хандын - ат жалында жүрүп дүйнөнү басып алган адамдын мекени. Анын бүтүндөй турмушу кан төгүү, адам уурдоо, сүйүү жана өч алуу менен өттү. Арийне, бул тарых. Ал эми Чыңгыз хан тууралуу уламыштар Улуу Хан көз жумгандан кийин дагы жарык көрүп, бүгүн дагы ар кандай өңүттөн айтылып келет.

Чыңгыз хан түзгөн империя Тынч океандан Каспий деңизине чейин, Дунай дарыясынан Жапон деңизине чейинки эбегейсиз аймакка созулган.

Сүрөттүн автордук укугу Hulton Archive/Getty Images
Image caption Миниатюра: "Чыңгыз хан өлөр алдында уулдарына керээзин айтууда"

Уламыштарга ылайык, Чыңгыз хан өлөр алдында аны жашыруун жерде көмүүнү керээз кылган. Кайгыга баткан желдеттер Чыңгыз хандын сөөгүн көтөрүп баратып, жолдо жолуккандын баарынын башын ала берген экен.

Улуу Хан жерге берилгенден кийин, жоокерлер миң жылкыны айдап барып жүгүртүп, ал жерде мүрзөнүн изин өчүрүшкөн.

800 жыл өтсө да дүйнөнүн эң белгилүү инсандарынын бири кайсыл жерде көмүлгөнү белгисиз бойдон калууда.

Сүрөттүн автордук укугу Samuel Bergstrom
Image caption Чыңгыз хандын империясы Тынч океандан Каспий деңизине чейин, Дунай дарыясынан Жапон деңизине чейин созулган.

Чыңгыз хандын мүрзөсүн табуу үчүн эл аралык экспедициялар уюштурулуп, байыркы жазмалар текшерилип, National Geographic космостон тартылган сүрөттөрдү дагы колдонуп көрдү.

Кызыгы, бул экспедициялардын көбүн чет элдиктер уюштурду. Монгол калкы болсо Чыңгыз хандын көмүлгөн жерин табууга каршы.

Ага жергиликтүүлөрдүн Чыңгыз ханга кызыкпаганы себеп болгон жок. Тескерисинче, Монголиянын ар бурчунда атактуу башкаруучуну даңазалаган айкелдер коюлган, улуттук валютасында анын сүрөттөрү тартылган, ал аз келгенсип арак бөтөлкөлөрүндө дагы чагылдырылган. Чыңгыз Хандын 1227-жылдагы бийик атагы азыр дале күчүндө.

Анда эмне себептен анын мүрзөсүн табууга тыюу салынат?

Батыш медиа каражаттарында монголдордун каршы мамилесин апыртып, Чыңгыз хандын мүрзөсү табылса кыямат күн келет деп жазып чыгышкан. Мисалы, XIV кылым учурундагы Борбор Азиянын түрк кол башчысы Темирланды эстесек - 1941-жылы археологдор анын күмбөзүн таап, изилдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин СССРге нацисттик Германия басып кирген. Айрым ырымчыл кишилер Темирландын сөөгү күмбөздөн чыгарылганда Гитлер согуш баштаган деп жоромолдошкон.

Бирок биздин жогорку билимдүү котормочубуз Уэлин ырымчыл адам эмес. Ал монголдор Чыңгыз хандын керээзин сыйлаган үчүн анын мүрзөсүн издебейт деп түшүндүрдү.

Сүрөттүн автордук укугу Samuel Bergstrom
Image caption Чыңгыз хан жерге берилгенден кийин, жоокерлер миң жылкыны айдап барып жүгүртүп, ал жердеги мүрзөнүн изин өчүрүшкөн.

Жергиликтүү калк дал ушул аргументти карманып келет. Монголдордун байыркы маданияты жана атактуу тарыхы бар. Жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө Чыңгыз хандын сүрөтү илинип турат жана айрымдары Улуу Хандын тукуму экенин айтып, сыймыктанат. Чыңгыз хан Монголиянын символу бойдон калууда.

Чыңгыз хандын мүрзөсүн издөө

Улуу хандын сөөгү жаткан жерди издөө толгон-токой кыйынчылык менен коштолуп келет.

Монголиянын аймагы чоң жана талаалары кенен. Мамлекеттин территориясы Улуу Британиянын ээлеген аянтынан жети эсе чоң. Бирок эки мамлекеттин жол курулуштарын салыштырганда, Монголиянын жолдорунун узактыгы Британиянын жолдорунун эки пайызын гана түзөт.

Демек, кайсы тарапты карабаңыз, түнт талаа көзгө урунат. Мындай учу-кыйырсыз тоолор менен талааларда сырлар кылымдар бою сакталаары бышык.

Сүрөттүн автордук укугу Samuel Bergstrom
Image caption Монголия территориясы боюнча Улуу Британиядан жети эсе чоң

Археолог Димажав Эрденбатар карьерасын Чыңгыз хандын мүрзөсүн издөө боюнча жапон-монгол экспедициясында баштаган. Айтылган иштер 1990-жылдары жүргөн.

Издөө иштери Чыңгыз хан төрөлгөн Хэнтий аймагында - Онон, Керулен жана Туул дарыялары аккан территорияда болуп, долбоор "Үч дарыя" деп аталган. Көп өтпөй өлкөдө демократиялык ыңкылап болуп, мамлекеттин жаңы бийлиги экспедицияны токтоткон.

Биз Димажав Эрденбатар менен жолукканда, ал 2001-жылдан бери 2000 жыл мурунку монгол ак сөөктөрүнүн, башкача айтканда, байыркы көчмөн элинин күмбөздөрүндө археологиялык иштерди жүргүзүп келгенин айтты.

Эрденебатар монголдордун байыркы ата-теги хундар болгон деп эсептейт. Чыңгыз хан дагы дал ушундай пикирде болгону айтылып келет. Окумуштуу хундар менен монголдордун күмбөздөрү окшош болгонун дейт.

Сүрөттүн автордук укугу Samuel Bergstrom
Image caption Көптөр Чыңгыз хандын мүрзөсүндө сан жеткис байлык катылган деп ишенет

Хундардын хандарына 20 метр тереңдикте төрт бурч көр казылып, сөөктүн жанына болгон байлыкты дагы катышкан. Мүрзөнүн үстүнө таш жыйнап коюшкан.

Монголиядагы хундарга таандык биринчи күмбөз жай мезгилинде гана казылып, он жылдан кийин археологиялык иштер жыйынтыкталган. Андагы байлыктардын көбү уурдалып кеткенине карабастан, табылган зергер жана башка буюмдар хундардын дипломатиялык алакалары кеңири болгонунан кабар берет. Мисалы, күмбөздө Кытайдан келген араба, Римден келген терезе жана көптөгөн баалуу металлдар табылган.

Биз байыркы буюмдардын айрымдарын музейден көрдүк. Алтын жана күмүш зергер буюмдары менен күлүк тулпарлар чогуу көмүлгөн экен.

Эрденебатар бизге кабылан менен единорогдун сүрөттөрүн көрсөттү. Айтылган символиканы Чыңгыз хан жана анын уулдары дагы колдонгон.

Көптөр Чыңгыз хандын жаткан жеринде дагы сан жеткис байлыктар катылган деген пикирде. Бирок Улуу Хан хундардын маданияты менен көмүлсө, анын мүрзөсүн табуу өтө оор болмокчу.

Себеби аны жашыруу үчүн бейиттин үстүндөгү таштарды гана алып салуу жетиштүү. Ал эми көр 20 метр тереңдикте казылгандыктан, аны табуу мүмкүн эмес.

Мен Эрденебатардан Чыңгыз хандын мүрзөсү табылабы деп сурадым. Ал мени карап "ага бир жашоо жетпейт, иш абдан көп - анын тарыхы өтө эле кең", -деп жооп кайтарды.

Сыр чечүүгө жол ачкан ишарат

Уламыштарга караганда, Чыңгыз хан монголдор ыйык деп санаган Бурхан-Халдун тоосунун чокусунда көмүлгөн. Ал Хэнтий аймагында, Улан-Баатыр шаарынан 160 чакырым аралыкта.

Улуу Хан бала кезинде айтылган тоодо душмандардан жашынган жана өлгөндөн кийин кайтып келем деп убада кылган. Бирок окумуштуулар кайчылаш пикирде.

"Ал ыйык тоо, бирок бул факт Улуу Хан ал жерде көмүлгөн дегенди билдирбейт", -деди Улуттук университеттин тарыхчы-профессору Содном Цолмон.

Окумуштуулар байыркы жазмаларды чечмелеп окуп, Чыңгыз хандын жаткан жерин аныктоого аракеттенишкен. Бирок аларда дагы карама-каршы багыттар жазылган.

Бир четинен миң жылкы таптап өткөн аймак десе, ал жер жайлоо болсо керек. Экинчи жагынан, Чыңгыз хан ыйык тоого кайтып келем деп сөз берген эмеспи.

Ал эми монгол этнолог С. Бадамхатан таптакыр чаташтырып салды. Ал Бурхан-Халдун деген аталыш тарыхта беш башка тоого таандык экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чыңгыз хан Монголиянын символу бойдон калууда

Биз Бурхан-Халдун тоосуна чыга алган жокбуз. Ыйык тоого аял чыкканга болбойт, тыюу салынган. Мурда анын аймагы императордун үй-бүлөсүнө байланышы бар делген адамдарга гана ачык эле.

Учурда ыйык деп саналган тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирет. Окумуштууларга изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу абдан татаал.

Эр жүрөк аскер башчынын керээзин сыйлоо

Демек, Чыңгыз хандын көмүлгөн жерин аныктоого тыюу салынса, монголдор экспедициялар тууралуу укса эмнеге ачууланат?

Чыңгыз хан - Монголиянын тарыхындагы эң атактуу, эң улуу каарман. Дүйнө жүзү Улуу Хан империя түзүп, жер планетасынын жарымын басып алган десе, монголдор болсо Чыңгыз хан түптөгөн мамлекеттик системаны эсинен чыгарбайт.

Улуу Хан түзгөн империя Чыгыш менен Батышты байланыштырды, ал дипломатиялык кол тийбестик жана диний эркиндик принциптерин дүйнөгө алып келди.

Андан тышкары биринчи почта системасы жана кагаздан жасалган акча идеясы дагы анын империясында калыптанган. Чыңгыз хан дүйнөнүн жарымын басып эле албастан - аларга маданият жана мыйзамдуулукту алып келген.

Ошол себептен монголдор анын акыркы керээзин сыйлайт!

"Ата-бабаларыбыз Улуу Хандын мүрзөсүн биздин табышыбызды кааласа, кандайдыр бир белги калтырмак", -деди Уэлин биз менен коштошуп жатып.