Окумуштуулар: Дүйнөдө көрүүсү начарлагандар саны көбөйөт

Көрүүнүн начарлашы улгайган кишилер арасында көп болот. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көрүүнүн начарлашы улгайган кишилер арасында көп болот.

Азыркы учурда дүйнөдө көзү азиздер саны 36 млн киши деп эсептелип жүрөт. Бул сан 2050-жылга карата болжолу 115 миллион кишиге жетиши мүмкүн дейт иликтөөчүлөр.

Иликтөө жыйынтыгы Lancet журналына жарыяланды. Көрүүнүн начарлашы улгайган кишилер арасында көп болот.

Негизинен чоң көрсөткүч Түштүк Азия өлкөлөрүн жана субэкваторлук Африкага таандык.

Учурда көрүүсү начарлаган кишилер саны кыскарып жатат. Бирок дүйнөдө калктын саны туруктуу өсүп, көпчүлүгүн улгайгандар түзүп баратат. Ошондуктан көзү көрбөй калгандар саны дагы туруктуу өсө берет дейт окумуштуулар.

188 өлкөдөн алынган анализдер көрсөткөндөй дүйнөдө азыркы мезгилде көздүн көрүүсү начарлап, андан жабыр тартып келе жаткан кишилердин саны 200 миллион киши. Бул сандар 2050-жылга 550 миллионго чейин өсүшү мүмкүн.

"Көздүн көрүүсүнө байланышкан арзыбаган маселе деле адам жашоосуна кадыресе таасир этиши мүмкүн»,-дейт иликтөөнүн авторлорунун бири Руперт Бурн.

"Бул көз карандысыз болууну чектейт. Маселен, алар унаа айдай албай калышат»,-деди ал.

Иликтөөнүн авторлору өкмөттөрдү көз ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн көбүрөөк каражат сарптоого чакырды.

Көздүн көрбөй калуу көйгөйүнүн глобалдык масштабы:

  • Түштүк Азия - 11,7 миллион киши
  • Чыгыш Азия - 6,2 млн
  • Түштүк-Чыгыш Азия - 3,5 млн
  • Субэкватордук Африка -дээрлик калктын 4%
  • Батыш Европа өлкөлөрү - калктын 0,5%

(AbA)

Тектеш темалар