Бир Неймарга эмне сатып алса болот?

Неймар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бразилиялык футболчу Неймар сенсациялык жүрүш жасап, "Барселонадан" франциялык "Пари Сен-Жермен" футбол клубуна өттү. Ал үчүн франциялык "ПСЖ" испандык клубка 222 млн евро төлөп берүүдө.

Испаниянын футбол лигасы бул трансфер УЕФАнын каржылык фейр-плей эрежелерин бузат деп билдирген. Эрежеге ылайык, европалык футбол клубдары өздөрү иштеп тапкан акчадан көп каражат корото алышпайт.

Бирок бул чечимдер Неймардын "ПСЖга" өтөм деген ниетин таш каптыра алган жок.

Азыркы баа менен алганда бир Неймар 262 млн доллар же 198 млн фунтка бааланып жатат.

Бул каражатка эмне сатып алса болот?

Учак (керек болсо үчөөнү)

Бир Неймарга «Боинг 737-700» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган үч учак сатып алса болот. Бир учактын баасы азыр 82,4 млн доллар. Эгерде сизге жаңы, маселен 737-800 үлгүсүндөгү учак жакса, анда экөөнү сатып алмаксыз. Жаныңызда дагы 65 млн доллар артып калмак.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жеке учак керекпи? Неймардын төрттөн бири болсо, анда учак сиздики.

Же болбосо сиз Неймарыңызды жеке учакка деле алмашып жиберсеңиз болот.

Анын баасы 100 млн долларды чапчыйт . Ал эми артып калган каражатты болсо учактын тейлөө кызматына коротосуз.

Бүтүндөй Барселонага спагетти

Биздин Би-би-синин спорттук реадкциясы окурмандардын жардамы менен #NeymarMaths («Неймар математикасы») деген хештег менен пикирлерди жыйнады.

Төмөндө окурмандардын бир катар сунуштары:

  • Адамды клондоштуруу болжолу 1,29 млн фунт каражат болсо, эмнеге бир Неймарга 198 млн фунт коротуп зарылчылыгы бар. Бул акчага 153 Неймарды клондоп алса болот. (Йорктон Томас)
  • Бир Неймарга бүтүндөй Барселона шаарына толук жете турган спагетти сатып алса болот. (Адам Райт)
  • Же болбосо Freddo шоколадынан 792 млн. (Дэйво Лонг)

Истребитель

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапжаңы F-35 болгону Неймардын 0,36 пайызына

Бомбардир эмес бомбардировщик каалайсызбы?

Бул маселе эмес, тандаңыз: АКШнын сүймөнчүгү F-35 Lightning, бул сизге 94 млн долларга туура келет. F-22 Raptor (азыр чыгарылбайт) болжолу 150 млн доллар.

Ал эми үнөмдүү сатып алуучулар үчүн төмөндөгү варианттар бар: бир Неймар сизге орусиялык Су-24 учагынан онду сатып алууга мүмкүндүк берет.

«Нью-Йорк Янкиздин» маяна фонду

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аролдис Чапмендин айлыгы 21 млн доллар.

Эгерде бейсболду артык көрсөңүз, анда бир Неймарга «Нью-Йорк Янкиз» командасынын негизги курамына жыл боюу маяна төлөөгө кудуретиңиз жетет. Spotrac порталынын эсептөөсүндө, буга сиздин болгону 155 млн доллар акчаңыз кетет.

Алты өлкөнүн биринин ИДП көлөмү

Эгерде сизде бир Неймар болсо сиз алты чакан өлкөнүн экономикасы менен теңдеше аласыз.

Тандаңыз: Тувалу, Монсеррат, Кирибати, Маршал аралы, Науру жана Палау.

БУУнун 2015-жылдагы маалыматы боюнча бул өлкөлөрдүн баарында ИДП көлөмү 33 миллиондон 258 млн долларга чейин өзгөрүп турат.

Жок, Неймар өзү эле керекпи?

Куттуктайбыз.

Эгер азыртан баштап акчаңызды үнөмдөп, күндө 1000 доллардан чогултуп баштасаңыз, анда Неймарыңызды 718 жылдан кийин сатып аласыз. Тыйыныңызды чогултуп баштаңыз. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар