Финансы рыногундагы баалардын кескин түшүүсү

5- февраль күнү Американын фондулук биржаларында акциялардын куну кескин түшүп кетти. Акциялардын баасы бир нече айдан бери рекорддук баага жете өсүп келе жаткан. Бул 2011-жылдан бери эң ири арзандоо болуп Дүйшөмбу күн фондулук биржалар үчүн эң начар күн болду. АКШдагы ири компаниялардын акция бааларын көрсөткөн "Dow Jones" индекси улам төмөндөп, рыноктогу баалардын түшүүсү Азияны каптап, эми Европадагы фондулук биржаларда жайылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Getty Images

Лондондун фондулук биржасында катталган 100 ири компаниянын акцияларын көрсөткөн FTSE 100 индекси кече күндөн бери кайра калыбына келүүдө.

Уолл Стрииттеги баалардын түшкөнү соңку алты жылдагы эң өлчөмдүү төмөндөө болду. Буга маяналардын кескин көтөрүлүшү себеп болду, эми үстөк көрсөткүчү да жогорулайт деген коркунуч жаралды. Американын Борбордук Банкы үстөк көрсөткүчтөрүн чечкен орган.

Глобалдык финансы рыногунда баалардын төмөндөшү эл аралык коомчулукту кабатыр кылбай койбойт, себеби фондулук биржалардын мынча кескин төмөндөшү кризис коркунучу турганынан кабар берет.

Айрым эксперттердин айтымында Биржада акция баалары өскөндөн улам көптөр киреше алууда жана рынокто баарысы туруктуу жана коркууга себеп жок деген ойдо.

Кандай болгон күнү дагы дүйнө жүзү боюнча фондулук биржалардын кескин олку-солку болушу качан токтойт деген суроо тигинен турат.