Эксперимент: эмне үчүн стресстен салмак кошулат?

Woman taking a cake from the fridge Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биз баарыбыз эле эмне үчүн толуп кетерибиздин себебин жакшы билебиз. Ашыкча тамактануу, аз кыймыл - калорийдин күйгөнгө караганда көп колдонулганы. Анда эмне үчүн биз ашыкча тамактанабыз?

Бир кесим тортту же шоколадды көргөндө өзүңдү тыйып калуу жеткен мүшкүл болобу? Ооба, негизи бир нече минута өткөн соң буга өкүнөрүң турган кеп.

Бул эми жөн эле ач көздүкпү же башка түшүндүрмө барбы? Өзүңдү өзүң көзөмөлдөө дагы маанилүү дечи, бирок ашыкча салмакка стресстин дагы таасири чоң болоруна далилдер бар.

Өнөкөткө айланган стресс уйкунун сапатын начарлатат, кандагы канттын деңгээлине таасир этет. Бул болсо курсакты ачтырып, аны сооротуу үчүн көбүрөөк тамак-ашты талап кылып баштайт. Андан кийин уйку андан бетер бузулуп, кандагы канттын деңгээлин дагы көбөйүп кете берет. Жыйынтыгы жөн эле толуп кетүү болбостон, экинчи типтеги кант диабетине алып келет.

Доктор Жайлс Йо "Мага ишенгиле, мен дарыгермин" деген программанын мүчөлөрүнүн бири. Ал Лидс университетинин окумуштуулары менен муну өзүнүн абалы аркылуу текшерип көрүүнү чечкен.

Эксперимент

Жайлс Йону компьютерге олтургузуп, аны атайын стресс боло турган абалга салып текшерип көрүштү. Ар кандай тесттерден кийин анын канындагы канттын деңгээлин аныктап турушкан.

Адатта биз тамактанып жатканда канттын деңгээли жогорулайт. Бирок Жайлс сыяктуу ден соолугу чың кишилерде ал бат эле кайра мурдагы калыбына келет. Окумуштуулар Жайлсты атайын стресске алып келишкен учурда - канындагы канттын деңгээли үч саатка чейин төмөндөбөй койгонун аныкташкан. Жайбаракат күндөргө караганда алты эсеге жогору болгон.

Мунун негизги себеби, стресс абалында организм "ур же кач" деген режимде болот. Дене ага кол салып жатышат деп ойлойт жана булчуңдарга энергия бериш үчүн глюкозаны көп чыгарат. Эгерде эле бул энергия коркунучтан сактануу үчүн сизге керек болбосо, канттын деңгээлин баштапкы калыбына келтирүү үчүн уйку бези инсулин бөлүп чыгара баштайт.

Инсулиндин көтөрүлүшү жана кандагы канттын деңгээлинин түшүшүнөн сиздин курсагыңыз ачат. Дал ошондуктан стресс абалында сиз таттууларды жегиңиз келет. Ушундай эле абал сиздин уйкуңуз чала болгондо пайда болот.

Жакында Лондондун Королдук колледжи иликтөө өткөрүп, уйкусу бузулган кишилер орточо күнүгө 385 ккал колдонушканын аныктаган.

Стрессти кантип азайтуу керек?

Дем алуу көнүгүүсү

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эң маанилүү кеңеш - жакшылап уктап алуу.

Британдык улуттук саламаттыкты сактоо системасы сунуштаган бир ыкма бар. Бул дем алуу көнүгүүлөрү. Муну күн сайын кайталап турса, пайдасын берет.

Мурун менен терең дем алып туруп, эч кандай чыңалуу жаратпаган абалда бешке чейин санаңыз. Андан кийин кайра эле бешке чейин санап, ооз аркылуу демди чыгарыңыз. Ушундай эле абалда күндө үчтөн беш минутага чейин жасасаңыз болот.

Ордунан туруп же жатып алып, олтуруп деле кылса болот.

Эң маанилүү кеңеш - жакшылап уктап алуу.

Мүмкүн болушунча бирдей убакытта жатып, бирдей убакытта турууга көнүш керек. Уйкунун алдында көңүлдү жайгара турган нерсе менен алектенүү керек. Китеп окуу сыяктуу.

Сиздин уктоочу бөлмөңүздөгү атмосфера дагы маанилүү. Жарык, гаджет сыяктуу нерселер уйкудан алагды кылат. (AbA)