Натыйжалуу башкарылган өлкөдө жашоо кандай болот?

Бул алты өлкө прогресивдүү социалдык саясаты, өкмөткө элдин ишеними, адилеттүү сот системасы боюнча эл аралык рейтингдерде дайым алдыңкы орундарда аталат. Деги бул өлкөлөрдө эмне өзгөчөлүк бар?

Чили Сүрөттүн автордук укугу Matthew Williams-Ellis/Getty Images

Башкаруунун натыйжалуулугу эмнеден? Коррупция менен ийгиликтүү күрөшүүбү? Медицина жана билим берүү тармагындагы элдин жашоо-турмушуна ылайыкталган жагымдуу шарттардын түзүлгөнүбү?

Ар кайсыл өлкөдөгү өкмөттөрдүн ар биринин өзүнчө түрдүү стратегия жана тактикалары бар. Эл аралык рейтингдерде дагы мунун натыйжалуулугу ар башкача каралат. Маселен, World Justice Project уюму даярдап келген рейтингде мыйзамдын үстөмдүгү индекси (Rule of Law Index) каралган болсо, Дүйнөлүк банктын мамлекеттик башкарунун сапаты индекси, Социалдык өнүгүү (Social Progress Index) индекси бар.

Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө тургундар арасында сурамжылоолор өтөт. Алынган маалыматтар анализденип, түрдүү категориялар боюнча тыянактар жарыяланат.

Кээ бир өлкөлөр жыл сайын эле рейтингдин эң жогорку тизмесинен орун алат. Биз ушундай өлкөлөрдүн айрым тургундары менен баарлашып, биринчи кезекте алардын жашоо-турмушуна таасир эткен маанилүү факторлорду билүүгө аракет кылдык.

Дания: өз ара ишеним

Жогоруда биз санап өткөн көрсөткүчтөр боюнча дээрлик скандинавиялык өлкөлөрдүн баары ар дайым жогорку көрсөткүчтөргө ээ болот. Бирок Дания өзүнүн коңшуларынан "Адамдын негизги керектөөлөрү" деген эл аралык индекси боюнча өзгөчөлөнүп турат. 2017-жылдын жыйынтыгы менен Даниянын көрсөткүчтөрү дээрлик идеалдуу болуп чыккан.

Бирок Дания өзүнүн коңшуларынан "Адамдын негизги керектөөлөрү" деген эл аралык индекси боюнча өзгөчөлөнүп турат. 2017-жылдын жыйынтыгы менен Даниянын көрсөткүчтөрү дээрлик идеалдуу болуп чыккан. Сүрөттүн автордук укугу Hendrik Holler / LOOK-foto/Getty Images
Image caption Бирок Дания өзүнүн коңшуларынан "Адамдын негизги керектөөлөрү" деген эл аралык индекси боюнча өзгөчөлөнүп турат. 2017-жылдын жыйынтыгы менен Даниянын көрсөткүчтөрү дээрлик идеалдуу болуп чыккан.

Бул керектөөлөр - тамак-аш, медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле билим берүүдө жана коммуникациядагы жарандарга ыңгайлуу шарттар. Ушундай артыкчылыктарды өлкө жарандары гана эмес, бул өлкөдө жашагандардын баары колдоно алышат.

"Айталы, чет элдик студент катары сиз каржылык жардам ала аласыз, бекер тил үйрөтүүчү курстар дагы сиз үчүн ачык",-дейт Travellers Archive интернет-журналынын редактору, германиялык Анна Штайнбах. Ал жарым жылдай Данияда жашаган.

Калкка социалдык колдоолор боюнча даниялык система бюрократиялык процедураларга караганда, эл менен өз ара ишенимге басым жасайт.

"Эгерде Данияда киши ооруп калса, университетке же жумушка келе албай турган болсо, жөн эле телефон чалып койот. Германияда болгондо, дарыгерден аныктама алып келгенге милдеттүү болмок",-дейт Штайнбах.

"Бул эки өлкөдө тең мамлекеттик башкаруу абдан жакшы жолго коюлган. Бирок немистер бардыгы кагаз менен такталып, аныкталып, тартип болуп турганын жактырышат. Ал эми даниялыктар болсо өздөрүн дос катары жакын көрсөткүлөрү келет".

Европалык өлкөлөргө салыштырмалуу Данияда жашоо кымбаттай көрүнөт. Анткени Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен салык өтө жогору. Бирок салыктардын жогору болгону элдин пайдасына деп белгилейт Штайнбах.

Жаңы Зеландия: жарандарга чоң колдоо

Жаңы зеландиялыктардын курагы 65ке келгенден кийин, автоматтык түрдө мамлекеттен ири суммадагы жөлөк пул алып баштайт. Сүрөттүн автордук укугу Walter Bibikow/Getty Images
Image caption Жаңы зеландиялыктардын курагы 65ке келгенден кийин, автоматтык түрдө мамлекеттен ири суммадагы жөлөк пул алып баштайт.

Австралия жана Жаңы Зеландия дээрлик рейтингдердин баарында тизмеде жанаша келүүдө. Бирок Жаңы Зеландия саясый стабилдүүлүк, негизги укуктар жана зомбулук/терроризмдин жоктугу деген категориялар боюнча жогорку упайларды алган.

Бул өлкөнүн социалдык саясатында жалгыз бой энелерге, балдарга, студенттерге жана улгайган кишилерге чоң колдоолор каралган.

Жаңы зеландиялыктардын курагы 65ке келгенден кийин, автоматтык түрдө мамлекеттен ири суммадагы жөлөк пул алып баштайт. Муну менен адамдын канча иштеп тапканы, мурас алдыбы же жокпу, бул өлкөгө качан келди деген маанилүү эмес.

Канада: жогорку адилеттүүлүк сезими

Канада Сүрөттүн автордук укугу Bettmann/Getty Images
Image caption Түштүк коңшусунан айырмаланып, Канадада бийлик көп маселеге түтүмдүү мамиле кылып, жарандарынын тандоосун урматтайт дейт көп жылдан бери Торонтодо жашаган Элия Биксон.

Түндүк америкалык коңшу өлкөлөр АКШ менен Канада жогоруда биз атап өткөн индекстер боюнча жогорку упай алган өлкөлөр. Канадада саясый стабилдүүлүк, зомбулук/терроризмдин жоктугу боюнча упайлар жогору. Иш жүзүндө Канада өзүнүн рейтинги боюнча скандинавиялык өлкөлөр менен теңтайлаша алат.

Түштүк коңшусунан айырмаланып, Канадада бийлик көп маселеге түтүмдүү мамиле кылып, жарандарынын тандоосун урматтайт дейт көп жылдан бери Торонтодо жашаган Элия Биксон.

Жапония: мыкты медицина, мыкты мектептер

Бул арал өлкө мамлекеттик башкаруунун сапаты, мыйзамдын үстөмдүгү, саясый стабилдүүлүк жана социалдык өнүгүү боюнча рейтингде Азия өлкөлөрүнүн ичинен лидер эсептелет.

Дүйнөдөгү жапондук мектептердин репутациясы абдан жакшы. Сүрөттүн автордук укугу Kyodo News/Getty Images
Image caption Дүйнөдөгү жапондук мектептердин репутациясы абдан жакшы.

"Мамлекеттик саясатта ачык айкындуулук жана тазалыкка басым жасалып, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен иштеген тармактар эффективдүү жана үзгүлтүксүз иш алып барат",-дейт азыр Жапониянын Фукуоке аймагында жашап жаткан америкалык Адам Гулстон.

Медициналык камсыздандыруу жалпы, кызмат көрсөтүү үчүн каражатты кирешеге жана айлык акыга жараша алат. Жарандар каалаган учурда, каалаган дарыгерине кайрыла алат. Медицинага кеткен чыгымдардын жогорку бир чеги бар. Андан ашып кеткенине жапондор төлөбөйт.

Бирок медициналык программаларга тескери таасирин тийгизип жаткан факторлор бар -калктын улгайып баратканы. Ага карабастан жалпысынан система иштеп жатат, дейт Гулстон. Жапониялык онкологдор дүйнөдө эң мыкты эсептелет.

Билим берүү системасы жапон өкмөтүндөгү негизги тирөөчтөрдүн бири. Баштапкы жана орто билим берүү милдеттүү эсептелет. Дүйнөдөгү жапондук мектептердин репутациясы абдан жакшы.

Мектептеги билим берүү өтө так регламент жана система менен иштейт. Окуучуларга тамак берүүгө орчундуу көңүл бурулат. Мектептердеги эрте мененки тамактар жергиликтүү азык-түлүктөрдөн жасалат жана ден соолукка пайдалуулугуна маани берилет.

Ботсвана: акыйкат бөлүштүрүү

Ботсвана - Африка өлкөлөрүнүн ичинен ар дайым рейтингде жогору орундарды алат. Чөлкөмдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу коррупциянын аздыгы белгиленет.

Ботсванада чөлкөмдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу коррупциянын аздыгы белгиленет. Сүрөттүн автордук укугу MARCO LONGARI/Getty Images
Image caption Ботсванада чөлкөмдөгү өлкөлөргө салыштырмалуу коррупциянын аздыгы белгиленет.

1990-жылдарда болгон жаңжалдардан кийин Ботсвана өкмөтү 1994-жылы Коррупция маселеси жана экономикалык кылмыштар боюнча департамент түзгөн. Бул кызмат коррупцияга аралашкан чиновниктерди жазага тартып, иликтөөлөрдү жүргүзөт.

Алмаз иштетүүдөн түшкөн мамлекеттин кирешесин өкмөт өлкөнүн бардык аймактарына жана бардык тармактарга бирдей бөлүштүрөт.

Өлкө жарандардын эркиндиги менен дагы мактана алат. Басма сөз эркиндиги, жарандардын жеке менчик укугу жогору сакталган. Бул эркиндик күнүмдүк жашоодо даана байкалып турат.

Африкалык бул өлкө СПИД илдетинин кесепетин эртерээк түшүндү. Ошондуктан ВИЧти аныктоодо атайын мамлекеттик программа иштейт. Эгерде илдет жуктуруп алган жарандар аныкталса, бекер дарылайт.

Мамлекеттик коруктардын түзүлүшү менен өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 12 пайызы туризмге таандык болуп калды. Ботсванада Африка өлкөлөрүнүн ичинен браконьерликке каршы күрөш өтө күчтүү.

Чили: сапаттуу инфраструктура

Чили - Түштүк америкадагы саясый стабилдүүлүк сакталган, коррупциянын деңгээли төмөн жана башкаруусу ачык-айкын өлкөлөрдүн бири. Сүрөттүн автордук укугу Matthew Williams-Ellis/Getty Images
Image caption Чили - Түштүк америкадагы саясый стабилдүүлүк сакталган, коррупциянын деңгээли төмөн жана башкаруусу ачык-айкын өлкөлөрдүн бири.

Чили - Түштүк америкадагы саясый стабилдүүлүк сакталган, коррупциянын деңгээли төмөн жана башкаруусу ачык-айкын өлкөлөрдүн бири.

"Башка Түштүк америкалык өлкөлөрдө сиз пара сураган кырдаалга түшүп калышыңыз мүмкүн. Бирок Чилиде мындай болбойт",- дейт бул өлкөдө жашаган Питер Мерфи Льюис.

Льюистин айтымында, чет элдиктердин бул өлкөдө кыймылсыз мүлк сатып алуусу жана жеке бизнесин ачуусу жеңил болот.

"Албетте, бул жерде өзүнүн бюрократиясы бар, бирок анын деңгээли акылга сыйгыс эмес",-дейт дагы бир тургун Мэт Ньютон.

Медициналык камсыздандыруу өтө кымбат эмес жана натыйжалуу иштейт. Бирок негизгиси өлкө өзүнүн инфраструктурасы менен күчтүү.

"Сантьяго дагы, негизи эле Чилинин бүтүндөй инфраструктурасы абдан жогорку сапатта. Мунун өзү жашоону жеңилдетет",-деди Ньютон.

Сантьягодо дүйнөдүгү эң ири шаардык парктардын бири жайгашып, ал 722 гектарды ээлейт. Бул Метрополитано паркы. (AbA)

Макаланын түп нускаксын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуздар.