Вьетнам согушунун символу "Сайгондогу жазалоо": кадрдын артында...

18+

Фотокадры Сүрөттүн автордук укугу AP/Briscoe Center for American History
Image caption Өлүм жазасы аткарылар алдында тартылган Эдди Адамстын сүрөттөр сериясы.

Эскертүү: макаладагы сүрөттөрдү балдар көргөнгө болбойт. Сүрөттөр жана анын алдында жазылган сөздөр үрөй учурарлык болушу мүмкүн.

Фотожурналист Эдди Адамс Вьетнам согушундагы жүрөккө баткан кадрлары менен белгилүү. Согуш учурунда өкүм сүргөн башаламандыктардын ичинен Сайгондогу 1968-жылы коммунистик армиянын "жаңы жылдык чабуулу" учурундагы үрөй учурган көрүнүштөр тартылган. Бул кадрлар согуштун ырайымсыз суук жүзүн көрсөтүп турат.

Сүрөттөр авторго өмүр боюу коштоп жүргөн атак алып келди. Бирок өмүрү өткөнчө өз абийирин өзү соттоп, терең өкүнүч жандүйнөсүнө тынчтык берген эмес деп жазат Би-би-си баяндамачысы Жеймс Жеффри.

walking Lem down the street Сүрөттүн автордук укугу Briscoe Center for American History

Туткунду тапанча менен атып жаткан учур... октун соккусунун туткундун башы кыйшайып кеткени даана көрүнүп турат. Жанындагы жоокердин жүзүндө болуп жаткан окуяга нес болуу, үрөйү учкандык.

Кишинин өлүмү тартылган сүрөттү көрүп туруп, ошондогу жүрөк муздаткан, көңүл аздырган абалды сезе аласың.

Баллистика боюнча адистер "Сайгандогу жазалоо" деген ат менен белгилүү бул сүрөттө - дал октун мээге кирген учуру тартылган деп белгилешет.

Эдди Адам тарабынан 1968-жылдын 1-февралында тартылган сүрөт Вьетнам согушунун жүрүшүн өзгөрткөн кадрлардын бири эсептелет.

Бул сүрөт миң жолу басылып чыгып, бул согуштун мааниси жоктугун далилдеген мыкаачылыктын жана анархиянын символу болуп калды. Америкалыктар бул согушту жеңүүгө мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөн.

Момент выстрела Сүрөттүн автордук укугу AP/Briscoe Center for American History

"Бул сүрөттүн табиятында бирдеме бар. Көргөн кишиге терең таасир этип, аны жүрөгүндө өмүр боюу калат",-дейт Америкалык тарых борборунун коммуникация боюнча директору Бен Райт.

Бул борбор Техас университетинин бир бөлүгү эсептелип, архивинде Адамстын сүрөттөрү сакталган.

Албетте, сүрөттөр ошол учурдагы толук картинканы бере алмак эмес. 1-февралда Сайгондун көчөлөрүндө эмне болду эле? Мындан эки күн алдын Вьетнамдын Элдик армиясы жана Вьетконг "Тет" чабуулун баштаган. Тет - жаңы жылдык майрамдардын учуру. Бул мезгилде Түштүк Вьетнам коммунисттик түндүгүнөн аскердик соккуну күткөн эмес.

Өлкөнүн түштүгүндөгү ондогон шаарлар согуштун кучагында калды.

Сайгондун көчөлөрүндө оор жана айгышкан салгылашуулар болуп, башаламандык жана ызы-чуу өкүм сүргөн. Мына ушул учурда түштүк вьетнамдык жоокерлер вьетконгондук отряддын командири Нгуен Ван Леманы туткундап алышат. Ал кармалган жерде ондогон жайкын тургундар жер кучактап, өлүп жаткан.

Леманы көчө менен генералга алып келишкен. Фото кабарчы Адамс тукунду кантип алып баратышканын сүрөткө тартып баштаган. Генерал Лоан Леманды бир саамга карап туруп, ага тапанчасын сууруп чыгып кезейт.

"Мен аны жөн эле коркутуп-үркүтөт го деп ойлогомун. Камерамды алып, жөн эле тартып баштагамын",-деп эскерген кийин Адамс.

Леманын отряды жайкын тургундарды өлтүргөн деп эсептешкен. Генералдын өзү да аны кызматташынын аялын жана алты баласынын өлүмүнө күнөлүү деп ишенген. Генерал тапанчанын тээгин басты...

Через полсекунды после выстрела Сүрөттүн автордук укугу AP/Briscoe Center for American History

"Эгер сен маалкатып, өзүңдүн милдетиңди аткарбасаң, сенин артыңдан эч ким согушка кирбейт",-деп түшүндүргөн Лоан тукунду атып салган окуя боюнча.

Коммунисттердин "Тет чабуулунун" алгачкы 72 саатындагы генерал Лоан Сайгонду бербей кармап турууда негизги ролду ойногон.

Америкалык полковник Туллиус Акампор эки жыл боюу Лоандун аскер кеңешчиси болгон экен. Ал генерал Лоан аскер бөлүктөрүн бир муштум кылып топтоп, борборду крамап турганын эскерген. (Сайгон жети жылдан кийин гана кулаган).

Генарал тууралуу Эдди Адамстын биринчи эле таасири "муздак, жүрөгү таштай каткан" деген пикир болгон. Кийин аны менен бүт өлкөнү аралап жүрүп, өзүнүн пикирин өзгөрткөн.

"Ал өзүнүн доорунун жана азыркы Вьетнамдын жемиши",-деп айткан экен Адамс репортажында.

Кийин Адамс өзүнүн сүрөтү үчүн журналисткадагы Пулитцер жогорку сыйлыгын алган.

Бирок бул ийгилик, куттуктоолор, ал тургай президент Ричард Никсондун куттуктоосу дагы, бүтүндөй Америка боюнча окуучулардан келген каттар дагы Адамсты өзүн күнөлүү сезген оор сезимден, көңүл чөгөргөн санаадан арылта алган эмес.

"Бир адам экинчисин өлтүрүп жатканын тартып, көрсөткөнүм үчүн мен акча алдым. Эки тагдыр талкаланды, ал эми мага төлөштү. Баатыр - мен!",-деп айткан экен Адамс сыйлык тапшыруу салтанатында.

Адамс менен Лоан кийин деле баарлашып жүрүшкөн. Согуштан кийин генерал Вьетнамдан АКШга качып келген.

Эдди Адамс (солдо) Пулитцер сыйлыгын алып жаткан учур. Сүрөттүн автордук укугу Briscoe Center for American History
Image caption Эдди Адамс (солдо) Пулитцер сыйлыгын алып жаткан учур.

Нгуен Нгок Лоан АКШга келген учурда Миграциялык кызмат аны белгилүү сүрөттүн караманы болгону үчүн депортация кылууга аракет кылган. Миграция кызматы Эдди Адамс менен байланышып, генерал Лоанга каршы көрсөтмө берүүсүн өтүнгөн. Фотограф сотко келүүгө макул болгон, бирок генералга каршы эмес, анын пайдасы үчүн көрсөтмө берген.

Ал теле аркылуу сүйлөгөн сөзүндө, сүрөт кандай жагдайда тартылганын түшүндүргөн. Акыр соңу депортация чечимин жокко чыгарып, Лоанын АКШда калуусун уруксат берген. Лоан кийин Вашингтондун сыртына вьетнам улуттук тамактарын жана пицца, гамбургер жасаган ресторан ачкан.

Бир нече жылдан кийин Washington Post гезити генералдын жаңы жашоосу тууралуу жазып, картайып калган Лоанын жылмайып турган сүрөтүн жарыялаган.

Бирок өткөн күндөрдүн азабын тартпай койгон жок. Коомчулук аны сүрөттөгү "сайгондук башкесер" экенин билгенден кийин бизнеси артка кетип, Лоан пенсияга кетүүгө арагасыз болгон. Кийин Адамс акыркы жолу анын ресторанына барган учурда, даараткананын сыртына Лоанын атын мазактап жазып кетишкенин көргөнүн эскерген.

1968-жылы Адамстын сүрөтүн "Ассошиэйтед пресс" агенттигинин редактору Хал Бьюэлл кабыл алган. Бьюэлл 50 жыл өтсө дагы "Сайгондогу жазалоо" деген сүрөттүн таасирдүү болуп келе жатканын - согуштун оройлугун жана мыкаачылыгын көрсөтүп турганы үчүн деп түшүндүрөт.

Эдди Адамс кийин 500дон ашуун сыйлыктарды алып, карьералык чоң секириктерди жасаган. Дүйнөгө атагы таш жарган кишилердин сүрөттөрүн тарткан. Бирок вьетнамдык сүрөтүн ал ар дайым кабыргасы кайышып эскерген.

1998-жылы генерал Нгуен Нгок Лоан рактан көз жумганда, Адамс: "Ал сүрөттө эки кишинин өлүмү бар. Генерал жоокерди өлтүргөн; мен өзүмдүн фотоаппаратым менен генералды өлтүргөм" деп жазган.

Ушундан алты жылдан кийин фотограф дагы дүйнөдөн өткөн. (AbA)

.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар