Жалгыздык дүйнөнүн көйгөйүнө айланабы?

Жалгыздыкты азыркы доордун негизги көйгөйлөрүнүн бири атап, аны чыныгы эпидемия катары жайылып жаткандай көрсөткөн пикирлер бар.

Одинокий путник Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Чынында эле адамзатты ушундай мүшкүл тооруп келдиби?

Байыртан "Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда" деп айтылган эмеспи. Ар бир эле кишинин башына жалгыздык келет. Бирок эми акыр-соңу коом үчүн чоң маселеге айланышы мүмкүн экен. Айрым жерлердеги абал тынчсыздандырган чегине өсүп жетиптир. Айталы, Британияда эми жалгыздык менен алектенген атайын министрлик бар.

Жалгыздык - көп оору-сыркоону чакырган олуттуу маселе деген көптөгөн мифтер айтылат. Биз эң көп жайылган беш миф тууралуу сөз кылабыз.

1) Жалгыздык - коомдон обочолонуп калуу

"Оңой бекен жалгыз калуу, өз үйүңдө өзүңдөн" деген ыр саптары эске түшөт.Бул эми кээде өзүң менен өзүң калган абал.

Көйгөй жаратып жаткан жалгыздык - коомдон обочолонуп калуу, чөйрөң менен тил табыша албай, жакын кишилериң сени түшүнбөй, реалдуу турмушта сени менен мамиле түзгөн эч кимдин калбай калганы.

Улуу Британиянын тарыхында биринчи жолу жалгыздык маселеси боюнча министр дайындалып, ал Трейси Крауч болду. Сүрөттүн автордук укугу Stephen Pond/Getty Images for Sport England
Image caption Улуу Британиянын тарыхында биринчи жолу жалгыздык маселеси боюнча министр дайындалып, ал Трейси Крауч болду.

Сиз сан миңдеген кишилердин арасында жүрүп дагы өзүңүздү жалгыз жана керексиз сезишиң мүмкүн. Эгерде сиз коомго кошула албай, башкалар менен убакыт өткөргөнгө киши таппай калсаңыз , анда сиздин башыңызга жалгыздыктын келгени ошол.

Кээде жалгыз жүргөн учурда өзүңүздү бактылуу сезген учурлар болот. Бирок бул эми көбүрөөк эс алган учурларга мүнөздүү.

2) Дүйнөнү жалгыздык эпидемиясы каптайбы?

Соңку учурларда жалгыздык маселелсине өзгөчө көңүл бурула баштады.

Лондон университети 1948-жылдан баштап иликтөө өткөрүп келүүдө. Лондон университетинин өкүлү Кристина Виктор соңку 70 жылдан бери жалгыздыкка кабылган улгайган кишилердин саны туруктуу экенин айтууда . (6 пайыздан 13 пайызга чейинки кишилер ар дайым жалгыз экенин же көп убактысын жалгыздыкта өткөрө турганын айтышкан).

Бирок чыныгы абалды алып караганда, жалгыз калган кишилер саны өстү. Биздин планетанын калкы жыл санап өсүүдө. Демек, дүүйнөдө жалгыз калгандар канча көп болсо, ошончолук тынчсыздандыра турган көрүнүшкө айланат.

Жалгыздыкка кабылгандардын көбү улгайган кишилер. Сүрөттүн автордук укугу Christopher Furlong/Getty Images
Image caption Жалгыздыкка кабылгандардын көбү улгайган кишилер.

3) Жалгыздык жанга шерик эмес

Адамдар жалгыздыктан жабыркаган учурлары көп. Бирок мындай абал көп учурда убактылуу болуп, дайым эле оор санааны алып келе бербейт. Кээде убактылуу жалгыздык жаңы дос, жаңы чөйрө издөөгө же болбосо мурунку мамилелерди жакшыртуу зарыл деген белгини берет.

Невролог Джон Качиоппо муну чаңкоого салыштырат. Сиз суусаган мезгилде суу издеп баштайсыз. Жалгыз калаганда болсо кобурашып, сүйлөшө турган кишилерди издейсиз.

Миңдеген жылдар боюу адамдар коомдошуп, бири-бири менен алака түзүп, түшүнүшүп жашап келген. Андыктан тирүүлүктө жашоо үчүн күрөштүн өзү - бизге коом менен байланышта болууга түртөт.

Адатта жалгыздык - кишинин убактылуу абалы эмеспи. Чынында жалгыздык өнөкөт болуп калганда, анын кесепети өтө оор болот. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, киши өзүн жалгыз сезе баштаган болсо, бир жылдан кийин ал депрессиянын симптомдорун сезе баштайт.

4) Жалгыздык ден соолуктун бузулушуна алып келет

Бул төртүнчү миф бир аз татаал. Мында жалгыздык кишилердин саламаттыгына кескин таасир этет деп айтылат. Айталы, жүрөк жана кан-тамыр ооруларына кабылуу коркунучу көп болору, жогорку кан басым жана жашоо узактыгынын кыскарышы.

Мунун баары абдан олуттуу. Бирок бул изилдөөлөр толук эмес. Ошондуктан жалгыздык ушундай илдеттерге түздөн-түз себеп болот деп ишенимдүү айта да албайбыз.

Балким чын эле жалгыз калган кишилер ушундай илдетке кабылыш мүмкүндүр. Бирок ооруп калып, коомдон обочолонгондор дагы жок эмес.

т Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Адатта жалгыздык - кишинин убактылуу абалы эмеспи. Чынында жалгыздык өнөкөт болуп калганда, анын кесепети өтө оор.

Жалгыздык бул кишилерди сергек жашоодон алыстата турганын белгилей кетсек болот.

5) Жалгыздыктан жабыркагандар - улгайган кишилер

Жалгыздыкка кабылгандардын көбү көбү улгайган кишилер. Башка жаш курагына караганда улгайган мезгилде кишилер көбүрөөк жалгыздыктан жапа чегишет.

Бирок илимий изилдөөлөр жалгыздык башка жаш куракка деле мүнөздүү экенин аныктап чыкты. Манчестер университетинин окумуштуусу Памела Куолтер өз изилдөөсүндө өспүрүм курактагылардын дагы ушул абалга түшкөн учурлары бар экенин аныктаган.

Деген менен улгайган кишилердин 50-60 пайызы жалгыздык тууралуу көп даттанышкан. Биз жалгыздык жөнүндө көп биле бербейбиз. Би-би-си окумуштууларга жардам берүүнү чечип, онлайн-сурамжылоо өткөрүүдө.

Суроолор Манчестер, Эксетер, Брунеля университеттеринин окумуштуулары менен биргелешип иштелип чыккан. Сурамжылоо Жер шарынын булуң-бурчундагы жашоочулар үчүн ачык. Сурмажылоонун максаты ишеним, достук тууралуу көбүрөөк билүү жана жалгыздыкка дабаа болчу ыкмаларды издөө.

Иликтөө менен бул жерден англис тилинде таанышсаңыздар болот: www.thelonelinessexperiment.com

Бул макалада үстүртөн гана маалыматтар берилди. Дарыгердин кеңешин алмаштыра албайт. Макалада айтылгандарга карап, окурмандар диагноз коюп алса, ал үчүн Би-би-си жоооп бербейт. Эгерде ден соолугүңуз тууралуу кабатырлануу болсо дарыгерге кайрылыңыз.

Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар. (AbA)