Тарыхта калган космостун баатыры Лайка

Мындан 61 жыл мурун 3-ноябрда советтик спутник Жерден орбитага Лайка аттуу итти алып чыккан. Бирок Лайка артка кайтып келген эмес.

Лайка космоско учуу алдында тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу Фотохроника ТАСС
Image caption Лайка космоско учуу алдында тартылган сүрөт.

1948-1961-жылдары космоско жол ачуу үчүн 48 ит, 15 маймыл жана эки коен колдонулган. 27 жаныбар авариядан жана ар кандай кокустуктан өлгөн. Лайка болсо билип туруп өлүмгө түз жөнөтүлгөн жалгыз жаныбар эле.

Никита Хрущев космосту өздөштүрүүнү ачык эле Америка менен пропагандалык жарыш катары караган. Хрущев бир тараптан бул тармакка чоң акча бөлүп, экинчи тараптан бийликте турган 1964-жылга чейин окумуштууларга, конструкторлорго тынч иштөөгө мүмкүндүк берген эмес экен. Ар ай сайын эле "Дагы эмне менен таң калтырабыз?" деп эле башкалардын айласын алты кетирген.

Сенсациялуу биринчи спутникти учуруу 1957-жылы 4-октябрда болуп, ал эми 12-октябрда өкмөт башчы Сергей Королевдон (советтик окумуштуу, инженер-конструктор, советтик космонавтиканын негиздөөчүсү ) совет бийлигинин 40 жылдык мааракесине карата кандайдыр бир эффективдүү тыянак талап кылган.

Убакыт абдан тар эле. Акыры орбитага эки жашар Лайка деген итти учурууну туура көрүшөт. Идеянын автору белгисиз. Ушуга чейин мындай план болгон эмес. Иш жүзүндө эксперимент ийгиликсиз болуп калды.

Лайканы Жерге кайтаруу тууралуу сөз болгон эмес. План боюнча ал космосто бир апта жашашы керек эле. Алты сааттан кийин дем ала албай өлүп калган. Совет бийлиги муну жашырган.

Бирок орбитада жаныбар жашаганга болот экен дегенге далил болчу биринчи илимий тыянак катары саналат.

Лайка Сүрөттүн автордук укугу TASS
Image caption Хирургдар Лайканын дем алуусун, жүрөгүнүн согуусун текшерүү үчүн атайын датчиктерди коюшкан.

"Спутник-2" техникалык жактан кайра кайтып келгенге эсептелген эмес

Ракетанын ичиндеги көлөмү кир жугууч машинадай болгон капсулада Лайкага орун жасашкан.

Абанын химиялык регенерациясы үчүн атайын каражат орнотулган. Ал жети суткага эсептелген экен. Андан сыркары автоматтык түрдө берилүүчү азык болгон. Күнүнө эки жолу контейнердин капкагы ачыла тургандай жасалган.

Хирургдар Лайканын дем алуусун, жүрөгүнүн согуусун текшерүү үчүн атайын датчиктерди коюшкан. Бул аркылуу дене табын (температурасын) жана кан басымын дагы билип турууга болот эле.

Байкоңурда акыркы күндөрү Лайканы күндө бир нече саатка капсуланын ичине салып, көнүгүшсүн деп машыктырышкан.

Лайканы алып чыккан корабль Байкоңурдан таңкы саат алтыда учуп жөнөгөн. Телеметрикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Лайка учкан учурдагы биринчи оорчулукка жакшы эле чыдаган, кийин капсуланын ичи ысый баштаган, 40 градуска чейин көтөрүлүп кеткен. Болжолу алты сааттан кийин Лайканын жүрөгү токтогонун приборлор көрсөткөн.

2008-жылы 11-апрелде Московадагы Аскердик медицина институтунун жанындагы аллеяга Лайканын эстелиги орнотулган.

Иттер жана маймылдар

Космикалык доордун эсеби биринчи орбитага учуудан башталат эмеспи. Бирок ага чейин толгон-токой эксперименттер болот. Мындай эксперимент 1948-жылдары СССР менен АКШда геофизикалык (суборбиталдык) ракета менен башталган.

Мына ушундай сыноолор учурунда эки тараптан тең жаныбарларды колдонушкан. Советтик иликтөөчүлөр иттерди колдонгон (эки гана учурда коенду). Ал эми америкалыктар болсо шимпанзени колдонушкан.

СССР 1948-1961-жылдары 48 итти учурган. Алардын 20сы каза тапкан: Дезик, Лиса, Мишка, Чижик, Мишка-2, Рыжик, Лиса-2, Бульба, Рита, Рыжая, Джойна, Пальма, Пушок, Жульба, Кнопка, Лайка, Чайка, Лисичка, Пчелка жана Мушка.

Америкалыктар бул аралыкта космоско 15 маймыл жөнөтүп, алардын сегизи кайтпай калган: Альберт-1, Альберт-2, Альберт-3, Альберт-4, Альберт-5, Гордо, Голиаф жана Скэтбэк.

1948-1961-жылдары космоско жол ачуу үчүн 48 ит, 15 маймыл жана эки коен колдонулган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1948-1961-жылдары космоско жол ачуу үчүн 48 ит, 15 маймыл жана эки коен колдонулган.

Кызыктуу фактылар

1960-жылы 28-июлда Байкоңурдан "Восток" сериясындагы космостук кеме учуп чыккан. (Мына ушул эле үлгүдөгү космостук кеме менен бир жылдан кийин Юрий Гагарин учат). Космостук кеменин бортунда Лисичка жана Чайка деген иттер болгон. Лисичка Сергей Королевдун жакшы көргөн ити болгон экен. Учар алдында "Сенин кайра кайтып келишиңди тилейм" деп айтканы эскерилип жүрөт. Тилекке каршы, космостук кеме учуп чыккандан 38 секунддан кийин жарылып кетет.

1960-жылы 19-августта Белка жана Стрелка деген иттер Жерди айланып учкан ("Восток" космостук кемесинде) биринчи тирүү жандык болуп калды. Көп убакыт өтпөй эле Стрелка алты күчүк тууп, анын бирөөсүн Хрущев АКШ президентти Жон Кеннедиге белекке берген. Белка менен Стрелканын кебин космонавтика боюнча музейге катырып коюшкан.

Америкалыктардын ийгиликтүү учуусу 1961-жылы 29-ноябрда шимпанзе Энос тарабынан ишке ашкан. (AbA)

Артем Кречетниковдун макаласын айрым кыскартуулар менен сунуштадык.

Тектеш темалар