Кыргызстанда жасалган "Кунан" авто унаасы

Кыргызстанда жасалган "Кунан" авто унаасы

Кыргызстанда "Кунан" деген марка менен экинчи авто унаасы жасалды. Медер Койлубаев башында турган топ буга чейин дүйнөгө белгилүү "Ламборжини" унаасынын үлгүсүн жасап, кийин "Тулпар" аттуу унаа чыгарган.

Эми экинчи ирет жасалып жаткан авто унаасына 4 жыл убакыт коротушкан.

"Кунан" авто унаасынын кыймылдаткычынын кубаттуулугу 520 аттын күчүнө барабар. Бул долбоордун авторлорунун бири Медер Койлубаев Би-Би-Си менен маегинде авто унаа жасоо түйшүгү тууралуу айтып берди.

Эмне үчүн аталышы "Кунан"?

Кыргызда 3 жашар жылкыны кунан деп коёт. Биз жасаган унаа дагы мүнөзү, көрүнүшү, түзүлүшү жагынан кунанга окшош. Кээде тынч болот, кээде куунак болот. Ошондуктан кунан деп атадык. Бул авто унааны жасап, даярдап чыгарууга 4 жылдай убакыт кетти. Буюрса жайдын ортосу же күздүн башталышында бет ачарын өткөрөбүз.

Буга чейин кыймылдаткычынын кубаттуулугу 380 аттын күчүнө барабар Тулпар унаасын чыгарган элек, Кунандын мотору 500 аттын күчүнөн ашык, себеби, колдонгон кыймылдаткычыбыз күчтүүрөөк болду. Анын үстүнөн дагы кошумча эки твинтурбо коюлду. Унааны баштан аяк даярдап чыгурууга 5 адам катышты.

Авто унааны жасоо түйшүгү

Айрымдар бизди эски унаалардын тетиктерин чогултуп, аралаштырып отуруп жаңы унаа жасады деп ойлошу мүмкүн. Эгер андай болсо биз бул машинени үч айда эле бүтүрмөк элек. Биз түбүнөн баштап эле өзүбүздүн ойго келген дизайнды колдонуп, кыргызча жасадык десек болот. Мисалы, унаанын чиймелери, макети толугу менен бизге таандык. Андай дүйнө жүзүндө жок. Бирок жалпы дүйнөлүк стандартка албетте баш ийдик. Атап айтканда, унаанын узундугу, айродинамика, дөңгөлөктөрдүн жайгашканы, бийиктиги сыяктуу эрежелерге таяндык.

Авто унаа жасоо долбоорлору

"Тулпар" үлгү катары жасалган долбоорлордун бири болчу. Андыктан биз аны сатуу же коммерциялык тармакка чыгаруу ниетибиз жок болчу. Ошондуктан ал жалгыз эле долбоор болуп калды. Ал эми "Кунандын" тагдыры азырынча белгисиз. Алгач ойдогудай чыгарып алсак, андан соң бир келишимге келебиз.

Дүйнө жүзүндө көпчүлүк жарандар Кыргызстанды билишпейт. Биринчи, өлкөнү таанытуу үчүн долбоор баштадык. Тулпарды кыргызстандыктар үчүн чыгарганбыз, бирок уланып отуруп башка өлкөлөргө таанылып кетти. Ал эми "Кунан" эл аралык деңгээлге чыгаралчу унаа, биздин аракет дагы ошого жараша болду.

Буюрса 2019-жылы дүйнөлүк унаа көргөзмөсүнө "Кунанды" алып баралы деп жатабыз. Балким ал жактан кызыккандар болуп, жаңы сунуштар түшөт. Бирок аны убакыт көрсөтөт. Биздин негизги максат, Кыргызстандык интеллектуалдык күчүн көрсөтүү. (SA)

Image caption Медер Койлубаев.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар