Кыргызстанда калктуу конуштарга көчкү коркунуч туудурган миңден ашык зона бар
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстанда 4532 көчкү жүрө турган зонанын 1109 эл жашаган конуштарга коркунуч туудурат.

Image caption Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча жер көчкү коркунуч күтүлгөн аймактарда төрт миңге чукул үй-бүлө жашап жатат.

Кыргызстанда 4532 көчкү жүрө турган зоналар бар, алардын ичинен 1109 эл жашаган конуштарга коркунуч туудурат. Алардын баарынан адамдарды көчүрүп кетүүдөн башка арга жок. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Өзгөчө кырдаалдар мининстрлигинин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башчысы Анаркул Айталиев.