Кыргызстанда Жеңиш күнү майрамдалууда
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстанда Жеңиш күнү майрамдалууда

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүн майрамдоо иш-чаралары баш калаа Бишкекте жана бардык региондордо өтүп жатат. Бишкекте майрамдык башкы салтанат Жеңиш аянтында болду.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик жетекчилер Бишкекте Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк отко" гүл коюшту. Ошондой эле Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү.