"Азыркы мектеп бүтүрүүчүлөрү өз алдынча"
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Азыркы мектеп бүтүрүүчүлөрү өз алдынча"

Быйыл Кыргызстанда 2200дөн ашык мектептен 62 миң бүтүрүүчү 11-классты аяктап жатат.

Бишкектеги 48-мектеп-гимназиясында бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Мила Бойко азыркы бүтүрүүчүлөр менен мурункулардын айырмасы бар экенин айтты. Анын белгилешинче, айрыкча шаар жеринде бүтүрүүчүлөр өз алдынча, көп маалыматка ээ жана мектепти бүтүү учурунда максатын билген чоң эле кишилер болуп калат:

“11-класста окуп, бүтүрүп жаткан балдар кайда барар максатын так билет, кесибин тандашат, чет өлкөгө тапшырат. Жаштар жылдан жылга өзүнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алууну үйрөнүүдө. Мурда балдар баладай эле. Азыр өз алдынча, өздөрү чечим кабыл алышат”.

Ал эми 9-классты бүтүрүп жаткандар 92миң.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, кечелерди эс алуучу, көңүл ачуучу жайларда майрамдоого тыюу салынды.

Милиция кызматкерлери коопсуздукту өзгөчө тартипте көзөмөлгө алууда.