Кыргызстанда Балдарды коргоо күнү белгиленүүдө
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстанда Балдарды коргоо күнү белгиленүүдө

Кыргызстандын бардык аймактарында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык оюн-зоок, концерттик программалар өткөрүлүп жатат.

Өлкө жетекчилери Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Алар ата-энелерди балдарга жакын болуп, анын талант, шыгын ойготуп татыктуу тарбия берүүгө чакырууда.

Балдар укугуна байланышкан көйгөйлөр, айталы балдарга миграциянын тескери таасири, кароосуз калган, мектепте билим алуу укугунан ажыраган, оор жумуштарга тартылган балдар тууралуу маселе өлкөдө такай көтөрүлүп келүүдө.