Кыргызстан: жашыл технологияны колдонуу аракеттери
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстан: жашыл технологияны колдонуу аракеттери

Дүйнөлүк климаттын улам өзгөрүп жатканын эске алып, көптөгөн өлкөлөр айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбеген технологияларды колдонууга өткөн.

Алыс барбай, Кыргызстандын коңшусу Өзбекстан жакынкы жылдары күндүн кубатын колдонуп өнүгүү боюнча 5 млрд.дан ашык долларга бааланган 800дөн ашык долбоорду ишке ашырганы турат. Казакстанда дагы бул иш жолго коюлууда. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн бул багытта кандай программалары бар?